Баш Оона 2017

Сотибек Осмонов, Чаткал райондук сотунун төрагасы: «Курулуш иштери 58% бутуп калды»

21.08.2017

Жаны  курулуп жаткан Чаткал райондук  сотунун имаратынын  курулуш  иштери  58%га  бүткөрүлдү. Бул туурасында  Чаткал райондук сотунун төрагасы Сотибек Осмонов билдирди.  Маалым болгондой,  имараттын биринчи кабат толугу менен бүттү. Ал эми башкы корпустун пайдубалы жана  кыш   коюу иштери 100%  аткарылды. 

Толугураак

 

Бишкекте Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окуу залында “Кыргыз Республикасынын Коррупцияга каршы мыйзамдары: сот системасында коррупцияга каршы туруу жана алдын алуу боюнча чаралар” темасында семинар өтүүдө

18.08.2017

Бүгүн, 2017-жылдын 18-августунда Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби (мындан ары - Сот адилеттигинин жогорку мектеби) Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окуу залында “Кыргыз Республикасынын Коррупцияга каршы мыйзамдары: сот системасында коррупцияга каршы туруу жана алдын алуу боюнча чаралар” темасында семинар өткөрүүдө.

Толугураак

Кыргыз Республикасынын Жогорку соту КР Жогорку сотунун судьясы Галина Уметалиевага бир тууганынын мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтат

18.08.2017

   Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары, аппарат кызматкерлери жана КР жергиликтүү соттору Табылды Дюшекеевич Уметалиевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Галина Дюшекеевна Уметалиевага оор жоготуусун терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Талас облустук соту алты айдын жыйынтыгын чыгарды

17.08.2017

Судьялар жүктөлгөн кызматын тиешелүү деңгээлде аткарылуусу, аны менен бирге соттор тарабынан каралган иштер боюнча келтирилген кемчиликтерди жоюу жана жол бербөө максатындагы сунуштар Талас облустук  сотунун  атайын  жыйынында  белгиленди.  

 

Толугураак

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби менен Урал мамлекеттик юридикалык университетинин алдындагы Медиация борбору менен кызматташтык жөнүндө жаңы эки тараптуу Меморандумга кол коюулду

14.08.2017

2017-жылдын 11-августунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин (мындан ары-Сот адилеттигинин жогорку мектеби) окуу залында жарандык жана экономикалык иштерди караган, учурда иштеп жаткан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жергиликтүү соттору “Сот ишинде медиациянын техникасы” темасында 5 күндүк окудан өтүштү. 

Толугураак

69 жаш курагында эмгек синирген юрист Рахимберди Салиев дуйно салды

14.08.2017

Рахимберди Абдыкалыкович САЛИЕВ  эмгек жолун  1976-жылы Юстиция министрлигинин сот органдарынын  башкармалыгынын консультанты болуп  баштаган.  1980-1985- жылга  чейин Свердлов, Октябрь   райондорунун судьясы,  кийин Бишкек шаарынын  судьясы  кызматын  аркалаган.  1985-жылдын 1996-жылга  чейин Жогорку Соттун мүчөсү болгон. Андан  сон  уч  жыл  Чуй  областтык  сотунун торгасы болсо, сегиз жыл  Бишкек  шаардык  сотун жетектеген. 2009-жылдан 2012 -жылга  чейин Кыргыз  Республикасынын Жогорку  Сотунун судьясы болгон.

Рахимберди Салиев  «Кыргыз  Республикасына эмгек сиңирген юрист» деген наам берилген жана өкмөттүк бир канча сыйлыктар менен сыйланган.

Кыргыз Республикасынын жалпы сот тутумунун судьялары, аппарат кызматкерлери жана сот ардагерлери  Рахимберди Салиевдин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көӊүл айтышат жана орду толгус жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөт. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!

“Сот ишинде медиациянын техникасы” аттуу семинар өтүүдө

08.08.2017

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби “Улуттук медиация борбору” коомдук бирикмеси менен биргеликте 2017-жылдын 7-августунан 11-августуна чейин Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окуу залында жарандык жана экономикалык иштерди караган Кыргыз Республикасынын  соттору үчүн  “Сот ишинде медиациянын техникасы” темасы боюнча беш күндүк окуу өткөрөт. 

 

Толугураак

 

 

Кыргызстандын эмгек сиңирген юристи, Жогорку сотто 11 жыл төраганын орун басары болуп турган Жеңиш Досматов 72 жаш курагында дүйнө салды

1.08.2017

Жеңиш Досматович Досматов  1945-жылы 22-сентябрда  Нарын  облусунун Жумгал районуна  караштуу Чаек  айылында төрөлгөн. Эмгек жолун  1976-жылы Юстиция министрлигинин сот органдарынын  башкармалыгынын консультанты болуп  баштаган.  1977-1982-жылдары Фрунзе  шаарынын Октябрь  районунун судьясы. Андан  соң  Фрунзе шаардык  сотунун  мүчөсү. 1983-жылдын 1996-жылга  чейин Жогорку Соттун мүчөсү болуп, 1996-2007-жылга  чейин Кыргыз  Республикасынын Жогорку  Сотунун төрагасынын орун  басары кызматын  аркалаган. 

Толугураак

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
Жогорку соттун электрондук почтасы - supcourt@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00