Жалган Куран 2017

Жеңишбек Арзыматов: “Студенттер да азыркы өзгөртүүлөрдү окушу зарыл”

31.03.2017.

Сот тармагында жүрүп жаткан реформа, жаңы кабыл алынган кодекстер тууралуу көз карандысыз юристтер кандай ойдо?  Жогорку сотто болуп өткөн  “Сот тутумунун ачык-айкындыгынын жетишкендиги-сот актыларына жетишүүнүн кеңири механизми” аталыштагы тегерек үстөлдүн катышуучусу, Кыргызстандын юристтер ассоциациясынын башкармалыгынын төрагасы Жеңишбек Арзыматов төмөнкү суроолорго жооп кайтарды:

Толугураак

“Бул иштерди донорлор эмес, Жогорку сот аткарып жатат”

31.03.2017.

Жогорку сотто сот актыларынын ачыктыгына жетишүүнүн кеңири механизмине, тагыраак айтканда sot.kg сайтына арналган тегерек үстөл болуп өттү. Тегерек үстөлгө Укукту өнүктүрүү боюнча эл аралык уюм ИДЛОнун жетекчиси Фред Хьюстон катышты. Фред Хьюстон массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү үчүн төмөнкүдөй интервью берди.

 

Толугураак

Свердлов райондук соту С. Жапаровду колдоо митинги боюнча төмөндөгүнү билдирет

30.03.2017.

Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту тарабынан 2017-жылдын 27-мартында Кыргыз Республикасынын КЖКнин 234-беренесинин 3-бөлүгү 2,3-пунктары, 341-беренесинин 1-бөлүгү, 174-беренесинин 1-бөлүгү менен айыпталган А. Бегишов, С. Жапаров, К. Жапаров, Р. Жапаров, Б. Казиев, Шамшидин  уулу Айдынбек, Э. Тагаев, Ж. Жеңишбеков, Ч. Кожогельдиев, А. Бейшенбеков, У. Усупов жана А. Исаевге карата баш коргоо чараларын тандоо жөнүндө өтүнүчтөрү каралган.

Толугураак

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин коллегиясынын отуруму болуп өттү

30.03.2017.

2017-жылдын  29-мартында  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу  Сот департаментинин  директорунун төрагалыгы астында өткөн коллегия отурумунда төмөнкү маселелер каралды:

 

 

Толугураак

Жогорку соттун басма сөз кызматынын Ө. Текебаевге карата соттук процесси боюнча тактоосу

29.03.2017.

Урматтуу журналисттер!

Айрым бир маалымат булактарында чындыкка дал келбеген “Жогорку сот Ө. Текебаевди камакта калтырды, биринчи экинчи инстанциянын чечимдерин күчүндө калтырды...” деген сыяктуу туура эмес маалыматтар жарыяланды.

 

Толугураак

Жогорку соттун соттук коллегиясы Ө. Текебаевге карата сот материалын кыскартты

29.03.2017.

Бүгүн, 29-мартта, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясы КР Жогорку Кеңешинин депутаты, Өмүрбек Текебаевдин жактоочусунун көзөмөл даттануусун карады.

 

Толугураак

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун биринчи жолу дайындалган судьяларынын 7-тобу үчүн окутуу аяктады

28.03.2017.

2017-жылдын 28-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу сот адилеттигинин Жогорку мектиби Кыргыз Республикасынын биринчи инстанциядагы жергиликтүү сотторунун биринчи жолу дайындалган (судьялык стажы жок) судьяларынын квалификациясын жогорулатуу Комплекстик окуу программасы боюнча 7-топ үчүн курсу аяктады.

 

Толугураак

Д. Орунбековго мунапыс колдонулганы менен анын 2 млн айып пул төлөө жоопкерчилиги күчүндө

28.03.2017.

