Бирдин Айы 2017

Бишкекте «Адвокаттын кесибине жетүү жана жогорку сапаттуу юридикалык жардам көрсөтүү» конференциясы өтүүдө

28.02.2017.

СҮРӨТРЕПОРТАЖ

Бүгүн, 2017-жылдын 28-февралында, Бишкекте мамлекеттик органдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын, дипломатиялык миссиялардын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн жана көз карандысыз эксперттердин катышуусу менен «Адвокаттын кесибине жетүү жана жогорку сапаттуу юридикалык жардам көрсөтүү: Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы ортосунда кызматташтык» деген аталыштагы конференция өтүүдө.

Толугураак

Студенттер арасында укуктуу таанытуу максатында Жалал-Абад шаардык сотунун судьялары жолугушуу өткөрдү

28.02.2017.

СҮРӨТРЕПОРТАЖ

Жалал-Абад шаардык сотунун төрайымы Э.М.Сулайманова, судьясы К.Т.Үмөталиев жана судьянын жардамчысы Н.М.Абдивалиев Жалал-Абад Мамлекеттик Университетинин студенттерине 2017-жылдын 27-февралында Кыргыз Республикасынын сот системасынын калыптанышы жана реформалары жөнүндө ачык лекция өткөрүштү.

 

Толугураак

Таксистке карата өкүм жокко чыгарылып кайра кароого жөнөтүлдү

28.02.2017.

Кечээ, 27-февралда, Ысык-Көл областтык сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясы Тоң райондук сотунун 30.11.2016-ж. Н.Т.га карата өкүмүн жокко чыгарып, кайра жаңы кароого Ысык-Көл райондук сотуна жөнөттү (129-б. Зордуктоо).

Жабырлануучунун жана анын өкүлдөрүнүн кассациялык даттануусу жарым-жартылай канааттандырылган. Анын бир өкүлү ишти кайра жаңы кароого жөнөтүүнү сураган.

Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз кызматы

Ош шаарында аткаруу өндүрүшүнүн маселелери боюнча тегерек үстөл өттү

28.02.2017.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу сот адилеттигинин Жогорку мектеби «Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө колдоо көрсөтүү» Европа Биримдигинин долбоору менен биргеликте 2017-жылдын 27-февралында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларына, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин аппаратынын кызматкерлерине жана сот аткаруучуларына аткаруу өндүрүшүнүн маселелери боюнча тегерек үстөл өткөрдү.

Толугураак

Кыргыз Республикасынын I инстанциядагы жергиликтүү сотторунун биринчи жолу дайындалган судьяларынын (судьялык стажы жок) квалификациясын жогорулатуу Комплекстик окуу программасы боюнча окутуу

27.02.2017.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 08.08.2012-ж. №147 «Кыргыз Республикасынын сот адилеттигин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгынын жана «2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот системасын өнүктүрүү» Мамлекеттик максаттуу программанын иштерин жүзөөгө ашыруу максатында 2017-жылдын окуу Планына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу сот адилеттигинин Жогорку мектеби USAID/IDLOнун Кыргызстандагы сот тутумун бекемдөө боюнча Программасынын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын биринчи инстанциядагы жергиликтүү сотторунун биринчи жолу дайындалган (судьялык стажы жок) судьяларынын квалификациясын жогорулатуу Комплекстик окуу программасы боюнча 7-тобуна окутуу баштады. Окутуу 2017-жылдын 27-февралынан баштап 28-мартына чейин сот адилеттигинин Жогорку мектебинин окуу залында өткөрүлөт.

Талас шаарында волейбол жана кичи-футбол боюнча мелдеш өттү

27.02.2017.

2017-жылдын 24-февралында Ата Мекенди коргоочунун күнүнө карата Талас областтынын жергиликтүү соттор арасында волейбол жана кичи-футбол боюнча мелдеш өттү.

 

 

Толугураак

Келечектеги юристтер соттук отурумду өткөрүүдө

24.02.2017.

18-февралда Ж. Баласагын атындагы КУУнун Юридикалык факультетинин имаратында соттук жарандык процессти мыкты өткөрүүгө студенттердин арасында конкурс өттү.

 

 

Толугураак

Нарын облустук сотунун судьялары медициналык колледждин студенттери менен жолугушту

24.02.2017.

Нарын облустук соту тарабынан “Сот тутуму жана коомчулуктагы пикир” деген аталыштагы  иш чара Нарын шаарындагы медициналык колледждин окутуучулары жана жогорку курстун студенттеринин катышуусу менен  аталган медициналык окуу жайдын жыйындар залында болуп өттү. Иш чаранын максаты сот тутумунун коомчулук арасындагы имиджин көтөрүү жана жарандардын укуктук билимин жакшыртууга багытталган.

Толугураак

КР Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева Жогорку соттун аппаратынын мырзаларын келе жаткан 23-февраль майрамы менен куттуктады

22.02.2017.

СҮРӨТРЕПОРТАЖ

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева Жогорку соттун аппаратынын кызматкерлерин келе жаткан 23-февраль - Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктоо менен бирге үй-бүлөлүк бейпилдикти, чың ден-соолукту, иштерине ийгиликтерди каалады.

 

 

Толугураак

Ысык-Көл областтык сотунда жергиликтүү соттордун катышуусу менен кеңешме өттү

22.02.2017.

2017-жылдын 18-февралында Ысык-Көл областтык сотунда жергиликтүү соттордун катышуусу менен кеңешме өттү.

Кеңешмеге Ысык-Көл областтык сотунун төрагасы Айбек Молдакунов, анын орун басарлары Гүлкайыр Алиева, Азизбек Досмамбетов, Ысык-Көл областтык сотунун судьялары, шаардык, райондук, райондор аралык соттордун төрагалары жана судьялары катышышты.

Толугураак

Улан Сатаров: “Сот аткаруучулардын мүмкүнчүлүктөрү көбөйдү”

21.02.2017.

Акыркы 3-4 жыл ичинде жаңы жазылган бир топ кодекстерге президент тарабынан кол коюлду. Алардын ичинен Административдик жана Жарандык кодекстер 2017-жылдын 1-июлунан тарта ишке кирсе, Жазык, Жазык процессуалдык жана Жазык аткаруу кодекстери эки жылдан соң ишке кире турган болду. Мына ошол кодекстерди жыйынтыктай, “Аткаруу өндүрүшү жөнүндөгү” мыйзам да жаңы иштелип чыкты. Биз ушул жаңы мыйзам тууралуу аны иштеп чыккан жумушчу топтун жетекчиси, адвокат Улан Сатаровдон маалымат алдык.

Толугураак

Жогорку соттун Төрайымынын орун басары А. Базаралиева Европа Биримдигинин долбоорунун өкүлдөрү менен жолукту

20.02.2017.

СҮРӨТРЕПОРТАЖ

Бүгүн, 2017-жылдын 20-февралында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда Жогорку соттун Төрайымынын орун басары Анархан Базаралиева менен Европа Биримдигинин “Кыргыз Республикасында укуктун үстөмдүгүн бекемдөөгө колдоо көрсөтүү” долбоорунун жетекчиси Стефанос Кареклас мырзанын жолугушуусу болуп өттү.

Толугураак

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
Жогорку соттун электрондук почтасы - supcourt@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00