Аяк Оона 2017

Кичи футбол боюнча Жогорку Соттун төрагасынын өтмө кубогу жыйынтыкталды

29.09.2017

Бүгүн, кичи футбол  боюнча Жогорку  Соттун төрагасынын  өтмө  кубогу жыйынтыкталды.  Иш-чара   КРнын  Президенти тарабынан  жарыяланган Ыйман,адеп жана маданият жылынын алкагында өткөрүлдү.  Жалпысынын  12 курама  команда төрт  тайпага  бөлүнүп  беттешишти. Финалга Чүй жана  Жалал-Абад командалары  чыгып, жыйынтыгында  Чүй областтык  курама  команадсы жеңишти  багындырды.

Толугураак

 

 

“Аялдарга жана кыздарга карата жасалган гендердик кылмыштар боюнча сот иштерин кароо” темасында семинар өткөрүүдө

29.09.2017

Бүгүн, 2017-жылдын 29-сентябрында, “Кыргызстандагы гендердик зомбулуктун алдын алуу” БУУӨП долбоорунун алкагында “Аял-судьяларынын кыргыз  ассоциациясы” коомдук бирикмеси менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби уюштурган, аялдарга жана кыздарга карата жасалган  гендердик кылмыштар боюнча семинар өтүүдө.

 

Толугураак

Айнаш Токбаева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрайымы: «Сиздер жалындуу жаштыгыңыздарды сот тутумунун адилетүү ачык айкын болушуна жана өнүгүшүнө арнадыңыздар»

29.09.2017

1-октябрь - Карылар күнүнө карата Жогорку  Сотто  ардагерлерине сый-урмат көрсөтүлүп, 30га жакын ардагер чакырылды.  Өмүрүнүн орчундуу бөлүгүн сот тутумуна  арнаган ардагерлерди жогорку  соттун  кызматкерлери жылуу тосуп алышты. Айта кетсек,  бүгүнкү  жолугушуу  Жогорку  Соттун тарыхый архитектуралык маанидеги  Абдумомунов 205 дарегиндеги имаратка көчүрүлгөндүгүнүн бир жылдыгына дал келди. 

Толугураак

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби Жазык мыйзамдарынын новеллалары боюнча Кыргыз Республикасынын сотторунун аппараттарынын кызматкерлери үчүн тренинг өткөрүүдө

27.09.2017

Бүгүн, 2017-жылдын 27-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби “Ачык укук институтунун” мекемеси, ошондой эле ПРООН менен биргеликте 2019-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирүүчү Жазык кодекси, Жазык-процесстик кодекси, Жазык-аткаруу кодекси, Жоруктар жөнүндө кодекси, Бузуулар жөнүндө кодексинин новеллалары боюнча Кыргыз Республикасынын сотторунун аппараттарынын кызматкерлери үчүн  тренинг өткөрүүдө. 

Толугураак

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби “Менеджмент жана соттордо башкаруу” темасында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төрагаларына жана алардын орун басарлары үчүн тренинг өткөрдү

25.09.2017

2017-жылдын 22-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби “Борбордук Азия өлкөлөрүндө укуктук мамлекетүүлүккө көмөктөшүү» GIZ  программасы менен биргеликте “Менеджмент жана соттордо башкаруу” темасында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төрагалары жана алардын  орун басарлары үчүн бир күндүк тренинг  өткөрүлдү.

Толугураак

“Уул (кыз) асырап алуу, камкорчулук жана көзөмөлчүлүк, интернат мекемелерине балдарды жайгаштыруу тууралуу иштерди кароонун тартиби” темасында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары үчүн Ош шаарында семинар өтүүдө

21.09.2017

Бүгүн, 2017-жылдын 21-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби, Эл аралык укуктук кызматташтык боюнча Француз агенттигинин (JCI) компоненти менен Европа биримдиги каржылаган “Кыргыз Республикасында укук үстөмдүүлүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү” долбоору менен биргеликте “Уул (кыз) асырап алуу, камкорчулук жана көзөмөлчүлүк, интернат мекемелерине балдарды жайгаштыруу тууралуу иштерди кароонун тартиби” темасында Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин (28, 29, 30 бөлүмдөрү) жаңы бөлүмдөрүнүн ченемдерин колдонуу боюнча Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары үчүн эки күндүк семинар өткөрүүдө. 

Толугураак

Баткен облусундагы сот кызматкерлери кезектеги кичи-футбол боюнча мелдеш өткөрүштү

20.09.2017

Лейлек районунун борбору Исфана шаарында, Баткен облустук сотунун, райондор аралык, сот департаменти, райондук жана шаардык сотторунун судьялары жана аппарат кызматкерлеринин катышуусунда кичи-футбол өткөрүлдү.

 

Толугураак

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби “Жарандык иштерди талдоо методикасы” темасында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү соттору үчүн Ош шаарында семинар өткөрүүдө

20.09.2017

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби “Борбордук Азия өлкөлөрүндө укуктук мамлекетүүлүккө көмөктөшүү» GIZ программасы менен биргеликте 2017-жылдын 19-20-сентябрларында “Жарандык иштерди талдоо методикасы” темасында Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын жергиликтүү сотторунун судьялары үчүн эки күндүк семинар өткөрүүдө.

