Теке 2016

Саламаттыкка атайылап оор залал келтиргендиги үчүн жазасын алды

22.06.2016.

Абакиров У.А. 1983-жылы Өзгөн районунда туулган, үй-бүлөөлүү, орто билимдүү, убактылуу эч жерде иштебейт, мурда соттолгон эмес, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 104-ст. 2-б. 5-п. менен айыпталган (Саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү).

 

Толугураак

А. Аскаров боюнча жазык иши Жогорку Сотто каралат

22.06.2016.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жаңы ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра кароо тууралуу соттолгон Азимжан Аскаровдун жана анын адвокатынын арызынын негизинде 11-июлда саат 9.30да А. Аскаровго карата жазык ишти карайт.

Соттолгондон пара алып, өзү соттолду

22.06.2016.

Усукеев Азизбек Шергазиевич Базар-Коргон району боюнча жаза аткаруу инспекциясында ага тескөөчү кызматына дайындалып, атайлап кызматтык кылмыш жасоо жолуна тушкон.

 

Толугураак

Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чарасы колдонулду

22.06.2016.

М. Эмилбек 1972-жылы Нарын шаарында туулган билими орто, үй-бүлөлүк абалы бойдок, убактылуу иштебейт. Нарын шаарынын тургуну. Мурда эки жолу сот жообуна тартылган.      

 

 

Толугураак

Журналисттерди аккредитациялоо

22.06.2016.

Урматтуу журналисттер!

2016-жылдын 27-июнунда саат 10:00до Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунда 2010-жылдын 7-апрель окуялары боюнча сот процесси башталат. Жогорку Сотто өтүүчү бул сот процессине катышуу жана чагылдыруу үчүн Сиздерди аккредитациядан өтүүӊүздөрдү суранабыз.

Толугураак

Жогорку Сотто 7-апрель окуялары боюнча ишти кароо белгиленди

22.06.2016.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунда 2016-жылдын 27-июнунда саат 10:00до 2010-жылдын 7-апрель окуялары боюнча сот отуруму болот. 

Судьяларды тандоо боюнча кеңеши Жогорку Соттун 5 бош кызмат ордуна сынактык тандоо жарыялайт

22.06.2016.

Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 5 бош кызмат ордуна сынактык тандоо жарыялайт.

 

 

Толугураак

Сот системасын өнүктүрүү боюнча Долбоорду турмушка ашырууга грант берүү тууралуу Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө Мыйзамга кол коюлду

21.06.2016.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2016-жылдын 3-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Сот системасын өнүктүрүү боюнча Долбоорду турмушка ашыруу максатында грант берүү тууралуу Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

 

Толугураак

Жергиликтүү соттордун жаңы шайланган 10 судьясы Жогорку Сотто ант беришти

20.06.2016.

СҮРӨТРЕПОРТАЖ

Бүгүн, 2016-жылдын 20-июнунда, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облустук сотторунун, ошондой эле Бишкек шаардык сотунун жаңы шайланган судьялары Кыргыз Республикасынын Жогорку Соттун судьяларынын катышуусунда ант беришти.

 

Толугураак

Жогорку Соттун Төрайымы Биринчи май райондук сотунда болду

18.06.2016.

Бүгүн, 18-июнда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда болду.
 
 
 
 

Судьялар кеңешинде жаңы Төрага

17.06.2016.

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин жаңы Төрагасы болуп Джунушпаев Кыдык Карыбаевич шайланган.


ТАРЖЫМАЛ

(расмий тилде)

Жергиликтүү соттордун судьяларын дайындоо жана Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облустук сотторуна жана Бишкек шаардык сотуна судьяларды жиберүү жөнүндө КР Президентинин Жарлыгына кол коюлду

17.06.2016.

Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге Ош облустук сотунун (5 адам), Жалал-Абад облустук сотунун (2 адам), Ысык-Көл облустук сотунун (2 адам), Нарын облустук сотунун (3 адам) жана Чүй облустук сотунун (1 адам), ошондой эле Бишкек шаардык сотунун (1адам)  судьялык кызматтарына дайындоо үчүн 14 талапкер боюнча сунуштар киргизилген.

 

Толугураак

Өнөкөт кылмыштары өзгөчө коркунучтуу деп табылган

16.06.2016.

Молдисаев  Руслан  2015-жылдын  18-апрель күнү саат 12:00 чамасында  жабырлануучу  Л.Пнын убактылуу жашап жургөн  жатаканасынын ичинен столдун үстүндө  турган   базар баасы менен 1500 сом болгон  “Нокиа-2700”  үлгүсүндөгү телефонду жана аталган  бөлмөдө  кийим  илгичте илинип турган  курткасынын төш чөнтөгүнөн  2000  сом акчасын  жашыруун түрдө уурдап кеткен. Натыйжада  жабырлануучу  Л.П.га олуттуу  өлчөмдөгү  3500 сомдук мүлктүк зыян келтирилген, келтирилген  зыяндын 1500 сому өндүрүлүп, калган 2000 сому  өндүрүлүүгө жатат.

Толугураак

Баткен райондук сотунда жакшы шарттар түзүлүүдө

16.06.2016.

СҮРӨТРЕПОРТАЖ

Эскилиги жеткен Баткен райондук соту жаңы имараттуу болуп, азыркы күндө жакшы шарттар түзүлгөн. Адам тагдырын чечкен Баткен райондук сотунда бүгүнкү күндө кичи зал, жашы жете элек балдар бөлмөсү, чоң залы дагы талапка ылайык бүткөрүлгөн. Эскилиги жеткен эски имарат 1958-жылы курулган, буга чейин жөн гана оңдоп түзөөлөрдөн өткөрүп келишкен. Канчалык ремонт болбосун баары бир жаңы имарат куруу муктаждыгы бышып жетилген болчу. Бул имараттын курулушуна мамлекет тарабынан 5 млн. сомдон ашуун акча каражаты жумшалган.

                                                            Баткен облустук сотунун басма сөз кызматы

Кылмышкер 20 жылга эркиндигинен ажыратылды

16.06.2016.

И. Мурат 1982-жылы Ысык-Көл облусунда туулган, Кыргыз Республикасынын атуулу, ажырашкан, мурда сот жообуна тартылган эмес, Бишкек шаарында куруучу болуп иштеген.

 

 

Толугураак

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00