Жетинин Айы 2017 | Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту

Жетинин Айы 2017

Камиль Осмоналиевге Ысык-Көл Мамлекеттик Университетинин “Ардактуу профессору” наамы ыйгарылды

17.11.2017

Бүгүн,  17-ноябрда, Кыргыз  Республикасынын Жогорку Соттун судьясы Камиль Осмоналиевге Ысык-Көл Мамлекеттик Университетинин “Ардактуу профессору” наамы ыйгарылды. Мындай чечимди окуу жайдын илимий кеңеши бир добуштан колдогонун  Касым Тыныстановдун  ысымын алып жүргөн университеттин ректору Курманбек Абдылдаев салтанаттуу жыйында билдирди. Сыйлыкты тапшырууга Ысык-Кол облусунан атайын делегация  Кыргыз Республикасынын Жогорку  Сотуна келишти. Айта  кетсек, Камиль Осмоналиев көп жылдар  бою аталган окуу жай менен тыгыз кызматташтыкта болуп, түрдүү тегерек стол, семинарларында баалуу ойлору менен бөлүшүп окуу жайдын өнүгүшүнө өз салымын кошуп келет. Учурда болсо Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун пленумдун катчысы жана судьялык  милдеттин аткарып келет. Салтанаттуу жыйында сыйлык ээсин Жогорку Соттун  кызматкерлери жана судьялар куттукташты. Өз кезегинде Камиль Осмоналиев  ыраазычылык билдирип, мындан ары дагы аталган окуу жай менен тыгыз кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Толугураак

Сот департаментинин кызматчылары жана сот аткаруучулар комплекстүү окуудан өтүшүүдө

17.11.2017

2017-жылдын 13- ноябрдан 18 – ноябрга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби Европа биримдигинин «Кыргыз Республикасында укук үстөмдүүлүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү» долбоору менен биргеликте Комплекстүү окутуу программасы боюнча Кыргыз Республикасынын Сот департаментинин кызматкерлеринин жана сот аткаруучуларынын квалификациясын жогорулатуу курсун өткөрүүдө.

Окуу модулдары 2017-жылдын 1-июлунда күчүнө кирген, Кыргыз Республикасынын «Сот аткаруучуларынын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» мыйзамына ылайык, киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен мыйзамдардын талаптарына жана сот практикасына ылайык иштелип чыкты.

Толугураак

Студенттер укуктук жактан кеңири маалымат алышты

17.11.2017

Социологиялык иликтөөлөр  көрсөткөндөй     жарандарыбыздын басымдуу бөлүгү юридикалык өңүттөн алганда     өздөрү туш болгон   ченемдик укуктук актыларга келгенде бир катар  тоскоолдуктарга туш болуп жаткан  фактылар аз эмес.   

Ушундан улам, жарандардын укуктук билимин жакшыртуу  максатында  Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту тарабынан бекитилген иш чарага ылайык         мезгил-мезгили менен судьялардын катышуусунда эмгек жамааттарында     жолугушууларды уюштуруу иштери   каралган. Андыктан,  иш чаранын алкагында   “Сот системасы анда иштин кароонун тартиптери” - деген теманын алдында апта  ичинде   Нарын мамлекеттик университетинин  агрардык техникалык факультетинин  студенттери  менен жолугушуу уюштурулду.

Толугураак

“Жаңы жарандык процесстик кодексин колдонуунун айрым маселелери” темасында семинар өтүүдө

14.11.2017

Бүгүн, 14 – ноябрда, “Жаңы процесстик кодексин колдонуунун айрым маселелери” темасында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү судьялары үчүн эки күндүк семинар башталды.

Маалым  болгондой,  2017-жылдын 1-июлунан баштап күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексин колдонуу боюнча Кыргыз Республикасынын судьяларынын билимин  жана тажрыйбаларын кеңейтүүгө багытталган.

Семинар, Сот адилеттигинин жогорку мектеби “Борбордук Азия өлкөлөрүндө укуктук мамлекетүүлүккө көмөктөшүү” Эл аралык кызматташтык боюнча Герман коомунун (GIZ) программасы менен биргеликте уюштурулган

Тренер катары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы - Гульбара Калиева, GIZ программасынын эксперти - Томас Херманн, Кыргызстандагы GIZ программасынын улуттук координатору - Рустам Мадалиев чакырылган.

