Жетинин Айы 2017

2017-жылдын 1-декабрында, саат 10.00 до Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун отуруму болот

30.11.2017

Күн тартибинде:

1.   “ Адам өлтүрүүлөр жөнүндөгү жана саламаттыкка оор залал келтирүүдөн жабырлануучунун өлүмүнө алып келген  иштер боюнча соттук практика тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун токтому.

2. “Кыргыз Республикасынын “Банкроттук (кудуретсиздик)” жөнүндөгү Мыйзамын колдонуу тажрыйбасынын кээ бир маселелери тууралуу”  Кыргыз Республикасынын  Жогорку сотунун Пленумунун токтому.

Пленумдун ишине  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы  Айнаш Токбаева, Жогорку соттун судьялары, жергиликтүү  соттордун төрагалары жана Кыргыз Республикасынын  Башкы прокурорунун орун басары  Людмила Усманова, Кыргыз Республикасынын Юстиция  министринин орун басары Равшан Абдуллаев, ошондой эле  Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жана  Кыргыз Республикасынын  Экономика министрлигинин алдындагы  Банкроттук  иштер боюнча департаменттин өкүлдөрү катышат.

Расия Эралиева, Жогорку соттун отставкадагы судьясы:“Басма сөз катчылар соттук чечимдерди гана чагылдырып чектелбестен, жарандардын укуктук маданиятын да көтөрүүгө жардам бериш керек”

30.11.2017

Бүгүн,  2017-жылдын 30-ноябрда,   Бишкекте Кыргыз Республикасынын  сот тутумунун басма сөз катчылары үчүн  тренинг башталды.

 “ Заманбап басма сөз кызматынын  жалпыга маалымдоо каражаттары менен  болгон иштөө формасы жана ыкмасы” деген  аталыштагы эки күндүк тренингди өлкөнүн алдыңкы медиа-эксперттери, судьялар алып барышат. 

Толугураак

 

Сот адилеттигинин жогорку мектебинде инсандардын жеке өз ара аракеттенүүсү, чечендик өнөр жана конфликтология боюнча социалдык-психологиялык тренинг өтүүдө

29.11.2017

Бүгүн, 29 – ноябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби ЮСАИД/ИДЛО өнүктүрүү укугу боюнча эл аралык уюмдун көмөктөшүүсү менен инсандардын жеке өз ара аракеттенүүсү, чечендик өнөр жана конфликтология боюнча эки күндүк социалдык-психологиялык тренинг өткөрүүдө.

Философия илимдеринин кандидаты, Бишкек шаарында чечендик чеберчилик жана лидерлик мектебинин негиздөөчүсү - Талантбек Эгембердиев тренер катары чыкты.

Семинар Сот адилеттигинин жогорку мектебинин 2017-жылга Окуу планын аткаруунун алкагында өткөрүлүүдө.    

Сот имараттары капиталдык ремонттон өтүүдө

29.11.2017

Нарын облусундагы Кочкор, Жумгал жана Ат-Башы райондорундагы сот имараттары быйыл  капиталдык ремонттон өтүп жатышат. Анткени, көптөн бери аталган имараттар жараксыз абалга жетип, чатырларынан тамчы агып, кыш мезгилдеринде от казандары жакшы жылыбай  кыйналып келишкен. Жогоруда аталган имараттардын ичинен Кочкор  райондук сотунун имараты гана толук капиталдык ремонттон өткөрүлгөн. Анда иштеп жаткан кызматкерлер таза, жарык жана жылуу имаратта иштөө бир топ эле ыңгайлуу экенин белгилешти.

 

 

Толугураак

Кыйноо менен айыпталган үч милиция кызматкери жазаланды

28.11.2017

Кыйноо менен айыпталган үч милиция кызматкерлеринин жазык иш боюнча жергиликтүү соттордун өкүмдөрү күчүндө калтырылды.

 2017-жылдын 27-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясы ачык соттук отурумда Нарын шаардык сотунун 2017-жылдын 5-июлундагы жана Нарын областтык сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2017-жылдын 17-августундагы өкүмдөрүнө карата тараптардын көзөмөл даттанууларынын негизинде кыйноо менен айыпталган үч милиция кызматкеринин  жазык иши каралды.

Толугураак

Студенттер кызматтык кылмыштарга кызыгышты

28.11.2017

 2017-жылдын 27-ноябрында жаштар арасында укуктук сабаттуулукту жогорулатуу максатында Талас облустук сотунун судьялары Мирлан Боромбаев жана  Курал Эстебесов Талас Мамлекеттик Университетинин «Кесиптик орто билим берүү» колледжинде укуктук жактан  түшүндүрүү ишин  жүргүзүштү.

