Бугу 2016 | Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту

Бугу 2016

Жогорку Соттун Төрайымы Өкмөт үйүнүн мурдагы имаратынын оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты

31.05.2016.

СҮРӨТРЕПОРТАЖ

Бүгүн, 2016-жылдын 31-майында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева Өкмөт үйүнүн мурдагы имаратында болуп, ал жактагы  оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты (Абдымомунов көчөсү, 205 дарегинде жайгашкан). Бул имарат Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна берилген.

 

 

Турдахунов Руслантан үч жылга эркиндигинен ажыратылган

31.05.2016.

Турдахунов Руслантан Курбанович 1981-жылы Ысык-Көл районунда, Чолпон-Ата шаарында туулган. Орто билимдүү, үй-бүлөлүү, эч жерде иштебеген, мурда соттолгон.

 

 

Толугураак

Биринчи инстанциядагы соттун өкүмү өзгөртүлдү

31.05.2016.

Эмилов Нурлан Тынымсеитович 1978-жылы Нарын облусунун Кочкор айылында туулган, билими жогорку, үй-бүлөлүү, 2 баласы бар, мурда сот жообуна тартылган эмес. Ат-Башы РИИБнын ага тергөөчүсү, Кочкор айылынын тургуну     

 

Толугураак

Кыргыз Республикасынын I инстанциядагы жергиликтүү сотторунун биринчи жолу дайындалган судьяларынын (судьялык стажы жок) квалификациясын жогорулатуу Комплекстик окуу программасы боюнча окутуу

30.05.2016.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 08.08.2012-жылдын №147 «Кыргыз Республикасынын сот адилеттигин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгынын жана «2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот системасын өнүктүрүү» Мамлекеттик максаттуу программанын иштерин жүзөгө ашыруу максатында, 2016-жылдын окуу Планына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьялардын Окуу борбору IDLOнун Кыргызстандагы сот тутумун бекемдөө боюнча Программанын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын биринчи жолу дайындалган (судьялык стажы жок) биринчи инстанциядагы жергиликтүү соттордун судьяларынын квалификациясын жогорулатуу Комплекстик окуу программасын боюнча 4-тобун окутуп баштады. Окууту 2016-жылдын 30-майында башталып 24-июнга чейин Жогорку Сотко караштуу судьялардын Окуу борборунда өткөрүлөт.

Жогорку Соттун Төрайымы А. Токбаева кызматтык иш сапары менен Чаткал райондук сотунда болду

30.05.2016.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева 2016-жылдын 26-майында Жалал-Абад областынын Чаткал райондук сотунун ишмердүүлүгү менен жеринде таанышып келди.

 

 

Толугураак

Жабырлануучулар кечирим беришти

26.05.2016.

Алымбек 1991-жылы Жумгал районундагы Чаек айылында туулган. Билими атайын орто, иштебейт. Чаек айылынын тургуну. Мурда сот жообуна тартылган эмес.

 

 

   Толугураак

Мал уурдагандыгы үчүн жазаланышты

26.05.2016.

Исраилов Алмазбек Бектенович 1978-жылы Жумгал районунун Жаңы-Арык айылында туулган. Үй-бүлөлүү, иштебейт. Мурда сот жообуна тартылган эмес. Кыргыз Республикасынын Кылмыш Жаза Кодексинин 165-беренеси (мал уурдоо) менен айыпталган.    

Толугураак

Жалал-Абад областтык сотунун жаңы имаратынын ачылышы

25.05.2016.

СҮРӨТРЕПОРТАЖ

Сот тутумундагы жүрүп жаткан реформа алкагында бүгүн, 2016-жылдын 25-майында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрайымы Токбаева Айнаш Абдымановна жана Жалал-Абад областтык сотунун Төрагасы Камбаров Шаршенбек Кашкарлыкович Жалал-Абад областтык сотунун жаңы имаратынын салтанаттуу ачылышын өткөрүштү. Көптөн бери күтүлгөн салтанаттуу иш чара, Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө 1991-жылы ээ болгондон кийин Жалал-Абад областтык сотунун уюшулгандыгынын 25 жылдык мааракесине дал келди.

Толугураак

Кыргыз Республикасынын I инстанциядагы жергиликтүү сотторунун биринчи жолу дайындалган судьяларынын (судьялык стажы жок) квалификациясын жогорулатуу Комплекстик окуу программасы боюнча окутуу

25.05.2016.

Бүгүн, 2016-жылдын 25-майында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьялардын Окуу борборунда Кыргыз Республикасынын I инстанциядагы жергиликтүү сотторунун биринчи жолу дайындалган (судьялык стажы жок) судьяларынын квалификациясын жогорулатуу Комплекстик окуу программасы боюнча III топ үчүн курсу аяктады. Окуу программасы материалдык жана процесстик укукту терең билүү, судьянын көндүмдөрү жана этика-деонтологиялык блокторунан түзүлгөн. Окуу программасынын узактыгы күнүнө 8 академиялык сааттан 20 окуу күнүн түздү.

Окуунун аягында модулдук тестирлөө өткөрүлүп, тастыктама тапшырылды.

2016-жылдын 30-майында Комплекстик окуу боюнча IV топтун окуусу башталат.

Эркиндик алты жыл он айлык абакка алмашылды

25.05.2016.

Майрыков Азис Сатарович 1983-жылы Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылында туулган. Билими орто, бойдок, эч жерде иштебейт. Сокулук районунун тургуну. Мурда бир нече жолу сот жообуна тартылган.

  

Толугураак

Ош облусунда Чоң-Алай райондук сотунун жаңы имаратынын ачылышы болуп өттү

25.05.2016.

СҮРӨТРЕПОРТАЖ

2016-жылдын 24-майында сот тутумундагы жүрүп жаткан реформа алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрайымы Айнаш Токбаеванын катышуусу менен Ош облусунун Чоң-Алай райондук сотунун жаңы имаратынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

 

Толугураак

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00