Чын Куран 2016

Жогорку Сотто Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун жаңы шайланган судьяларынын ант берүү аземи болуп өттү

29.04.2016.

СҮРӨТРЕПОРТАЖ

Бүгүн, 2016-жылдын 29-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунда Бишкек жана Ош шаардык, Чүй облустук, Жалал-Абад облусунун Чаткал жана Ноокен райондук сотторунун жаңы шайланган судьяларынын ант берүү аземи болуп өттү.

 

Толугураак

Бишкек жана Ош шаардык, Чүй облустук, Жалал-Абад облусунун Чаткал жана Ноокен райондук жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жана жиберүү жөнүндө КР Президентинин Жарлыктарына кол коюлду

28.04.2016.

Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге Бишкек шаардык сотунун (12 адам), Чүй облустук сотунун (3 адам), Жалал-Абад облусунун Токтогул (1 адам), Чаткал (1 адам) жана Ноокен (1 адам) райондук сотторунун, Ош облусунун Ош шаардык сотунун (1 адам) судьялык кызматтарына дайындоо үчүн 19 талапкер боюнча сунуштар киргизилген.

Толугураак

Бишкекте судьялар үчүн тренингдер өтүүдө

27.04.2016.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьялардын Окуу борбору Кыргыз Республикасынын Коррупцияга каршы ишкер кеңеши менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 2-февралындагы №26 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы туруунун Мамлекеттик стратегиясын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 12-ноябрындагы  №215 «Бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө» буйругун ишке ашыруу максатында жана Кыргыз Республикасынын сот тутумунун коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча планын аткаруу максатында 2016-жылдын 26-27чи жана 28-29-апрелинде тренинг өткөрүүдө.

Тренингдин ишине Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын жана жергиликтүү соттордун судьялары катышууда.

Тренинг судьялардын Окуу борборунда өтүүдө.

Судьялардын Окуу борбору эки күндүк семинар өткөрүүдө

26.04.2016.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьялардын Окуу борбору Германиялык эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) «Борбордук Азия өлкөлөрүнө укуктук мамлекеттүүлүккө көмөк көрсөтүү» Программасы, «Кыргыз Республикасында укуктун үстөмдүгүн бекемдөөгө колдоо көрсөтүү» Европа Биримдигинин долбоору менен биргеликте 2016-жылдын 25-26-апрелинде «Административдик ишмердиктин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө» аталыштагы семинар өткөрүүдө.

Толугураак

Кыргыз Республикасынын I инстанциядагы жергиликтүү сотторунун биринчи жолу дайындалган судьяларынын (судьялык стажы жок) квалификациясын жогорулатуу Комплекстик окуу программасы боюнча окутуу

25.04.2016.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 8-августундагы №147 «Кыргыз Республикасынын сот адилеттигин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгынын жана «2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот системасын өнүктүрүү» Мамлекеттик максаттуу программасынын иштерин жүзөгө ашыруу максатында, 2016-жылдын окуу Планына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьялардын Окуу борбору IDLOнун Кыргызстандагы сот тутумун бекемдөө боюнча Программасынын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун биринчи жолу дайындалган (судьялык стажы жок) биринчи инстанциядагы жергиликтүү соттордун судьяларынын квалификациясын жогорулатуу Комплекстик окуу программасы боюнча 3-топту окута баштады.

Окутуу 2016-жылдын 25-апрелинен баштап 25-майына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьялардын Окуу борборунда өткөрүлөт.

Ош шаарында «Дин тутуу эркиндиги жана сот адилеттигин иш жүзүнө ашыруу» деген аталыштагы эки күндүк тренинг өтүүдө

21.04.2016.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьялардын Окуу борбору «Жалпы кызыкчылыкты издөө» эл аралык өкмөттүк эмес корпорациясынын Өкүлчүлүгү менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 203 Жарлыгы менен бекитилген, 2015-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу максатында, 2016-жылдын 21-22-апрелинде Ош шаарында «Дин тутуу эркиндиги жана сот адилеттигин иш жүзүнө ашыруу» деген аталыштагы тренинг өткөрүүдө.

Тренингдин ишине Кыргыз Республикасынын 20 судьясы катышууда.

Судьялардын Окуу борборунда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары үчүн тренинг өтүүдө

19.04.2016.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьялардын Окуу борбору «Жалпы кызыкчылыкты издөө» эл аралык өкмөттүк эмес корпорациясынын Өкүлчүлүгү менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 203 Жарлыгы менен бекитилген 2015-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу максатында 2016-жылдын 18-19-апрелинде Бишкек шаарында «Дин тутуу эркиндиги жана сот адилеттигин иш жүзүнө ашыруу» аталыштагы тренинг өткөрүүдө. Тренингдин ишине Кыргыз Республикасынын 20 судьясы катышууда.

Кыргыз Республикасынын I инстанциядагы жергиликтүү сотторунун биринчи жолу дайындалган судьяларынын (судьялык стажы жок) квалификациясын жогорулатуу Комплекстик окуу программасы боюнча окутуу

19.04.2016.

2016-жылдын 18-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьялардын Окуу борборунда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун биринчи жолу дайындалган (судьялык стажы жок) биринчи инстанциядагы соттордун судьяларынын квалификациясын жогорулатуу Комплекстик окуу программасы боюнча II топ үчүн курсу аяктады.

Окуу программасы материалдык жана процесстик укукту терең билүү, судьянын көндүмдөрү жана этика-деонтологиялык блокторунан түзүлгөн. Окуу программасынын узактыгы күнүнө 8 академиялык сааттан 20 окуу күнүн түздү.

Окуунун аягында модулдук тестирлөө өткөрүлүп, сертификат тапшырылды. 2016-жылдын 25-апрелинде Комплекстик окуу боюнча III топтун окуусу башталат.

Окуу борборунун жаңы административдик имараттынын ачылышы

19.04.2016.

2016-жылдын 15-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьялардын Окуу борборунун жаңы административдик имараттынын расмий ачылышы өткөрүлдү.

 

 

Толугураак

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00