Судьялар аталган окуу жайдын юридикалык бөлүмүнүн  студенттери менен жолугушуп, анда Кыргыз Республикасынын сотторунун структурасы, функциялары жана милдеттери туурасында кеңири маалымат беришти.  Мындан тышкары, Жарандык-процесстик жана Администрациялык-процесстик жаңы редакциядагы кодекстеринин  өзгөчөлүгүн, алардын эски кодексттер менен айрымаларын, башка процесстик укук ченемдери менен  өз ара аракеттенүү байланышы жөнүндө айтып беришти.

Толугураак

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Жогорку соттун Төрайымы Айнаш Токбаева менен жолукту

27.11.2017

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-ноябрда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков, Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жана Жогорку соттун Төрайымы Айнаш Токбаева менен жолугушту.

Анда, өлкө башчысы бийликтин баардык бутактары өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү, тынчтыкты бекемдөө үчүн жооп берээрин жана мамлекет менен элдин кызыкчылыгында бирдиктүү, эриш-аркак иштеши керектигин белгиледи. Ал эми, “Жогорку сот системадагы реформаларды улантып, өз ишмердигинде мыйзамдын үстөмдүгүн камсыздашы керек”-деди.

Пикир алмашуудан кийин мамлекет башчысы жакын арада ар бир бийлик бутагынын артыкчылыктуу маселелерин жана багыттарын терең талкуулоо үчүн өзүнчө жолугушуу өткөрүү ниетин билдирди.

Айнаш Токбаева, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы: “Өзүңүздүн асыл касиеттериңиз менен адамга жакшылык гана кылуунун ажайып үлгүсү болуңуз”

24.11.2017

Бүгүн, 24-ноябрда, Кыргыз  Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Айнаш Токбаева, “Ала-Арча” Мамлекеттик резиденциясындагы “Эне-сай” кабыл алуу үйүндө Сооронбай Жээнбековдун Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына расмий киришүү салтанаттуу аземине катышып куттуктады.

Төмөндө Төрайымдын куттуктоосунун тексти келтирилет:

Урматтуу  Сооронбай Шарипович!

Сизди Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына расмий киришүүңүз менен  чын  дилимден куттуктайм!

 Кыргыз  тарыхында   ар  дайым  баатырлар менен акылмандардын ысмы улуттук даңазага  айланып, элдин жүрөгүндө түбөлүк  сакталып  келет. Андыктан,  адамдын  негизги  байлыгы - анын  адамгерчилиги экенин  туу  тутуп, өзүңүздүн асыл касиеттериңиз менен адамга жакшылык гана кылуунун ажайып үлгүсү болуңуз. Себеби, өмүргө  бир гана жаралган ар  бир адам  баласы  үчүн бул өзгөчө ыйык озуйпа. 

Тарых  менен  тагдыр  бизге  эрктүү мамлекет  түзүү мүмкүнчүлүгүн  берди. Сиздин жогорку  профессионалдуулугуңуз, түз жана ак  ниеттүүлүгүңүз  кыргыз  элинин бакубаттуу  жашоосу  үчүн  жумшаларына  ишенем!

Сизге  чың ден-соолук, узун  өмүр, үй-бүлөңүзгө амандык  каалайм!

Окуучулар сот системасы боюнча маалыматтуулугун жогорулатууда

24.11.2017

2017-жылдын 24-ноябрында Ысык-Көл областтык сотунун судьясы Аида Рыскулова Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районундагы Балтабай айылынын  Арстаке уулу Абдылда атындагы орто мектебинин 9-10-класстарынын окуучулары менен жолугушту.

Бул иш чара аймактардагы  мектептердин жогорку класстарынын окуучуларынын Кыргыз Республикасынын сот системасы жөнүндө маалыматтуулугун жогорулатуу максатында өткөрүлдү.

Толугураак

Таласта студенттер укуктук сабаттуулугун жогорулатышууда

22.11.2017

Талас шаарындагы «ИСИТО» кесиптик колледжинде, Талас облустук сотунун төрагасынын орун басары Токтосун уулу Каныбек студенттерге  лекция өттү.

      Лекциянын жүрүшүндө  бүгүнкү күндө балдардын укугун коргоо чөйрөсүндө болуп жаткан өзгөрүүлөр жана жетишкендиктер туурасында кеңири айтып  берилди.  Ошону менен бирге жаштар арасында кылмыштарды жасоо себептери, тенденциялар жана көйгөйлөрүн студенттер менен бирге талкуулоого мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Толугураак

Айнаш Токбаева, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы: “Мыйзамдын ишенимдүү сакчылары катары мамлекетке жана элге берилип ак ниет кызмат кылуунун үлгүсүн көрсөтүшүңүздөр керек”

22.11.2017

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Айнаш Токбаева бүгүн,  22-ноябрда, Кыргыз Республикасынын прокуратура кызматкерлеринин күнүнө арналган  салтанаттуу иш чарага катышып  куттуктады.

