Тогуздун айы 2017

Нургүл Асанова Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын курамына шайланды

30.10.2017

Бүгүн, 30-октябрь 2017-жылы, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун жыйыны өттү. Күн тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун соттук коллегиясынын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясын шайлоо жөнүндө суроо коюлган.

Жогорку соттун судьялары бир добуш менен Нургүл Молдобековна Асанованы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиянын курамына шайлашты.

Жогорку соттун Төрагасынын милдетин аткаруучу Качыке Эсенканов менен Төраганын орун басары Феруза Жамашева жана судьялар жаңы шайланган судьяны куттукташты.  

Талас шаарынын № 2 мектебинде «Мыйзам – балдардын укуктарын коргоо механизми» деген темада лекция өттү

28.10.2017

2017 - жылдын  27 – октябрында Талас шаарынын № 2 мектебинде «Мыйзам – балдардын укуктарын коргоо механизми» деген темада лекция өттү.

Иш-чара Талас облустук сотунун демилгеси менен, Талас облустук сотунун төрайымы Клара Калива, Талас облустук сотунун судьясы Жылдыз Жумагулова, мектептин социалдык педагогу – Е. А. Бортникованын катышуусу менен жүргүзүлдү.

Толугураак

А.Досмамбетов: «Ар дайым мамлекетибиздин мыйзамдарын туу тутуп, бекем сактоого чакырам»

28.10.2017

Ысык-Көл областтык сотунун төрагасынын орун басары Азиз Досмамбетов Каракол шаарындагы К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин  студенттери менен жолугушту.

Иш-чара 2017-жыл Ыйман, адеп жана маданият жылынын алкагында өткөрүлдү.

Толугураак

Ош шаарында “Терроризмди каржылоо менен байланышкан иштерди сотто кароо” темасында тренинг өттү

28.10.2017

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби БУУӨП менен биргеликте “Терроризмди каржылоо менен байланышкан иштерди соттук кароо” темасында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары үчүн тренинг өткөрдү. Лектор катары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Арзыбек Акыев болду.

Тренингдин максаты Кыргыз Республикасында акчаларды адалдоо жана терроризмди каржылоо боюнча конкреттүү учурларды жана практикалык мисалдарды презентациялоону колдонуу, акчаларды адалдоо жана терроризмди каржылоо менен күрөшүүнүн алдыңкы тажрыйбалары жана учурдагы абалды терең камтуу менен, адам укуктарын сактоо жана укук үстөмдүүлүгү позициясында мындай иштерди кароодо судьялардын билимин жана көндүмдөрүн жогорулатуу болуп саналат. Тренингдин ишине Кыргыз Республикасынын түштүк регионунун  жергиликтүү сотторунун судьялары катышышты. Иш чара 2017-жылдын Окуу планына ылайык өткөрүлүүдө. 

Судьялар, прокурорлор жана адвокаттар “Жарандык процесстеги атаандаштык” темасындагы тренингке катышышты

27.10.2017

Сот адилеттигинин жогорку мектеби Европа Биримдиги  каржылаган, “Кыргыз Республикасында укук үстөмдүүлүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү” долбоорунун Француз Эл аралык укуктук кызматташтык агенттигинин компоненти менен биргеликте “Жарандык процесстеги атаандаштык” темасындагы судьялар, прокурорлор жана адвокаттар үчүн тренинг өткөрдү. Лектор катары Бишкек шаардык сотунун судьясы Ирина Горшковская болду.

Сот реформасы конкреттүү жыйынтыктарга жетишүүгө жараша бааланууга тийиш. Мындай жыйынтыктардын ичинде биринчи кезекте сот процессинде тараптардын реалдуу атаандаштыгын камсыздоо болуп саналат.

Кыргыз Республикасында жарандык иштер боюнча сот адилеттиги Жарандык процессуалдык кодекстин 10-беренесине ылайык тараптардын атаандаштыгы жана тең укуктуулуктун негизинде  ишке ашырылат. Бардык катышуучуларга бирдей мүмкүнчүлүк берүү менен сот тарабынан далилдерди ар тараптуу жана толук изилдөө үчүн бардык чаралар көрүлүүдө. Иш чара 2017-жылдын Окуу планына ылайык өткөрүлүүдө. 

