Жетинин Айы 2017 | Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту

Жетинин Айы 2017

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Айнаш Токбаева маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады

07.11.2017

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун  жана жеке өзүмдүн атымдан кесиптик майрамыңыздар  менен куттуктайм!  Демократиялык баалуулуктарга өзгөчө көңүл буруп, эл бийлигин орнотуу жолунда болгон өлкөбүз үчүн бул майрам чындыктын, сөз эркиндигинин жана ачык-айкындыктын белгиси болуп калды.    Коомдук  пикирди  жаратууда ар бир жазылган  маалыматтын  орду  чоң. Ишенимдүү факты  менен жеткирилген кабар бүтүндөй бир системанын  ийгилиги.

Толугураак

Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева: «Тарыхы жок эл болбойт, тамыры жок жер болбойт”

07.11.2017

Кыргыз Республикасынын Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева, 7-ноябрда, Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө байланыштуу “Ата-Бейит” Улуттук  тарыхый-мемориалдык комплексинде болду.

Иш чарага президент Алмазбек Атамбаев,  Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек  Жумабеков, премьер-министр Сапар Исаков катышып, 1916-жылдагы трагедиялуу окуяларда курман болгондордун мемориалына, саясый  репрессиялардын курмандыктарынын эстелик-мемориалына, Ч.Т.Айтматовдун бейитине гүл коюшту.

Толугураак

Жалал-Абад облустук соту Ачык эшиктер күнүн өткөрдү

03.11.2017

Бүгүн, облустук сотко Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 1-2-курстарынын студенттери жана Укук, бизнес жана билим берүү академиясынын 2-4-курстарынын студенттери келишти.

Меймандарды облустук соттун басма-сөз катчысы М.Болотов тосуп алып, аларды коштоп, аларга облустук соттун кеңсесине иштер даттануу менен түшкөндөн баштап иштер кантип каралып бүтөөрүнө чейинки 2-инстанциядагы соттун ишмердүүлүгү жана иш алып баруусу боюнча маалымат берди.      

Толугураак

“Калктын ден соолугуна жана коомдук адеп-ахлакка каршы кылмыштарды кароо өзгөчөлүктөрү” темасында тренинг өтүүдө

03.11.2017

Бүгүн, 3-ноябрда, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин 2017-жылга Окуу планын аткаруу максатында, Сот адилеттигинин жогорку мектеби Улуу Британия элчилиги тарабынан каржылаган, “Кыргыз Республикасында тынчтыкты жана стабилдүүлүктү илгерилетүү үчүн укук үстөмдүүлугүн бекемдөө” ПРООНдун долбоору менен биргеликте  уюштурулган “Калктын ден соолугуна жана коомдук адеп-ахлакка каршы кылмыштарды кароо өзгөчөлүктөрү” темасында Кыргыз Республикасынын  жергиликтүү сотторунун судьялары үчүн тренинг өткөрүүдө. . 

Лектор катары Бишкек шаардык сотунун судьясы Жаныл Мамбеталы чыкты.

Тренингде дүйнө жүзүндө  кеңири масштабдагы көйгөй болуп саналган, калктын ден соолугуна жана коомдук адеп-ахлакка каршы кылмыштар боюнча актуалдуу маселелер каралат. Алар өлкөнүн генофондуна жана мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч  туудурат.  

“Аялдарга жана кыздарга карата жасалган гендердик кылмыштар боюнча сот иштерин кароо” темасында семинар өттү

03.11.2017

“Кыргызстандагы гендердик зомбулуктун алдын алуу” ПРООНдун долбоорунун алкагында “Аял-судьяларынын кыргыз  ассоциациясы” коомдук бирикмеси менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби уюштурган, аялдарга жана кыздарга карата жасалган  гендердик кылмыштар боюнча семинар өттү.

Семинардын ишине Кыргыз Республикасынын жергиликтүү соттордун судьяларынын жардамчылары катышышты.

Лекторлор катары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Шералы Камчибеков жана Бишкек ш. Октябрь райондук сотунун судьясы  Кымбат Архарова болушту.

Семинар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-июнундагы №443 токтому менен бекитилген, 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликке жетишүү боюнча Улуттук иш-аракеттер планын, ошондой эле 2017-жылга Сот адилеттигинин жогорку мектебинин Окуу планын  аткаруу үчүн өткөрүлдү.

Укуктук сабатттулукту жогорулатуу максатында Жалал-Абадта студенттерге ачык лекция өткөрүлдү

03.11.2017

2017-жылдын 1-ноябрь күнү Жалал-Абад областынын райондор аралык сотунун төрагасы Б.Мажитов, Сузак райондук сотунун төрайымы А.Смадиярова жана Жалал-Абад облустук сотунун басма-сөз катчысы М.Болотов Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университетинде ачык лекция өткөрүштү. Лекция студенттердин укуктук сабаттуулугун жана маданиятын жогорулатуу максатын көздөдү. 

Толугураак

Нарын шаарында “Орхус конвенциясынын жоболорун жана Кыргыз Республикасынын улуттук экологиялык мыйзамдардын колдонуу” темасында тренинг өтүүдө

03.11.2017

Бүгүн, 3-ноябрда Сот адилеттигинин жогорку мектеби Бишкек шаарындагы Орхусс борбору менен биргеликте уюштурулган “Орхус конвенциясынын жоболорун жана Кыргыз Республикасынын улуттук экологиялык мыйзамдарын колдонуу” темасында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары үчүн тренинг өткөрүүдө.

Тренерлер катары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы - Дилара Арстанбаева,”Укукту жана бизнести өнүктүрүү фонду” коомдук фондунун укуктук эксперти - Венера Болтобаева  чыгышты. 

Тренингдин максаты Орхус конвенциясынын ченемдерин колдонуу, маалыматтарга жетимдүүлүк, экологияга жана айлана чөйрөнү коргоого тиешелүү маселелер боюнча сот адилеттигине жетимдүүлүк жана кабыл алуу чечимдерине  коомчулуктун катышуусу тууралуу маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын  судьяларынын потенциалын жогорулатуу болуп саналат. 

Ош шаарында “Конститутциялык укуктарга жана адам менен жарандардын эркиндигине каршы кылмыштар боюнча жазык иштерди соттор тарабынан кароо” темасында тренинг өтүүдө

03.11.2017

2-ноябрда, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин 2017-жылга Окуу планын аткаруу максатында Сот адилеттигинин жогорку мектеби, Улуу Британия элчилиги тарабынан каржылаган, “Кыргыз Республикасында тынчтыкты жана стабилдүүлүктү илгерилетүү үчүн укук үстөмдүүлугүн бекемдөө” ПРООНдун долбоору менен биргеликте уюштурулган “Конститутциялык укуктарга жана адам менен жарандардын эркиндигине каршы кылмыштар боюнча жазык иштерди соттор тарабынан кароо” темасында Кыргыз Республикасынын  жергиликтүү сотторунун судьялары үчүн тренинг өткөрүүдө. 

Лекторлор катары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы - Шерали Камчыбеков, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясы - Чинара Айдарбекова чыгышты.

Тренинг Ош шаарында Кыргыз Республикасынын  жергиликтүү сотторунун 21 судьясынын катышуусунда өтүүдө. 

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00