Жетинин Айы 2016

Радость Тофтисова-Матерон: “Укук коргоо деген арзан болбойт”

30.11.1016.

Сот реформасы качан аяктайт? Кыргызстандыктар качан реформа үзүрүн көрүшөт? Кыргызстанда сот системасына иши түшүп калган адамдардын бардыгын ушундай суроолор тынчсыздандырат. Бирок ,бул айта салса эле ишке аша калчу оңой оокат эмес экен. Ушу тапта мамлекет сот реформасын ишке ашыруу боюнча бир нече донорлор менен иш алып барууда. Ошолордун бири Европа биримдигинин “Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө аракети” аталган долбоору. Ушу долбоордун кесипкөйлүктү жогорулатуу боюнча башкы эксперти Радость Тофтисова-Матерон Кыргызстанда кандайча иштеп жатканы тууралуу айтып берди.

Толугураак

Бишкекте тренерлер үчүн тренинг өтүүдө

30.11.1016.

2016-жылдын 29-ноябрынан 1-декабрына чейин Бишкек шаарында «Эл аралык жеке менчик укугу: коллизияларды жөнгө салуу жана колдонула турган укукту тандап алуу» деген аталыштагы тренерлер үчүн тренинг өтүүдө. Анын ишине Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, жергиликтүү сотторунун судьялары, юридикалык мекемелердин өкүлдөрү жана адвокаттар катышууда.

Толугураак

Фред Хьюстон: “Сот реформасы 5-10 жылда натыйжа бериши мүмкүн”

30.11.2016.

2012-жылдан тарта Кыргызстанда сот системасына реформа жасоого шарттар түзүлүп жатат. Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилип, Президенттин жарлыгы менен “2014-2017-жылдарда Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү” Мамлекеттик максаттуу программасы кабыл алынган. Аны иштеп чыгууга тиешелүү мамлекеттик мекемелер менен бирге эл аралык уюмдар да катышкан. Укукту өнүктүрүү боюнча эл аралык уюм (ИДЛО) мамлекеттик максаттуу программаны түзүүгө, анын ишке ашуусуна чоң көмөк көрсөтүп келатат. Биз ушул уюмдун жетекчиси Фред Хьюстон менен жасалып жаткан иштер тууралуу баарлаштык.

Толугураак

“Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду

28.11.2016.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамга кол койду.

 

Толугураак

Сот адилеттигинин жогорку мектеби соттук аткаруучуларды окута баштады

28.11.2016.

«2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот системасын өнүктүрүү» Мамлекеттик максаттуу программасынын иштерин жүзөөгө ашыруу максатында жана 2016-жылдын окуу Планына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби «Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү» Европа Биримдигинин долбоору менен биргеликте соттук аткаруучулардын квалификациясын жогорулатуу Комплекстик окуу программасы боюнча окута баштады. Окутуу 2016-жылдын 28-ноябрынан баштап 3-декабрына чейин Сот адилеттигинин жогорку мектебинде өтөт.

Бишкекте эл аралык асыроо боюнча семинар өттү

28.11.2016.

2016-жылдын 25-ноябрында «Эл аралык асырап алуу жана ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдарды коргоонун өзгөчөлүктөрү» аталыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын жана жергиликтүү соттордун судьяларынын катышуусунда семинар өттү.

Толугураак

Жогорку соттун Төрагасынын орун басары Анархан Базаралиева Европа Биримдигинин долбоорунун эксперттери менен жолугушту

24.11.2016.

СҮРӨТРЕПОРТАЖ

Бүгүн, 2016-жылдын 24-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасынын орун басары Анархан Базаралиева «Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү» Европа Биримдигинин долбоорунун эксперттери менен жолугушуу өткөрдү. Тараптар жолугушуунун жүрүшүндө судьяларды окутуу боюнча мындан аркы биргелешкен иш-чараларды жана башка маанилүү маселелерди талкуулашты.

Толугураак

Жакартада Кыргызстан менен Индонезиянын Жогорку сотторунун Төрагаларынын жолугушуусу болду

24.11.2016.

