Үчтүн айы 2017

УЧКАЙ МААЛЫМАТ

30.01.2017.

 

УЧКАЙ МААЛЫМАТ

(на государственном языке)

Жаш өспүрүмдү мыкаачылык менен өлтүргөн жигит өмүр бою эркиндигинен ажыратылды

30.01.2017.

2017-жылдын 24-январында Ош шаардык сотунда Н.Анарбаевдин жазык иши каралды.  Анарбаев Нуржигит 21.08.1994-жылы Ош шаарында туулган, Кыргыз Республикасынын жараны, билими орто, бойдок, убактылуу иштебеген, мурда соттолбогон, Ош шаарынын тургуну, иш боюнча бөгөт коюу чарасы 2016-жылдын 21-октябрынан бери камакта. Кыргыз Республикасынын КЖКнин 97-б. 2-б., 3,6-п.п. (Киши өлтүрүү) менен айыбы угузулуп сотко берилген.

Толугураак

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Конституциясынын расмий текстин жарыялоо жөнүндө Жарлыкка кол койду

27.01.2017.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 27-январда, салтанаттуу азем учурунда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын расмий текстин жарыялоо жөнүндө  Жарлыкка кол койду

Салтанаттуу аземге Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков, өлкө Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, КР Жогорку сотунун төрайымы Айнаш Токбаева, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын төрагасы Эркинбек Мамыров, Конституцияга өзгөртүүлөрдүн демилгечилери болушкан Жогорку Кеңештин фракцияларынын лидерлери, Жогорку Кенештин вице-спикерлери, комитеттердин төрагалары, Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын начальниги Раимберди Дуйшенбиев, КР Башкы прокурору  Индира Жолдубаева, КР Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов, КР вице-премьер-министрлери катышты.

Кыргызстандын сот тутуму авиакырсыкта каза болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтат

25.01.2017.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Бишкек шаардык сотунун, Чүй, Ысык-Көл, Баткен облусттук сотторунун, Нарын, Талас, Ош жана Жалал-Абад областтарынын жергиликтүү сотторунун судьялары жана аппарат кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин борбордук аппараты, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Нарын жана Талас облустук башкармалыгынын аппараты Чүй облусунун Сокулук районунун курулуш башкармалыгынын дачаларындагы «Боинг-747» жүк ташуучу учактын авиациялык кырсыгынын натыйжасында каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтышат жана азаларын тең бөлүшөт. Жабыркагандардын бирдиктүү эсебине бир күндүк эмгек маяналарын которушат.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаеванын "Фабула пресс" гезитине берген интервьюсу

20.01.2017.

Жыл аяктап, ар бир мекеме, уюм, алтургай үй-бүлөдө да аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылып жатат. Биз ушундай максат менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Айнаш ТОКБАЕВА менен атайын маек уюштурдук.

 

Толугураак

Жогорку соттун басма сөз кызматы Тоң райондук сотунун өкүмү боюнча төмөндөгүнү билдирет

19.01.2017.

Ысык-Көл областынын Тоң райондук сотунун жиберген маалыматына ылайык, соттолуучу Н.ге карата Тоң райондук соту 2016-жылдын 30-ноябрында өз өкүмүн чыгарган. Анда райондук сот соттолуучу Н.ди КРнын КЖКнын 129-беренесинин 1-бөлүмү (зордуктоо) менен күнөөлүү деп таап, КЖКнын 56-беренесин колдонуу менен 3 (уч) жылга эркиндигинен ажыраткан. Жазасын күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абактарында өтөөсү көрсөтүлгөн.

Толугураак

Чүй облустук соту бир күндүк эмгек маянасын авиакырсыкта жабыркагандардын эсебине которот

19.01.2017.

Чүй облустук сотунун судьялары жана аппаратынын кызматкерлери Чүй облусунун Сокулук районунун курулуш башкармалыгынын дачаларындагы жүк ташуучу учактын авиакырсыгынан каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көӊүл айтышат жана азаларын тең бөлүшөт.

Авиакырсыктан жабыркагандардын бирдиктүү эсебине бир күндүк эмгек маяналарын которушат.

Жабыркагандарга жардам

18.01.2017.

Нарын облусунун райондук, шаардык, райондор аралык жана облустук сотунун судьялары жана аппаратынын кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Нарын облустук башкармалыгынын аппараты Чүй облусунун Сокулук районунун курулуш башкармалыгынын дачаларындагы жүк ташуучу учактын кырсыгынан каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көӊүл айтышат жана азаларын тең бөлүшөт.

Авиа кырсыктан жабыркагандардын бирдиктүү эсебине бир күндүк эмгек маяналарын которушат.

Баткен облустук соту бир күндүк маянасын авиакырсыктан жабыркагандарга которот

18.01.2017.

16-январда болгон кырсыкка кайдыгер карабаган Баткен облустук сотунун судьялары жана аппарат кызматкерлери 2017-жылдын 18-январында жалпы чогулуш өткөрүп, Чүй облусундагы Манас аэропортунун жанында болгон  “Боинг-747” жүк ташуучу учактын авиациялык кырсыгынан каза болгондордун жаткан жери жайлуу топурагы торко болушун, ошондой эле  жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, ошол кырсыкта жабыр тарткан жарандар тезирээк айыгышын тилөө менен жардам иретинде облустук соттун жалпы жамааты бир күндүк эмгек акысын которууну чечишти.

                                              

Жогорку сот бир күндүк маянасын авиакырсыкта жабыркагандарга которот

17.01.2017.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары жана аппаратынын кызматкерлери Чүй облусунун Сокулук районунун курулуш башкармалыгынын дачаларындагы «Боинг-747» жүк ташуучу учактын авиациялык кырсыгынын натыйжасында каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көӊүл айтышат жана жабыркагандардын бирдиктүү эсебине бир күндүк эмгек акысын которушат.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
Жогорку соттун электрондук почтасы - supcourt@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00