Д.Орунбеков 2014-жылы 30-сентябрда “maalymat.kg” сайтына Кыргыз Республикасынын Президентинин ар-намысына жана аброюна шек келтирген макала жарыялагандыгы үчүн КР Башкы прокуратурасы сотко кайрылып, Аламүдүн райондук соту 2015-жылдын 29-июнунда Орунбеков Дайырбек Тейишовичке карата жарандык ишти караган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин ар-намысына жана аброюна шек келтирген макала тараткандыгы үчүн моралдык компенсация катары  Д. Орунбековдон 2 млн сом айып пул төлөө чечимин чыгарган.

Толугураак

Өгөй ата КР КЖКнын 129-беренеси менен 15 жылга эркиндигинен ажыратылды

28.03.2017.

2017-жылдын 14-февралында Ысык-Көл областтык сотунда 1968-жылы Ысык-Көл областынын Түп районунда туулган, билими орто, никеси жок, эч жерде иштебеген, мурда соттолбогон М. Бекташовдун жазык иши каралды.

 

Толугураак

Жогорку соттун Төрайымы Айнаш Токбаева: ”Сот актыларын интернет ресурска жайгаштыруу актуалдуу”

28.03.2017.

Тегерек үстөлгө Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева, Укукту өнүктүрүү боюнча эл аралык уюм ИДЛОнун жетекчиси Фред Хьюстон, юридикалык уюмдардын, банктардын юридикалык кызматттарынын, жогорку окуу жайларынын юридикалык факультеттеринин өкүлдөрү катышты. Жогорку соттун Төрайымы Айнаш Токбаева журналисттердин суроолоруна жооп берди:

 

 

Толугураак

Жарандардын укуктук билимин жакшыртуу максатында

28.03.2017.

Социологиялык иликтөөлөрдүн жыйынтыгы жана бүгүнкү күндүн реалдуу турмуштук тажрыйбалары көрсөткөндөй жарандарыбыздын басымдуу бөлүгү юридикалык жактан толук сабаттуу эмес экендигин жана айрым учурларда өздөрү туш болгон ченемдик укуктук актыларга келгенде бир катар тоскоолдуктарга туш болуп жаткан фактылар аз эмес. Кайсыл бир жаран, качан гана тигил же бул иш боюнча ага өзү келип такалганда гана ошол маселенин күңгөй-тескейин ажыратууга туура келет.

Толугураак

Судьялар милициянын тергөө бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин профессионалдык даярдыгын көтөрүү максатында лекция окушту

28.03.2017.

Кыргыз Республикасынын ИИМнин жетекчилигинин жазык иштерди териштирүүнүн сапатын жогорулатуу талаптарына ылайык, Ысык-Көл областынын ОИИБнын тергөө бөлүмүнүн демилгеси менен прокуратуранын, соттун, соттук-медициналык бюронун өкүлдөрү менен биргелешип семинар-кеңешме өткөрүлдү.

 

Толугураак

Жашы жете электердин укуктарын коргоо максатында семинар кеңешме өткөрүлдү

28.03.2017.

Үстүбүздөгү жылдын 9-мартында, Баткен шаарында гендердик зомбулуктун, жашы жете электе никеге туруулардын жана ала качуулардын алдын алуу боюнча семинар кеңешме болуп өттү. Семинар кеңешмеге Баткен облустук сотунун төрагасынын орун басарлары Алтынбек Түмөнов, Зарипбек Аданбаев жана башка укук коргоо органдарынын, мекеме ишканалардын жетекчилери жана мугалимдер катышты.

Толугураак

Жалал-Абад областтык сотунда ачык эшиктер күнү өттү

27.03.2017.

СҮРӨТРЕПОРТАЖ

Жалал-Абад областтык соту Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин алдындагы колледждин укук таануу бөлүмүнүн студенттерине ачык эшиктер күнүн өткөрдү. 

 

 

Толугураак

Баткенде облустук соту, райондук жана шаардык соттордун ортосунда кичи футбол өткөрүлдү

27.03.2017.

СҮРӨТРЕПОРТАЖ

“Сот кызматкерлеринин күнүнө карата” Баткен облустук сотунун, райондук жана шаардык сотторунун судьялары жана аппарат кызматкерлеринин катышуусунда кичи футбол өткөрүлдү.

 

 

Толугураак

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
Жогорку соттун электрондук почтасы - supcourt@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00