“Коомдук коопсуздук жана коомдук тартипке каршы кылмыштар боюнча иштерди кароонун өзгөчөлүктөрү” темасында тренинг өттү

27.10.2017

Сот адилеттигинин жогорку мектеби “Кыргыз Республикасында тынчтыкты жана стабилдүүлүктү илгерилетүү үчүн укук үстөмдүүлүгүн бекемдөө” ПРООНдун долбоору менен биргеликте, Улуу Британия элчилиги тарабынан каржыланган “Коомдук коопсуздук жана коомдук тартипке каршы кылмыштар боюнча иштерди кароонун өзгөчөлүктөрү” темасында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү соттордун судьялары үчүн өткөрүлдү. Лектор Бишкек шаардык сотунун төрайымы, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин эксперттик-окуу комиссиясынын башчысы Ирина Воронцова болду.

Тренингде коомдук коопсуздук жана коомдук тартипке каршы кылмыштардын түрү жана курамы, алардын объекттери, объективдүү жагы, субъект, субъективдүү жагы, тартип жана коомдук  коопсуздук жана коомдук тартипке каршы кылмыштар жөнүндө кылмыш иштерди кароо өзгөчөлүктөрү каралды. Көрсөтүлгөн кылмыштардын түрлөрүн квалификациялоо.Иш чара 2017-жылдын Сот адилеттигинин жогорку мектебинин Окуу планын аткаруу максатында өткөрүлүүдө. 

Жергиликтүү соттордун судьялары үчүн адамдарды сатууга каршы аракеттенүү маселелери боюнча тренинг өтүп жатат

26.10.207

Бүгүн 26-октябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби Кыргыз Республикасындагы Миграция боюнча эл аралык уюм (МОМ) менен биргеликте, АКШ Мамлекеттик департаментинин Адамдарды сатуу менен күрөшүү жана мониторингдөө боюнча офисинин (JTIP) колдоосунда адамдарды сатууга каршы аракеттенүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын  жергиликтүү сотторунун  судьялары үчүн тренинг өткөрүүдө. 

 

Толугураак

Жер боюнча талаш тартыштарды соттор тарабынан кароо

26.10.2017

“Жер боюнча талаш тартыштарды соттор тарабынан кароо” темасында тренинг окутуу болуп  өттү.

Окутуунун максаты кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо боюнча административдик иштерди кароонун өзгөчөлүктөрү тууралуу жергиликтүү соттордун маалымдуулугун жогорулатуу болуп саналат. Мындан  сырткары жарандардын эркиндигин коргоо  менен жер мыйзамдарын жана жаңыланган процесстик мыйзамдарды колдонууну өркүндөтүү камтылган.  

Жалпысынан жергиликтүү сотторунун 15 судьясы катышышты.

Толугураак

95 жаш курагында “Даңк” медалинин ээси Жийде Бейшембаева дүйнө салды

26.10.2017

Жийде Бейшембаева 1923-жылы Чүй  облусунун  Москва  районуна  караштуу Чоң-Арык  айылында  төрөлгөн. Билими жогорку Кыргыз  Мамлекеттик  Университетинин юридикалык бөлүмүн  аяктаган. Эмгек  жолун  райондук  прокурордун  жардамчысы  кызматынан  баштаган.  1951-1955-жылдары  Ош облусунун Алай  районунун  прокурору. Андан  соң,  1957-жылга  чейин  Ош  облусунун  прокурору, 1957-1960-жылдар  аралыгында Кара-Суу райондук КПнын катчысы, 1960-жылы  болсо Ош  облусттук  сотунун  мүчөсү, 1971-жылдын 21-январь  айында  Кыргыз  ССРнин Жогорку  сотунун мүчөсү болуп 10 жылга  жакын эмгектенип ардактуу пенсияга узатылган. Өзүнүн  эмгек  жолунда Жийде Бейшембаева сот тутумунун  өнүгүшүнө  чоң салым  кошуп адилеттүү  сот  катары кесиптештеринин  жана  элдин  эсинде  калды.

Жийде Бейшембаеванын  эмгеги  мамлекет  тарабынан жогору  бааланып бир  катар  сыйлыктарга  татыган.  Анын ичинде КРнын  “Даңк”  медали жана  В.И. Лениндин  100  жылдыгына арналган “За доблестный труд”  медали да  бар.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, жергиликтүү сотторунун судьялары, аппарат кызматкерлери жана ардагерлер кеңеши Жийде Бейшембаеванын  туугандарына жана жакындарына оор жоготуусун тең бөлүшүп, терең  кайгыруу менен көңүл айтат.

