Бештин Айы 2017

Сот тутумунун басма сөз катчылары кесипкөйлүгүн арттырууда

01.12.2017

Бүгүн, 1-декбрда,   “Заманбап басма сөз кызматынын  жалпыга маалымдоо каражаттары менен  болгон иштөө формасы жана ыкмасы” деген  аталыштагы эки күндүк тренинг соңуна чыкты.

Тренинг-семинар  Кыргыз  Республикасынын Жогорку Соту  жана  Кыргыз Республикасынын сот системасын бекемдөө боюнча  USAID-IDLO  программасынын жардамы аркылуу  уюштурулуп, жергиликтүү  соттордун, Конституциялык палатанын, Бишкек шаардык сотунун, Сот департаментинин жана Сот адилеттигинин жогорку мектебинин басма сөз катчылары катышышты.

Толугураак

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун эки токтому кабыл алынды

01.12.2017

Бүгүн, 2017-жылдын 1-декабрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун отуруму болду.  Күн тартибинде эки токтомду кабыл алуу маселеси каралды:

1.  “ Адам өлтүрүүлөр жөнүндөгү жана саламаттыкка оор залал келтирүүдөн жабырлануучунун өлүмүнө алып келген  иштер боюнча соттук практика тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун токтому.

2. “Кыргыз Республикасынын “Банкроттук (кудуретсиздик)” жөнүндөгү Мыйзамын колдонуу тажрыйбасынын кээ бир маселелери тууралуу”  Кыргыз Республикасынын  Жогорку сотунун Пленумунун токтому.

Толугураак

Жергиликтүү соттордун керектөөлөрү боюнча бюджетти түзүү боюнча семинар өткөрүлдү

01.12.2017

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби ЮСАИД/ИДЛО өнүктүрүү укугу боюнча эл аралык уюмдун көмөктөшүүсү менен Кыргыз Республикасынын жергиликтүү соттордун төрагаларынын катышуусу менен жергиликтүү соттордун керектөөлөрү боюнча бюджетти түзүү боюнча семинар өткөрүлдү. 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин ресурстарды башкаруу бөлум башчысы - Асаналиева Аида Азимжановна, ЮСАИД/ИДЛО программасынын эксперти - Касымов Куйбулбек Касымович тренерлер болуп чыгышты. 

Семинардын ишинин жыйынтыгы боюнча катышуучуларга анкеталоо жүргүзүлүп жана сертификаттар тапшырылды. Иш чара Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окуу залында 2017-жылга Окуу планын аткаруунун алкагында өткөрүлүүдө.

Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окуу залында “Сот тутумундагы коррупцияга каршы аракеттенүү” темасында тренинг өтүүдө

01.12.2017

Бүгүн, 1 - декабрда, Сот адилеттигинин жогорку мектеби Европа биримдигинин «Кыргыз Республикасында укук үстөмдүүлүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү» долбоорунун көмөктөшүүсү менен “Сот тутумундагы коррупцияга каршы аракеттенүү” темасында эки күндүк тренинг өткөрүүдө..

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы - Токтомамбетов Кенешбек Божокоевич, Бишкек шаардык сотунун төрайымы - Воронцова Ирина Николаевналар улуттук тренерлер, ал эми эл аралык тренер болуп Франциянын магистраты - Патрик Фиеве чыгышты.

Толугураак

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00