Соңунда  программасы боюнча маселелердин 9 блогу каралып, талкуулардан кийин катышуучулар арасында анкеталоо жүргүзүлүп сертификаттар тапшырылат.

Сот департаментинин кызматчылары жана сот аткаруучулар комплекстүү окуудан өтүшүүдө

14.11.2017

Ушул күндөрү  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби Европа биримдигинин «Кыргыз Республикасында укук үстөмдүүлүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү» долбоору менен биргеликте Комплекстүү окутуу программасы боюнча Кыргыз Республикасынын Сот департаментинин кызматкерлеринин жана сот аткаруучуларынын квалификациясын жогорулатуу курсун өткөрүүдө.

Окуу модулдары 2017-жылдын 1-июлунда күчүнө кирген, Кыргыз Республикасынын «Сот аткаруучуларынын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» мыйзамына ылайык киргизилген. 

Толугураак

I –инстанциядагы соттордун аппараттарынын кызматчылары окуудан өтүп жатышат

14.11.2017

Ушул күндөрү  сот аппараттарынын кызматчыларынын квалификациясын жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасында сот тутумун бекемдөө боюнча USAID/IDLO программасынын колдоосунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби тарабынан уюштурулган.  Комплекстүү программа боюнча I – инстанциядагы сотторунун аппараттарынын бөлүм башчылары жана жергиликтүү соттордун соттук отурумдарынын катчылары үчүн окутуу өткөрүлүп жатат.

Окутуу беш күнгө созулуп, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окуу залында 2017-жылга Сот адилеттигинин жогорку мектебинин Окуу планын аткаруунун алкагында өткөрүлүүдө. Ушундай эле окутуу бөлүм башчылар үчүн 2017-жылдын 20-ноябрынан 24-ноябрына чейин, катчылар үчүн 2017-жылдын 20-ноябрынан 24-ноябрына чейин   жана 2017-жылдын 27-ноябрынан 2-декабрга чейин өтөт. 

Талас шаарында “Орхус конвенциясынын жоболорун жана Кыргыз Республикасынын улуттук экологиялык мыйзамдардын колдонуу” темасында тренинг өттү

13.11.2017

10-ноябрда, Сот адилеттигинин жогорку мектеби Бишкек шаарындагы Орхусс борбору менен биргеликте уюштурулган “Орхус конвенциясынын жоболорун жана Кыргыз Республикасынын улуттук экологиялык мыйзамдарын колдонуу” темасында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары үчүн тренинг өткөрүлдү.

Тренерлер катары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы – Д.Арстанбаева,”Укукту жана бизнести өнүктүрүү фонду” (LBD Consulting) коомдук фондунун укуктук эксперти – В.Болтобаева болушту. 

Тренингдин максаты Орхус конвенциясынын ченемдерин колдонуу, экологияга жана айлана чөйрөнү коргоого тиешелүү маселелер боюнча сот адилеттигине жетимдүүлүк жана кабыл алуу чечимдерине коомчулуктун катышуусу тууралуу маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын судьяларынын потенциалын жогорулатуу болуп саналат. 

Ош шаарында үй-бүлөлүк талаш тартыштар боюнча семинар өттү

13.11.2017

10-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби “Үй-бүлөлүк талаш-тартыштар – никени бузуу, алимент өндүрүп алуу” темасына Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары үчүн семинар өткөрдү. 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары - Н.Сатыбалдиева, Ж.Исакова, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин директорунун орун басары -  Д. Райымкулова семинарга катышып, маалымат беришти.

Семинардын максаты үй-бүлөлүк талаш тарташтар боюнча сот өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрү, үй-бүлөлук мамилелерден келип чыккан иштердин категориялары, бул иштер боюнча процесстин катышуучуларынын курамы, алардын укуктары жана милдеттери, соттук териштирүүгө жана маселелерди чечүүгө иштерди даярдоонун негизги эрежелери, үй-бүлөлүк талаш тарташтарды кароонун жүрүшүндө пайда болгон арыздар жана  өтүнүчтөр менен тааныштыруу болду.

