Чын Куран 2017

Жогорку сотто ММК өкүлдөрү үчүн тегерек үстөл өтүүдө

28.04.2017.

СҮРӨТРЕПОРТАЖ

Бүгүн, 28-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда тегерек үстөл өтүп жатат.

 

 

Толугураак

Сот адилеттигинин жогорку мектеби адамдарды сатуу маселелери боюнча тренинг өткөрүүдө

27.04.2017.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу сот адилеттигинин Жогорку мектеби 2017-жылдын 27-28-апрелинде Ош шаарында 2017-жылдын Окуу планына ылайык жана 2013-жылдын 14-январындагы №14 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасын аткаруу максатында, МЭУ офиси менен бирдикте адамдарды сатуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары үчүн тренинг өткөрүүдө.

Иш-чаранын тренерлери Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары Чаргынова Т.Т., Камчыбеков Ш.Р. жана  сот адилеттигинин Жогорку мектебинин лектору Асанова Н.М.

Тренингдин ишине Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун 25 судьясы катышууда.

2017-жылга карата Кыргыз Республикасынын судьяларынын кызмат орундарына талапкерлерди окутуунун ачылышы

26.04.2017.

Бүгүн, 2017-жылдын 26-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин Жогорку мектебинде Кыргыз Республикасынын судьяларынын кызмат орундарына талапкерлерди окутуунун ачылышы  болуп өттү.

 

 

Толугураак

Биринчи май райондук соту С. Жапаровдун 28-майга чейин камакта калуу токтомун кабыл алды

24.04.2017.

Бүгүн, 24-апрель 2017-жылы, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту камакта кармоонун мөөнөтүн узартуу жөнүндө С. Жапаровго карата токтом кабыл алды.

 

 

Толугураак

Жалал-Абад областынын райондор аралык сотунун судьялары менен прокурорлордун жолугушуусу

24.04.2017.

2017-жылдын 21-апрелинде Жалал-Абад областынын райондор аралык сотунун төрагасы Б. Мажитов жана судьясы Н. Каипова Жалал-Абад областтык прокуратурасынын конференц залында Жалал-Абад областынын райондорунун, шаарларынын прокурорлору жана кызматкерлери менен жолугушту.

 

Толугураак

Адамдарды сатууга каршы күрөшүү маселелерине арналган окутуу өтүүдө

20.04.2017.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу сот адилеттигинин Жогорку мектеби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасын аткаруу максатында (2013-ж. 14-январдын №14) жана 2017-жылдын Окуу планына ылайык 2017-жылдын 20-21-апрелинде Кыргыз Республикасындагы МЭУ Офиси менен бирдикте адамдарды сатууга каршы күрөшүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары үчүн тренинг өткөрүүдө.

Толугураак

Нарын областтык сотунда жетекчилер шайланды

19.04.2017.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 22-октябрь 2004-жылдагы №9 ”Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун регламенти” жана Кыргыз Республикасынын   Жогорку сотунун 29-декабрь 2012-жылдагы №12 Пленумунун токтомунун негизинде  Нарын областтык сотунун төрагасын жана төраганын орун басарларын шайлоо боюнча Нарын областтык сотунун судьяларынын жалпы чогулушунун жыйынтыгы менен   Нарын областтык сотунун төрагасы кызматына Абдыбеков Алдаярбек шайланды.

Толугураак

Эки өлкөнүн сот тутумунун жетекчилеринин жолугушуусу “Фабула пресс” гезитинде

17.04.2017.

Жума башында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Айнаш Токбаева Астанага, Казакстандын Жогорку сотунун төрагасы Кайрат  Маминин чакыруусу  менен иш сапарга барып келди. Иш сапардын максаты - сот реформасынын жүрүшү боюнча тажрыйба алмашуу жана электрондук сот өндүрүшү менен таанышуу болду.

Толугураак

Жалал-Абад областтык сотунун судьясы окуучулар менен маектешүү жолугушуусунда болду

17.04.2017.

Жалал-Абад областтык сотунун судьясы Б. Султанканов 2017-жылдын 12-апрелинде Жалал-Абад шаарынын №14 орто мектебинин окуучулары менен жолугушуу өткөрүп, укук темасында маектешти.

 

Толугураак

Ошто чет өлкөлөрдүн соттук чечимдерин аткаруу тууралуу окутуу өттү

17.04.2017.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу сот адилеттигинин Жогорку мектеби «Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө колдоо көрсөтүү» Европа Биримдигинин долбоору менен биргеликте 2017-жылдын 13-14-апрелинде Ош шаарында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын, сот аткаруучулардын жана адвокаттардын катышуусу менен “Чет өлкөлөрдүн соттук жана арбитраждык чечимдерин аткаруу” темада тренерлер үчүн тренинг (ТоТ) өткөрдү.

Толугураак

Жогорку сотто сотторду башкаруу маселелери боюнча тегерек үстөл өтүүдө

14.04.2017.

СҮРӨТРЕПОРТАЖ

Бүгүн, 2017-жылдын 14-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда сотторду башкаруу маселелери, Кыргыз Республикасынын жана Германиянын судьялары ортосунда тажрыйба алмашуу боюнча тегерек үстөл өтүүдө.

 

Толугураак

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
Жогорку соттун электрондук почтасы - supcourt@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00