Өз сөзүндө Жогорку соттун  төрайымы прокуратура кызматкерлерине өлкөдөгү мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөл кылуу, жарандардын мыйзамдуу укуктарын коргоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча өзгөчө маанилүү жана жооптуу милдет жүктөлүп, өз милдеттерин татыктуу аткарып келе жаткандыгын белгилеп өттү.

“Мындан ары дагы, Сиздер, Мыйзамдын ишенимдүү сакчылары катары мамлекетке жана элге берилип  ак ниет кызмат кылуунун үлгүсүн көрсөтүшүңүздөргө тилектешбиз”-деп билдирди.

Майрамдын урматына Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Индира Жолдубаевага жана Башкы прокурордун   орун басары  Людмила Усмановага  мыйзамдуулуктун сакталышына кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун “Ардак грамотасы” тапшырылды. Мындан тышкары өз кесибинде өзгөчөлөнгөн алты кызматкерине  “Алкыш”  жарыяланды.

Судьялар улуттук экологиялык мыйзамдуулукту талкуулашты

21.11.2017

Баткен облусунда, ушул жылдын 17-ноябрында, судьялар жана сот кызматкерлери үчүн Орхус Конвенциясынын жоболорун колдонуу жана Кыргыз Республикасынын улуттук экологиялык мыйзамдуулугу тууралуу окуу семинар өткөрүлдү.  Айлана- чөйрөгө укуктук мааниде көңүл буруу максатын көздөгөн семинарда Кыргыз Республикасынын  Жогорку сотунун судьясы Дилара Арстанбаева жана укуктук эксперт Венера Болтобаевалар тренер болушту.

Окуу семинарда  жарандарын ар кандай тармактарда экологиялык мыйзамдуулугун жана Орхус конвенциясынынын жоболоруна ылайык мамиле жасоо тууралуу түшүндүрмө берилди.

Семинар негизинен үч багытты көздөп, айлана-чөйрө боюнча маалымат алуу укугу, бул багытта кабыл алынган чечимдерге коомчулуктун катышуу укугу, ошондой эле айлана-чөйрөдөгү суроолор боюнча сот адилеттигин камсыз кылуу каралган.

Толугураак

Кыргыз Республикасынын Жогорку соту мыкты эссе сынагын жарыялайт

21.11.2017

Жогорку соттун алдындагы Сот департаменти жана Сот адилеттигинин жогорку мектеби, Кыргыз Республикасынын сот тутумундагы аппарат кызматкерлеринин арасында  мыкты эссеге  сынак жарыяланып жатат.  Ушундай эле сынак  жогорку окуу жайлардын юридикалык факультеттеринин бүтүрүүчү курстарынын студенттери арасында дагы “Кыргыз Республикасынын сот системасын өнүктүрүү келечектери” темасында уюштурулат.

 

Толугураак расмий тилинде

Жаш муундардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу колго алынууда

20.11.2017

2017- жылдын 17-ноябрында Талас облустук сотунда  Талас шаарынын № 1 – мектебинин  9-классынын  окуучулары үчүн «Ачык эшиктер күнү» уюштурулдуБул  иш-чара жаш муундардын  укуктук сабаттуулугун жогорулатууга жана сот тутумуна ишенимди  арттырууга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сыйлоого, ошондой эле сот адилеттигинин ачык-айкындуулугуна багытталган.

Жолугушуунун алкагында төраганын орун басарлары Токтосун уулу Каныбек жана Жамангулов Жыргалбек сот имаратында окуучулар үчүн  экскурссия жана маектешүүөткөрүп, анын алкагында судьялардын жана соттун аппарат кызматкерлеринин ишмердүүлүгү жөнүндө кеңири айтып беришти. Мындан тышкары фемида өкүлдөрү   Кыргыз Республикасынын «Балдар жөнүндө» кодексине ылайык балдардын укуктары туурасында, мыйзамдарды урматтоо жана аларды милдетүү түрдө аткаруу  боюнча дагы  маалымат беришти. Жыйынтыгында   судьялар окуучуларга билим алууда ийгиликтерди каалап, келечекте  мыкты кесиптин ээси болууга чакырышты. 

Окуучулар Сузак райондук сотунда болушту

20.11.2017

Жалал-Абад областынын Сузак райондук соту 2017-жылдын 17-ноябрында мектептердин бүтүрүүчү класстарынын окуучуларына ачык эшиктер күнүн уюштуруп берди. 

Соттун төрайымы А.Смадиярова окуучуларга  райондук сот менен апелляциялык, кассациялык жана көзөмөл инстанциядагы соттун айырмасын айтып берип, андан кийин окуучулардын келечекке койгон пландары менен таанышып, өздөрүнүн тажрыйбалуу кеңештерин келечектеги адистерге берди. Фемиданын өкүлү жаштарды өз мекенинин мыйзамды сыйлаган атуул болуусуна жана өсүп келе жаткан өспүрүмдөргө үлгү болуп берүүсүнө чакырды.

Толугураак

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
Жогорку соттун электрондук почтасы - supcourt@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00