Семинар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 25-июнундагы № 4267-V токтому менен бекитилген, "2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү" боюнча Мамлекеттик максаттуу программанын иш чараларын, ошондой эле 2017-жылдын Окуу планын аткаруу максатында өткөрүлдү.  

Айнаш Токбаева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрайымы: “Сөз – улуу, кудуреттүү жана таасирдүү курал!”

10.11.2017

Бүгүн, 10-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Айнаш Токбаева судья Шерали Камчыбеков жана Жогорку соттун аппарат жетекчиси Маратбек Осмонкулов массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушту. Ага өлкөдөгү алдыңкы гезит жана сайттардын, теле жана радиолордун башкы редакторлору келишти. Алгач, журналисттерге Жогорку соттун имаратында атайын экскурсия уюштурулуп, анын тарыхы жана азыркы учурда жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалыматтар берилди. Андан соң Айнаш Токбаева,  журналисттерди жакында болуп өткөн маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктап өттү. Өз сөзүндө Жогорку соттун төрайымы журналисттер коомдук пикирди жаратып жаткандыктан, далилдүү фактыларга таянып гана маалыматтарды берип турууга чакырды.

Толугураак

Талас облусундагы жергиликтүү соттор 9 айдын жыйынтыгын чыгарышты

09.11.2017

Талас облустук  сотунда 2017-жылдын 2- ноябрында Талас облусунун жергиликтүү сотторунун 2017-жылдын 9 ай ичиндеги  ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган кеңешме өттү.

Жыйындын жүрүшүндө  облустук сотунун төрайымы Клара Калиева, анын орун басарлары  Молдозак Ибраимов жана Токтосун уулу Каныбек  баяндамалар менен чыгып сүйлөп, I-инстанциядагы соттордо каралган жазык, административдик, жарандык жана экономикалык иштер боюнча өткөн отчеттук мезгилге салыштырмалуу кеңири маалымат беришти.

 Кеңешменин жүрүшүндө судьялар менен сот адилеттигин ишке ашыруудагы багыттар, сот адилеттигин аткаруунун сапаттуулугу, процессуалдык мөөнөттөрдү сактоо, ишти созууга жол бербөө жана соттук этиканы сактоо маселелери талкууланды.

Ден – соолук өмүр булагы жана биринчи байлык

08.11.2017

Талас облустук соту, Талас шаарында  волейбол жана кичи футбол боюнча кезектеги мелдешти өткөрдү.  Мелдешке Талас облусунун жергиликтүү курама командалары катышты. Спортчулардын алдында чыгып сүйлөгөн Талас облустук сотунун төрага орун басары Токтосун уулу Каныбек мындай иш чараларды өткөрүү кызматкерлердин ортосунда тыгыз байланышты, күч аракеттерин сынаганга жана тажрыйба менен  бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк берээрин айтты.

 

Толугураак

    

Жогорку соттун кызматкерлери репрессия курмандыктарын эскеришти

08.11.2017

Бүгүн, 8-ноябрда Кыргыз  Республикасынын Жогорку  Сотунун кызматкерлери  Бишкек шаарындагы тарыхый  мааниси  бар эстелик монументтерге  гүл коюшту. Жогорку соттун аппарат жетекчиси Маратбек Осмонкулов баш болгон  аппараттын өкүлдөрү, Эркиндик бульварындагы  массалык репрессияда курман болгондорго арналган монументке барышты. Анда,  1916-жылкы Улуттук боштондук көтөрүлүшүнүн тарыхый мааниси зор экенин айтышып,   кийинки муундар кыргыз элинин ата-бабадан мураска калган жерине толук ээ болууну, эркиндикти, теңдикти эңсеген бул күрөштү эч качан  унутпашы керек экендигин белгилешти.

Толугураак

Токтогул райондук соту жаңылануу алдында турат

07.11.2017

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы  Айнаш Токбаева Токтогул райондук сотунун имаратында жүрүп жаткан ремонт иштери менен таанышты. Жогорку соттун төрайымын Кыргыз Республикасынын Жогорку  сотуна караштуу Сот департаментинин  Жалал-Абад облустук башкармалыгынын  директору Кубанычбек Капалов, Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы Шаршенбек Камбаров жана Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук сотунун төрайымы Гулмира Бапанова  коштоп жүрүштү.

Толугураак

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00