Теке 2016

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун экс-прокурор К. Мамакеев, У. Жумабеков жана М. Дононбаевге карата чыгарган өкүмү

29.06.2016.

2016-жылдын 23-июнунда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту ачык соттук отурумда экс-прокурор К. Мамакеевге, У. Жумабековго жана М. Дононбаевге карата жазык ишин карады.

 

Толугураак

Кылычбек Арпачиевге карата Биринчи май райондук сотунун чыгарган өкүмү

28.06.2016.

Бүгүн, 2016-жылдын 28-июнунда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту ачык соттук отурумунда Кылычбек Арпачиевге карата жазык ишин карады.

 

 

Толугураак

Аткезчилик менен алектенүү максатында башка өлкөгө туннел казган деген жагдайда бөгөт коюу чарасы каралды

28.06.2016.

1990-жылы Баткен облусунун Кадамжай районунда туулган, бойдок, эч жерде иштебейт, мурда сот жообуна тартылган эмес М.З. аттуу жарандын үйүнөн кошуна Өзбек республикасынын аймагына жашыруун түрдө жер астынан жол казган деген жагдайда айыпталган материал боюнча Баткен райондук соту тарабынан бөгөт коюу чарасы катары камакка алынган.

Толугураак

2016-жылдын 27-июнунда Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук жергиликтүү сотунун судьяларын тандоо сынагынын биринчи айлампасы болуп өттү

28.06.2016.

Ысык-Көл райондук жергиликтүү сотунун судьясын тандоо сынагына катышууга жалпысынан 34 талапкер документ тапшырышкан, алардын ичинен 4 талапкер Кыргыз Республикасынын Судьяларды  тандоо кеңешинин чечими менен сынакка катышуудан четтетилди. Мындан сырткары Кыргыз Республикасынын Судьяларды  тандоо кеңешинин төрагасы Ш.Майчиев талапкерлер Асанова Ч.А., Тумаевой Г.Ж., Курумщиева Р.Д.  жана Максатбек кызы Н. өз талапкерлигин  чакыртып алуу арыздарын окуп берди. Ал эми,  Акматбекова К. жана  Измайлова Р.Х. сынакка катышууга келишкен эмес.

27-июнундагы сынакка 13 талапкер катышып, калган 11 талапкер үчүн сынак, 28-июнда саат 9.00дө улантылууда.

ТАБЛИЦА

Сот департаментинин борбордук аппаратынын мамлекеттик жарандык кызматкерлери ант беришти

28.06.2016.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин имаратында Сот департаментинин борбордук аппаратынын жаңы дайындалган мамлекеттик жарандык кызматкерлеринин ант берүү салтанаты болуп өттү. Аталган иш чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин директору Рустам Ибраимов, статс-катчысы  Сталбек  Калмаков жана департаменттин жамааты катышты.

 

Толугураак

“Административдик жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамга кол коюлду

28.06.2016.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  “Административдик жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

 

Толугураак

7-апрель окуялары боюнча сот процесси 20-июлга жылдырылды

27.06.2016.

Бүгүнкү сот процесси К.Бакиевдин, Ж.Бакиевдин, М.Суталиновдун жана Д.Усеновдун адвокаттарынын жоктугуна байланыштуу 20-июлга саат 11.00го жылдырылды. Себеби, КР ЖПКнын 46-беренесине ылайык өзгөчө оор кылмыштар менен айыпталгандарга карата сот отуруму сөзсүз адвокаттын катышуусунда каралышы көрсөтүлгөн.

КР Аскер Сотунун ӨКҮМҮ

(расмий тилде)

Ленин райондук соту Асатулло Мирабдуллаевге карата кылмыш ишин кароодо

27.06.2016.

Жогорку Соттун басма сөз кызматы Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун Асатулло Мирабдуллаевге карата кылмыш иши тууралуу берген маалыматы боюнча төмөнкүнү билдирет.

 

Толугураак

Жогорку Соттун Төрайымы юристтерди кесиптик майрамы менен куттуктады

24.06.2016.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева Кыргыз Республикасынын юристтер күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Ардак грамотасы менен төмөнкүлөрдү сыйлады:

 

Толугураак

I инстанциядагы жергиликтүү соттордун биринчи жолу дайындалган судьяларын окутуу аяктады

24.06.2016.

Бүгүн, 2016-жылдын 24-июнунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьялардын Окуу борборунда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун биринчи инстанциядагы биринчи жолу дайындалган (судьялык стажы жок) судьяларынын квалификациясын жогорулатуу Комплекстик окуу программасы боюнча 4-топ үчүн курсу аяктады. Окуу программасы материалдык жана процесстик укукту терең билүү, судьянын көндүмдөрү жана этика-деонтологиялык блокторунан түзүлгөн. Окуу программасынын узактыгы күнүнө 8 академиялык сааттан 20 окуу күнүн түздү.

Окуунун аягында модулдук тестирлөө өткөрүлүп, тастыктамалар тапшырылды.

Хулиганчылык үчүн жазаланды

24.06.2016.

К. Талас 2016-жылы 31-мартта саат 21:00 чамасында Талас районунун тургуну. 1980-жылы туулган К.Б.га масабалында жолугуп, жүйөөлүү себептерсиз өз ара чатакташып уруша кетип, курал катары колундагы көтөрүп жүргөн жыгач саптуу  “шибеге” менен К.Б.ны алты-жети жолу ар кайсы денесине сайып жиберип, зомбулук көрсөтүп, К.Б.га саламаттыгынын кыска мөөнөткө бузулушуна алып келген женил залал келтирилген.

Толугураак

Шартуу соттоо колдонулуп, бир жылга сынак мөөнөтү чектелди

23.06.2016.

Жээнчороев Жылдызбек Садыгалиевич 1976-жылы Ак-Талаа районунун Куртка айылында  туулган. Билими орто, бойдок, убактылуу бош. Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап   айылында жашайт. Ак-Талаа райондук сотунун 2010-жылдын 27-декабрындагы өкүмү менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин 164-беренеси (Уурдоо)  боюнча  сот жообуна тартылып. Эки жылга сыноо мөөнөтү белгиленген.   

Толугураак

Сирияда болуп, үйүнөн мыйзамсыз курал табылган деген жагдайда бөгөт коюу чарасы кабыл алынды

22.06.2016.

1985-жылы Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарында туулган, эч жерде иштебейт, үй бүлөлүү, мурда соттолгон  М.К. аттуу жарандын үйүн тинтүү учурунда диний багыттагы ДВД дисктер, флеш карта жана АКС маркасындагы курал табылды деген жагдайда айыпталган жарандын бөгөт коюу чарасы камак түрүндө тандалды.

Толугураак

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00