Кулжа 2016 | Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту

Кулжа 2016

Баңгизат менен кармалган

29.07.2016.

Караосмонов Хасан 2016-жылдын 21-февралында болжолу саат 17:00дө өзүнүн үйүндө жүргөн учурда баңги затын сатып алуу үчүн А.Д. аттуу жарандан 4000 сом алып, ал акчаны Ж.у.А.га алып барып 28,5 грамм «Гашиш» баңги затын алган, жарымын К.Х. аттуу жаранга берип, калганын өзүнө калтырган.

 

Толугураак

Беш миң сом айып төлөдү

29.07.2016.

К.уулу Жылдызбек 1986-жылы Ак-Талаа районунда туулган, үй-бүлөлүү эки баласы бар. Убактылуу иштебейт. Кыргыз Республикасынын Кылмыш Жаза Кодексинин 279-беренеси (Өзгөчө баалуу дарактын түрлөрүн мыйзамсыз кыюу) менен айыпталган.

 

   Толугураак

Жогорку соттун У. Аманбаевага карата чыгарган токтому

29.07.2016.

Жогорку соттун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү соттук коллегиясы Урмат Абдилашимовна Аманабаевага карата 2016-жылдын 19-июлунда токтом кабыл алды. Анда Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 374-379, 383-беренесинин 1-б. 3-п. жетекчиликке алып, Жогорку соттун соттук коллегиясы Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2015-жылдын 13-ноябрындагы өкүмүн жана Бишкек шаардык сотунун 2016-жылдын 20-апрелиндеги өкүмүн өзгөрттү.

Толугураак

Эшек териден пайда издешкен

29.07.2016.

А.Акылбек 1979-жылы туулган. Кочкор  районунун тургуну. Үй-бүлөлүү, убактылуу иштебейт. Мурда сот жообуна тартылган эмес. Кыргыз Республикасынын Кылмыш Жаза Кодексинин 165-беренеси (Мал уурдоо) менен (анын ичинде жети эпизод)  айыпталган.

       

Толугураак

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун жаңы шайланган судьялары ант беришти

28.07.2016.

СҮРӨТРЕПОРТАЖ

Бүгүн, 2016-жылдын 28-июлунда, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун жаңы шайланган судьялары Жогорку сотто ант беришти. Иш чара салтанаттуу түрдө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларынын катышуусунда өттү.

 

Толугураак

Жогорку сотто 7-апрель окуялары боюнча сот процесси өтүүдө

28.07.2016.

Бүгүн, 2016-жылдын 28-июлунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясы 2010-жылдын 7-апрель окуялары боюнча жазык ишин кароодо.

 

Келтирилген чыгымдарды өндүрүү каралып, бир жыл сынак мөөнөтү чектелди

28.07.2016.

Ж.Кубанычбек 1997-жылы Кочкор  районунун Кочкор айылында туулган. 9-класстын окуучусу. Мурда сот жообуна тартылган эмес.

 

 

Толугураак

Сирия өлкөсүнө адамдарды жөнөтүүгө жалдаган кылмышкер эркиндигинен ажыратылды

28.07.2016.

Абдирахманов  И. А., 1996-жылы туулган, Ноокат районунун тургуну, билими толук эмес орто, бойдок, эч жерде иштебейт, мурда соттолгон эмес, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 27-168-ст. 3-б. 1,2-п.п. 4-б. 3-п. (Кылмышка даярдануу, олуттуу өлчөмдө мүлктү ээлеп алуу максатындагы каракчылык), 375-ст. 2-6. 1,2-п.п., (Жалданмачыны террорчулук жөндөмдөрүн же шыктарын алуууга даярдоо, жалдоо, үйрөтүү, каржылоо) жана 241-ст. 1-б., (ок атуучу куралдарды, жарылуучу заттарды мыйзамсыз сактоо) менен айыпталган.

Толугураак

Кызынын кайненесин сабап, ден-соолугуна анча оор эмес залал келтирген

28.07.2016.

Ж. Венера 2015-жылдын 13-майында саат 21:00 чамаларында Талас районунун Козучак айылында 2014-жылдын 8-ноябрында турмушка чыккан кызы 1996-жылы туулган Ж.Г.нын жашап жаткан үйүнө барып, ал жерден кудагыйы А.Д. экөө өз ара чатакташууларынын негизинде А.Д.ны колу менен денелерине уруп, ден-соолугуна анча оор эмес залал келтирген деп айыпталган.

Толугураак

Баткен облустук сотунун жана район, шаардык соттордун аткарган иштеринин 6 айлык жыйынтыгы чыгарылды

28.07.2016.

Баткен облусундагы  райондук жана шаардык  соттордун 2016-жылдын  6 (алты) айдын жыйынтыгын 22-июлда чыгарды. Чыгарылган соттук чечимдердин сапаты боюнча, жыйындын катышуучулары канааттандыраарлык деп табышты.  

 

Толугураак

Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине өзгөртүү киргизилди

28.07.2016.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

 

Толугураак

Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондук, Балыкчы шаардык жергиликтүү сотторунун, Нарын жана Ош облустарынын райондор аралык сотторунун, Баткен жана Талас облустук сотторунун судьяларын дайындоо жана жөнөтүү жөнүндө КР Президентинин Жарлыктарына кол коюлду

27.07.2016.

Кыргыз Республикасынын судьяларын тандоо боюнча кеңеш тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге Ысык-Көл облусунун Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондук, Балыкчы шаардык жергиликтүү сотторунун (ар биринде 3 адамдан), Нарын жана Ош облустарынын  райондор аралык сотторунун (ар биринде 1 адамдан), Баткен (2 адам) жана Талас (2 адам) жана Нарын (1 адам) облустук сотторунун судьялары кызматтарына 16 талапкерди дайындоо  боюнча сунуштарды  киргизген.

Толугураак

Өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүргөн деп айыпталган жаран өмүр бою эркинен ажырап, өнөктөшүнө 20 жыл жаза белгиленди

27.07.2016.

Соттолуучу  А.Х. 1976-жылы Баткен облусунун Лейлек районунда туулган,  бойдок, билими орто, мурда сот жообуна тартылган.  Баткен районун Кызыл-Бел айлында жашайт. Ал эми  К.Б. 1983-жылы Баткен районун Кызыл-Бел айлында туулган. Билими орто, эч жерде иштебейт, үй-бүлөлүү 4 (төрт) баланын атасы, мурда сот жообуна тартылган эмес.

Толугураак

Өз бир тууганын, жана жеңесин бычактап өлтүргөн деген жагдайда айыпталган жаран өмүр бою эркинен ажыратылды

27.07.2016.

Соттолуучу Баткен шаарынын Кызыл-жол кварталынын тургуну Б.  Саитказы 1966-жылы төрөлгөн, үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы, эч жерде иштебейт, мурда сот жообуна тартылган эмес.

Толугураак

2016-жылдын биринчи жарым жылдыгы боюнча Жалал-Абад областынын судьяларынын жыйынтыктоочу чогулушу өттү

25.07.2016.

Жалал-Абад областтык сотунун жаны имаратында 2016-жылдын 22-июлунда Жалал-Абад областынын жергиликтүү сотторунун 2016-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы  ишмердүүлүгү боюнча жыйынтыктоочу чогулуш өттү.

Толугураак

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00