Кулжа 2017

Айнаш Токбаева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрайымы: «Биринчи жолу Жогорку Соттун тарыхында ар бир судьянын ишинин эффективдүүлүгүнө баалоо жүргүзүлдү»

28.07.2017

Жалпыга маалым болгондой, Жогорку Сот тарыхтын жана архитектуранын эстелиги болгон борборубуздун так ортосундагы жаңыланган имаратка көчүрүлүп, өзүнүн татыктуу ордун тапты. Бул өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин сот реформасына олуттуу көңүл бургандыгынын аркасында жүргөндүгүн Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева билдирди. Бүгүнкү күндөгү сот системасындагы абал аткарылган иштер жана жүргүзүлүп жаткан жаңычылдыктар багытында КРнын Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Абдымановна менен маектештик.

Толугураак

 

Бактыгүл Аманалиева, Жогорку Соттун админиcтративдик жана экономикалык иштер боюнча судьясы: “Бирдиктүү соттук тажрыйбанын жоктугу сотторго кыйынчылыктарды жаратып келген”

26.07.2017

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун пленумунда соттор үчүн маанилүү болгон токтомду кабыл алды. Ал “Салык төлөөчүлөрдүн салык кызмат органдарынын чечимдерине даттануу тартибинин кээ бир маселелери жөнүндө” деп аталат. Бул документ учурдун өтө актуалдуу экендигин соттук тажрыйбаны иликтөө көрсөткөнүн отурумдун жүрүшүндө Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева белгилеген эле. Андыктан документти даярдаган Жогорку Соттун административдик жана экономикалык иштер боюнча судьясы Бактыгүл Аманалиева менен маектештик.

Толугураак   

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун басма сөз-катчысы А. Токтошева ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

21.07.2017

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун басма сөз-катчысы А. Токтошева ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Баткенде өз аялын өлтүргөн жаранга КРнын Мыйзамына ылайык жаза чектелди

20.07.2017.

Соттолуучу Э.С. 1983-жылы Баткен районунда туулган, Кыргыз Республикасынын жараны, билими орто, 3 баласы бар, эч жерде иштебейт, мурда соттолгон эмес.

 

 

Толугураак

Баткен облустук сотунун жана район, шаардык соттордун аткарган иштеринин 6 айлык жыйынтыгы чыгарылды

19.07.2017.

Баткен облусундагы  райондук, шаардык  жана райондор аралык соттордун 2017-жылдын 6 (алты) айындагы сот адилеттигинин ишке ашыруудагы жыйыны 17-июлда болду.

 

 

Толугураак

Ош шаарында судьялар үчүн адистештирилген тренингдер өтүүдө

17.07.2017.

Кыргыз Республикасынын Жогорку соту, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу сот адилеттигинин Жогорку мектеби Германиялык эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) «Борбордук Азия өлкөлөрүнө укуктук мамлекеттүүлүккө көмөк көрсөтүү» Программасы менен биргеликте 2017-жылдын 17-20-июлунда Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын жергиликтүү сотторунун судьяларына 2017-жылдын 1-июлунан күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын жаңы Жарандык-процесстик кодексинин ченемдерин колдонуу жөнүндө адистештирилген тренингдерди өткөрүүдө.

Толугураак

Жогорку сот жана сот адилеттигинин Жогорку мектеби судьялар үчүн семинар өткөрүүдө

13.07.2017.

Кыргыз Республикасынын Жогорку соту, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу сот адилеттигинин Жогорку мектеби Европа Биримдигинин «Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө колдоо көрсөтүү» долбоору менен биргеликте 2017-жылдын 13-июлунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын жана Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун судьяларынын катышуусу менен 2017-жылдын 15-октябрында өтө турган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо маселелери боюнча семинар өткөрүүдө.

Толугураак

Жалал-Абад жана Ош областтык сотторунун судьялары адвокаттарга жаңы ЖПК боюнча окутуу өткөрүштү

12.07.2017.

2017-жылдын 30-июнунда жана 1-июлунда Жалал-Абад областтык сотунун судьясы А. Таштемиров жана Ош областтык сотунун судьясы К. Салиев 65 адвокат үчүн жаңы кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси боюнча лекция окушту. Жаңы Кодекс “2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү” Мамлекеттик максаттуу программага ылайык жана процесстик мыйзамдарды өркүндөтүү үчүн кабыл алынды.

Толугураак

Баңги зат даярдап, сактап жүргөн адам 300 000 (үч жүз миң) сом айыпка кириптер кылынды

06.07.2017.

Абдылда 15.05.1964-ж. Ысык-Көл областынын Ак-Суу районунда туулган, билими орто, үй-бүлөлүү, эч жерде иштебеген, мурда сот жообуна тартылган эмес.

 

 

Толугураак

Кынатбек Сманалиев: “Жазык процессуалдык кодексине концептуалдуу өзгөрүүлөр кирди”

05.07.2017.

Эки жылдан соң жаңы иштелип чыккан Жазык процессуалдык кодекси ишке кирет. Кодекс юридикалык күчүнө кирсе эмне өзгөрөт, коомго анын кандай пайдасы бар? Мына ушулар тууралуу жаңы кодексти иштеп чыгууда жумушчу топту жетектеген юридика илиминин доктору, Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин юридика факультетинин деканы, профессор Кынатбек Мойнокович Сманалиев өз оюн билдирди.

Толугураак

Улан Сатаров: “Сот аткаруучулардын мүмкүнчүлүктөрү көбөйдү”

04.07.2017.

Акыркы 3-4 жыл ичинде жаңы жазылган бир топ кодекстерге президент тарабынан кол коюлду. Алардын ичинен Административдик жана Жарандык кодекстер 2017-жылдын 1-июлунан тарта ишке кирсе, Жазык, Жазык процессуалдык жана Жазык аткаруу кодекстери эки жылдан соң ишке кире турган болду. Мына ошол кодекстерди жыйынтыктай, “Аткаруу өндүрүшү жөнүндөгү” мыйзам да жаңы иштелип чыкты. Биз ушул жаңы мыйзам тууралуу аны иштеп чыккан жумушчу топтун жетекчиси, адвокат Улан Сатаровдон маалымат алдык.

Толугураак

Тилек Асаналиев: “Жаңы кодекстер 2019-жылы гана ишке кирет”

04.07.2017.

Акыркы 3-4 жыл ичинде Кылмыш-жаза кодекси, Кылмыш процессуалдык кодекси жана Кылмыш аткаруу кодекси жаңы жазылып, Жогорку Кеңеш аларды кабыл алган. Мындай иштердин бардыгы сот системасын реформалоонун алкагында жүрүп жатат. Биз жаңы Кылмыш аткаруу кодексинде кандай жаңылыктар, өзгөрүүлөр болгону тууралуу, кодексти иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун жетекчиси, юридика илиминин доктору Тилек Асаналиев менен  маектештик.

Толугураак

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
Жогорку соттун электрондук почтасы - supcourt@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00