Аяк Оона 2017 | Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту

Аяк Оона 2017

Жамалкан Исакова, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын судьясы: “Кеңешип кескен бармак оорубайт”

08.09.2017

“Медиация” деген сөздүн өзү бул үчүнчү бейтарап жактын жардамы менен талаш-тартыштарды чечүү дегенди түшүндүрөт. Бул түшүнүк өлкөгө 2008-жылы эле кирген, бирок жакшы жайылган жок. Ушул жылдын 22-июнунда гана Жогорку Кеңеш “Медиация жөнүндө” мыйзамын кабыл алып, Президентибиз 28-июльда кол койду. 

Коомчулук арасында жаңы аталыштагы кызматтын эл үчүн пайдасы кандай деген ойлор  жаралбай койбойт. Мындай документтин Президент тарабынан жарыяланган быйылкы ыйман, адеп жана маданият жылында кабыл алынышы да символикалуу. Анткени, медиациянын мазмуну айтып тургандай, башкы максаты чырлашкан тараптарды элдештирип, маданияттулук менен талаш-тартыштарды чечүү. 

Толугураак

Нарын облусунда эки сот имараты капиталдык оңдоолордон өткөрүлүүдө

07.09.2017

"2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү" багытындагы  мамлекеттик максаттуу программанын алкагында акыркы эки-үч жылдан бери республика боюнча бир катар сот имараттары капиталдык  ремонттон  өтөрүлүп,  айрымдары жаңы имараттарга ээ болушту.  

Толугураак

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Галина Уметалиева “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи” Ардак наамы менен сыйланды

07.09.2017

30-августта Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев социалдык-экономикалык, руханий жана интеллектуалдык потенциалынын өнүктүрүүгө өзгөчө салым кошкондугу үчүн "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө" Жарлыкка кол койду.

“Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи” ардак наамы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Галина Уметалиева сыйланды. Бишкек шаардык сотунун төрайымы Ирина Воронцова да сыйлыкка ээ болду. “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи” Ардак наамы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасы Эркинбек Мамыровко да ыйгарылды. 

Толугураак

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окуу залында “Кыйноолорду колдонуу фактылары боюнча жазык иштерди соттук кароонун өзгөчөлүктөрү” темасына тренерлер үчүн тренинг өтүүдө

06.09.2017

Бүгүн, 2017-жылдын 6-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окуу залында тренерлер үчүн үч күндүк тренинг өз ишин баштады, алар келечекте “Кыйноолорду колдонуу фактылары боюнча жазык иштерди соттук кароонун өзгөчөлүктөрү” темасына Кыргыз Республикасынын судьялары жана соттордун аппараттарынын кызматкерлери үчүн семинарларды өткөрүшөт. 

Толугураак

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун ведомстволук сыйлыктары тапшырылды

06.09.2017

«Сот тутумун өнүктүрүүдөгү салымы үчүн» медал, ардак  грамота жана ыраазычылык  кат  менен Кыргыз Республикасынын  Жогорку  Сотунун  судьялары жана  жергиликтүү соттор  сыйланышты. Салтанаттуу  жыйында Кыргыз Республикасынын  Жогорку Сотунун  төрайымы Айнаш  Токбаева ачып сыйлыктарды тапшырды.   

 

Толугураак

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби оозеки квалификациялык экзамендин суроолорунун тизмесин жана квалификациялык экзаменди өткөрүү графигин жарыялайт

05.09.2017

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин оозеки  квалификациялык сынактын суроолорунун тизмесин жарыялайт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби (мындан ары- САЖМ) 2017-жылдын 11-12-сентябрларында өтүүчү САЖМ угуучулары үчүн квалификациялык экзамендин экинчи турун даярдоонун алкагында бар болгон окутуу модулунун контролдук суроолорунан түзүлгөн, оозеки сынакка суроолордун  тизмесин жарыялайт.
 
 

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00