СҮРӨТРЕПОРТАЖ

Сот реформасынын алдыңкы тажрыйбасы боюнча таанышуу иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева башында турган кыргыз делегациясы Индонезиянын Жогорку сотунда болушту. Жолугушууда соттук реформанын концепциясын, укук үстөмдүгүнүн түзүмдөрүн окутуу жана сот тутумунун башка маанилүү маселелерин талкуулашты.

Толугураак

Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө Иран Ислам Республикасы менен Макулдашууну ратификациялоо тууралуу Мыйзамга кол коюлду

24.11.2016.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2015-жылдын 5-сентябрында Тегеран шаарында кол коюлган Соттолгондорду өткөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы Макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Толугураак

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

23.11.2016.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кылмыш-жаза кодекси жана Жазык-аткаруу кодекси) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Толугураак

Сот адилеттигинин жогорку мектеби соттук чечимдерди түзүү техникасы боюнча семинар өткөрүүдө

23.11.2016.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу сот адилеттигинин Жогорку мектеби Германиялык эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) «Борбордук Азия өлкөлөрүнө укуктук мамлекеттүүлүккө көмөк көрсөтүү» Программасы менен биргеликте 2016-жылдын 23-24-ноябрында «Соттук чечимдерди түзүү техникасы» деген аталыштагы семинар өткөрүүдө.

Толугураак

Жогорку сот журналисттерге конкурс жарыялайт

22.11.2016.

Кыргыз Республикасынын Жогорку соту, БУУнун Өнүктүрүү программасы Кыргыз Республикасындагы Укук үстөмдүгүн чыңдоо долбоору менен кызматташып, “Кыргызстанда улантылып жаткан сот реформасы” темасында журналисттер үчүн конкурс жарыялайт. Бул долбоорду Бишкектеги Улуу Британия  элчилиги каржылайт.

 

Толугураак

Жергиликтүү соттордун биринчи жолу дайындалган (судьялык стажы жок) судьялардын 6-тобу үчүн окутуу аяктады

22.11.2016.

2016-жылдын 21-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун биринчи жолу дайындалган (судьялык стажы жок) биринчи инстанциядагы соттордун судьяларынын квалификациясын жогорулатуу Комплекстик окуу программасы боюнча 6-топ үчүн окутуу аяктады. Окуу программасы материалдык жана процесстик укукту терең билүү, судьянын көндүмдөрү жана этика-деонтологиялык блокторунан түзүлгөн. Окуу программасынын узактыгы күнүнө 8 академиялык сааттан 20 окуу күнүн түздү.

Окутуунун соңунда модулдук тестирлөө өткөрүлүп, тастыктамалар тапшырылды.

Экстремисттик кылмыш үчүн жазасын алды

22.11.2016.

Базар-Коргон райондук сотунун 2016-жыдын 21-апрелиндеги тинтүү жүргүзүүгө уруксат берүү жөнүндөгү токтомунун негизинде, 2016-жылдын 23-апрель күнү саат 07:00 чамасында Ноокен районунун Достук айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылынын Фрунзе көчөсүнүн тургуну Дуйшөбаев Мирбек Шамбетовичтин үйүнө калыстардын катышуусунда тинтүү жүргүзүлгөн мезгилде, анын жашаган үйүнөн 1 даана “Leader DVD R” деген сыртында жазуусу бар “Хизб-ут-Тахрир”  партиясына тиешелүү болгон мазмунунда диний мамлекеттик түзүмгө каршы, халифатты курууга үндөгөн экстремисттик чакырыктар бар DVD диск табылып, калыстардын катышуусунда алынган.

Толугураак

«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол коюлду

22.11.2016.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

 

Толугураак

Ош шаарында жергиликтүү соттордун биринчи жолу дайындалган судьяларына семинар өтүүдө

21.11.2016.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби Германиялык эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) «Борбордук Азия өлкөлөрүнө укуктук мамлекеттүүлүккө көмөк көрсөтүү» Программасы менен биргеликте 2016-жылдын 21-22-ноябрында «Соттук чечимдерди түзүү техникасы» темадагы семинар өткөрүүдө.

Толугураак

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00