 

Толугураак

Сот адилеттигинин жогорку мектеби “Уул (кыз) асырап алуу, камкорчулук жана көзөмөлчүлүк, интернат мекемелерине балдарды жайгаштыруу тууралуу иштерди кароонун тартиби” темасында семинар өткөрүүдө

19.09.2017

Бүгүн, 19-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби Европа биримдигинин “Кыргыз Республикасында укук үстөмдүүлүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү” долбоору менен биргеликте “Уул (кыз) асырап алуу, камкорчулук жана көзөмөлчүлүк, интернат мекемелерине балдарды жайгаштыруу тууралуу иштерди кароонун тартиби” темасында Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин (28, 29, 30 бөлүмдөрү) жаңы бөлүмдөрүнүн ченемдерин колдонуу боюнча Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары үчүн эки                                                                       күндүк семинар өткөрүүдө. 

Толугураак

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби “Менеджмент жана соттордо башкаруу” темасында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төрагалары жана алардын орун басарлары үчүн Ош шаарында тренинг өткөрүүдө

18.09.2017

Бүгүн, 2017-жылдын 18-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби “Борбордук Азия өлкөлөрүндө укуктук мамлекетүүлүккө көмөктөшүү» GIZ  программасы менен биргеликте “Менеджмент жана соттордо башкаруу” темасында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төрагалары жана алардын  орун басарлары үчүн бир күндүк тренинг  өткөрүүдө.

 

Толугураак

Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окуу залында Кыргыз Республикасынын Сот департаментинин жана сот аткаруучуларынын кызматкерлери комплекстүү окуудан өтүшүүдө

18.09.2017

Бүгүн, 18-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби Европа биримдигинин «Кыргыз Республикасында укук үстөмдүүлүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү» долбоору менен биргеликте Комплекстүү окутуу программасы боюнча Кыргыз Республикасынын Сот департаментинин кызматкерлеринин жана сот аткаруучуларынын квалификацияларын жогорулатуу боюнча курсу өткөрүлүүдө.

 

Толугураак

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби аялдарга жана кыздарга карата кылмыштар боюнча тренерлер үчүн тренинг өткөрүүдө

15.09.2017

Кечээ, 2017-жылдын 14-сентябрында, “Кыргызстандагы гендердик зомбулуктун алдын алуу” БУУӨП долбоору каржылаган “Аял-судьяларынын кыргыз ассоциациясы” коомдук бирикмеси менен биргеликте  Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби уюштурган, аялдарга жана кыздарга карата кылмыштар боюнча тренерлер үчүн эки күндүк тренинг (ТОТ) өз ишин баштады. 

Толугураак

Кыргыз Републикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Турсунбек Акундун арызын карады

15.09.2017

Бүгүн, 15-сентябрда, Кыргыз Републикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча  соттук коллегиясы Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Турсунбек Акундун арызын карап чыгып Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун 2017-жылдын 8-сентябрындагы чечимин күчүнө калтырды. Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Турсунбек Акундун Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына карата берилген Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 4-сентябрындагы №65-чечимин жокко чыгарып берүү жөнүндөгү арызы канааттандыруусуз калтырылган. 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде өткөрүлгөн жазуу жүзүндөгү квалификациялык экзамендин жыйынтыгы боюнча натыйжаларды жарыялайт

12.09.2017

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби 2017-жылдын 26-апрелинен 17-августуна чейинки мезгилде окуудан өткөн угуучулар үчүн 2017-жылдын 11-сентябрдан баштап 12-сентябрга чейин өткөрүлгөн оозеки квалификациялык экзамендин жыйынтыгы боюнча натыйжаларды жарыялайт.

Оозеки квалификациялык экзамендин жыйынтыгы боюнча Сот адилеттигинин жогорку мектебинин угуучуларынын натыйжалары

Ысык-Көл областынын жергиликтүү сотторунун кызматкерлеринин арасында кичи-футбол боюнча кезектеги мелдеш өттү

12.09.2017

2017-жылдын 9-сентябрында Ысык-Көл областынын Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында мамлекетибизде жарыяланган “Ыйман, адеп жана маданият” жылынын алкагында Ысык-Көл областынын жергиликтүү сотторунун кызматкерлеринин арасында кичи-футбол боюнча мелдеш өттү.

Толугураак

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде өткөрүлгөн жазуу жүзүндөгү квалификациялык экзамендин жыйынтыгы боюнча натыйжаларды жарыялайт

11.09.2017

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби 2017-жылдын 26-апрелинен 17-августуна чейинки мезгилде окуудан өткөн угуучулар үчүн 2017-жылдын 4-сентябрынан баштап 6-сентябрга чейин өткөрүлгөн жазуу жүзүндөгү квалификациялык экзамендин жыйынтыгы боюнча натыйжаларды жарыялайт.

Жазуу жүзүндөгү квалификациялык экзамендин жыйынтыг боюнча Сот адилеттигинин жогорку мектебинин угуучуларынын натыйжалары.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
Жогорку соттун электрондук почтасы - supcourt@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00