ШКУга кирген өлкөлөрдүн Жогорку Соттордун төрагаларынын жыйыны Өзбекстан Республикасында өтүүдө

25.10.2017

Шанхай Кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттердин Жогорку Сотторунун  төрагаларынын 12-жыйыны бүгүн  Ташкент  шаарында  башталды. Бул ирет жыйынга Өзбекстан  төрагалык кылууда. Белгилей кетсек, биринчи жолу сегиз мамлекеттин өкүлдөрү  бир  столго  чогулду.

Алар: Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикистан, Өзбекстан  жана Кыргызстан.

 

Толугураак

Нургүл Асанова Жогорку соттун судьяларынын катарын толуктады

25.10.2017

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы кызмат ордуна Нургүл Асанова  шайланды. Мындай чечим бүгүн Жогорку  Кеңештин  жалпы  жыйынында кабыл  алынды.

Талапкер Жогорку Кеӊешке Президент  тарабынан сунушталып, алгач  тиешелүү  комитетте  каралган. Бүгүн, Нургүл Асанованы  80  депутат  колдоду.

Нургүл Асанова 56 жашта. Жогорку билимдүү. Кыргыз улуттук университетинин юридика бөлүмүн бүтүргөн. Юридикалык иш стажы – 27 жыл, анын ичинде 13 жыл судья болуп иштеген.

Жыйынга төрагалык кылган  Данияр Төлөнов жалпы депутаттардын атынан Нургүл Асанованы жооптуу кызматка шайланышы жана салтанаттуу ант бериши менен куттуктап, анын ишинде ийгиликтерди каалады.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымына «Кыргызстан аялдары» энциклопедиясы тапшырылды

23.10.2017

Бүгүн, 23-октябрда, Кыргыз Республикасынын  Жогорку сотунун  төрайымы Айнаш Токбаева Кыргызстан  аялдар  конгрессинин  президенти Замира Акбагышеваны  кабыл  алды. Жолугушууда, Замира Акбагышева «Кыргызстан аялдары» энциклопедиясынын төртүнчү  томун тапшырды.  

Өз сөзүндө,  аялдар  конгрессинин президенти  «Сиз гуманизм үчүн кызмат өтөп, элге пайдалуу көп иштердин үстүндө эмгектенип келесиз. Баардык иштеген жериңизде адамдык бийик сапаттарды, профессионалдык деңгээлиңизди, лидердик сапаттарыңызды көрсөтүп келе жатасыз. Сот системасында тажрыйбаңызды Кыргызстандын өнүгүүсүнө арнап жатасыз.  Ошол себептен биз сизди энциклопедияга киргизүүнү туура көрдүк», - деп белгиледи.

Белгилей  кетсек, Бишкек шаарында өлкөнүн  биринчи  канайымы Раиса Атамбаева, Өкмөттүн Чүй  облусу боюнча өкүлү Бактыбек Кудайбергенов жана бир катар элчилердин катышуусунда энциклопедиянын  бет  ачары  болгон. 

Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу сот кызматкерлери үйлүү болуу алдында турушат

21.10.2017

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  бүгүн, 21-октябрда, сот системасынын кызматкерлери үчүн көп батирлүү эки үйдүн курулушу түшкөн жерге капсула  салды.

Айта  кетсек,  бул  жерге  тогуз  кабатуу  2  турак  үйдүн  курулушу  күтүлүп  жатат. Аны  менен  171 батир сот  кызматкерлерине  тапшырылат.

Толугураак

Жергиликтүү соттордун судьялары адамдарды сатууга каршы аракеттенүү маселелери боюнча тренингке катышууда

20.10.2017

Адамдарды сатуу менен байланышкан иштерди кароодо судьялардын билимин жана кесипкөйлүгүн жогорулатуу максатында Ош шаарында окутуу тренинги  өтүүдө. Мында өз тажрыйбалары менен  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары - Турсунгул Чаргинова, Шералы Камчыбеков жана Нургуль Асанова экс-судья, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин лектору бөлүшүшүүдө.

Иш чара Кыргыз Өкмөтүнүн 2013-жылдын 14-январындагы №14 токтому менен бекитилип, адамдарды сатуу менен күрөшүү боюнча Өкмөтүк программанын ошондой эле 2017-жылга Сот адилеттигинин жогорку мектебинин Окуу планын аткаруу алкагында өткөрүлүүдө.  

Маалым болгондой, Кыргызстанда “Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү” Мыйзам кабыл алынган. Адамдын эркиндиги, намысы, кадыр-баркы жана башка ажырагыс укуктары эң жогорку баалуулук болуп саналат, аларды камсыздоо баш мыйзам менен бекемделген.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
Жогорку соттун электрондук почтасы - supcourt@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00