Бештин Айы 2017

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаеванын куттуктоосу

30.12.2017

Урматтуу мекендештер, сиздерди келе жаткан Жаңы 2018 - жыл менен чын жүрөктөн куттуктайм! Жаңы жылда сиздерге жана жакындарыңыздарга бекем ден-соолук, бакыт, ийгиликтерди, туруктуулукту, тынчтыкты жана бейкуттукту каалайм! Ар дайым сиздердин үйүңүздөрдө бакубатчылык жана жакшылык болсун!

Терең урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын 

                                                               Жогорку сотунун Төрайымы А.А. Токбаева

 

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Жогорку Кеңештин Төрагасы жана Жогорку соттун Төрайымы менен жолугушту

30.12.2017

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-декабрда Жаңы жыл алдында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков, Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жана Жогорку соттун Төрайымы Айнаш Токбаева менен жолугушту.

Мамлекет башчысы аларды Жаңы жыл менен куттуктап, бардык бийлик бутактарына жакшылыктарды жана мамлекетти өнүктүрүп, кыргызстандыктардын бакубатчылыгын  жогорулатууга багытталган ишмердигине ийгиликтерди  каалады.

Толугураак

Нарын облустук сот департаменти кошумча иш бөлмөлөр менен толукталды

29.12.2017

Нарын облустук сот департаменти кошумча 11 иш бөлмөлөр менен толукталды. Белгилүү болгондой 2017-жылдын октябрь, ноябрь  айларында башталган  имаратты капиталдык  ремонттон  өткөрүү иштери   аяктады. Имараттын эки кабат болгон менен  чатырынын 100   метр квадрат  аянтын жасалгалашып,  кошумча  иш  бөлмөлөрү   катары пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Мындан сырткары    канализация толугу менен алмашылып,  суу түтүктөрү жаңыртылып,  жаңы 3-кабатка жылуулук системасы тартылган.

Толугураак

Жогорку соттун аппарат кызматкерлери сыйланды

28.12.2017

Бүгүн,  2017-жылдын 28-декабрында, Жогорку соттун Пленум залында  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева Жогорку Соттун  аппарат кызматкерлерин жаңы-жылы менен куттуктады.

Анда Жогорку соттун Төрайымы Айнаш Токбаева, “Жаңы жыл жергебизге, кыргыз элине жакшылыктарды, жаңыланууларды, тынчтыкты тартуулап, ак жолтой, куттуу жылдардан болсун. Баарыбызга бакыт-таалай, ынтымак, ырыс жана бейпилдик алып келип, ар бириңиздердин ойлогон максат-тилектериңиздердин ишке ашышына тилектешмин. Ушул жылы ар бир адам бакубат турмушту башынан кечирип, ден-соолукта болуп, бири-бирине жүрөк сүйүнткөн гана кубанычтуу кабарларды айтып турушса дейм”-деди.

Толугураак

Эссе сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

28.12.2017

Бүгүн, 2017-жылдын  28- сентябрында, Жогорку соттун Пленум залында   “ Кыргыз Республикасынын сот системасын өнүктүрүү келечектери” деген аталыштагы сот тутумунун кызматкерлеринин  жана жогорку окуу  жайларынын  студенттеринин ортосунда  эссе сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды.  Салтанаттуу иш чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева катышып, сынактын жеңүүчүлөрүн куттукттоо менен аларга ийгиликтерди каалады.

Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана  Евробиримдиктин  Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен биргеликте уюштурулган  сынакка 20га жакын  эмгек келип түшкөн.

Толугураак

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жетекчилиги жергиликтүү соттор менен кезектеги видео конференц байланышын өткөрдү

28.12.2017

2017-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жетекчилиги  өлкөнүн облусттук жана райондук сотторунун төрагалары менен видео конференция өткөрдү. Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева жана анын орун басарлары – Качыке Эсенканов, Феруза Жамашева жана Анархан Базаралиева онлайн режиминде облусттук соттордун жетекчилери менен жергиликтүү соттордун  ишмердүүлүгү боюнча  маселелерди талкуулашты.

Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева сот адилеттигин жүргүзүүнүн  сапатын жогорулатууга  багытталган тийиштүү чараларды көрүүсүн жергиликтүү соттордон  талап кылды.

Толугураак

Судьялар ант беришти

27.12.2017


Бүгүн, 2017-жылдын 27-декабрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда Бишкек шаардык сотуна дайындалган  беш судья  салтанаттуу түрдө ант беришти. Ант берүү аземин ачкан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева жаңы дайындалган судьяларды өзүнүн жана Жогорку соттун атынан куттуктап, судьялык татаал жана жоопкерчиликтүү иштерине  ийгиликтерди каалады. Бишкек шаардык сотунун судьялыгына дайындалган  Бейсекеев Эрмек Толеувич, Воронцова Ирина Николаевна, Кудайбергенов Алмазбек Нурсеитович, Мамбеталы Жаныл, Толубаева Бермет Мамыровна салтанаттуу түрдө ант беришти.

Толугураак

Каракол шаардык соту жаңы форматта иштеп баштады

26.12.2017

Соттордун имараттарын тиешелүү түрдө  инфраструктура менен камсыз кылуу сот ишинде маанилүү ролду ойнойт жана ошону менен бирге сот адилеттигин жүзөгө ашырууда таасирин тийгизет.

«2014-2017-жж. аралыгында Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү»  Мамлекеттик максаттуу программасы боюнча аткарылып жаткан иш-чаралардын алкагында Каракол шаардык сотунун имаратында кайра пландоо иштери жүргүзүлдү. Башкача айтканда, бардык соттордун жана аппарат кызматкерлеринин кабинеттери (сот залдары ичинде соттор үчүн өзүнчө иш бөлмөлөрү менен бирге) экинчи кабатта, ал эми соттун кеңсеси (канцелярия) биринчи кабатта жайгашкан. 

Толугураак

Баткен облустук сотунун иши менен мектеп окуучулары таанышты

25.12.2017

Баткен  облусунун  сотунда ачык эшик  күнү өттү. Анда, келечекте юридикалык  кесипти  аркалоону  пландап  жаткан  мектеп  окуучулары  соттун ишмердүүлүгү  менен  таанышууга шарт на түзүлдү. Баткен  районунун беш  мектебинин 11-класстарынын окуучулары  сот залынан тартып, судьялардын кааналарына чейин  көрүп  чыгышты.

Толугураак

Журналисттер Жогорку соттун ишин чагылдыруу жолдорун үйрөнүп жатышат

25.12.2017

Бүгүн, 25-декабрда,  Жогорку сотто “Кыргыз  Республикасынын Жогорку  Сотунун ишин  жалпыга  маалымдоо каражаттарында  чагылдыруу”  аталышында  журналисттер  үчүн  тренинг  өтүүдө. Окутуу тренингине   Кыргызстандагы  алдыңкы  жалпыга  маалымдоо  каражаттарынын  өкүлдөрү  катышууда.

Иш чара  Укукту өнүктүрүү боюнча IDLO  эл аралык уюмунун колдоосу  менен өтүүдө. 

Толугураак

Жалал-Абадда окуучулар укуктук сабаттуулугун жогорулатышууда

22.12.2007

Жалал-Абад облустук сотунун судьясы Гульмира Кожобекова укуктук сабаттуулукту жогорулатуу максатында, Базар-Коргон районунун Бабур атындагы орто мектебинде 9,10,11-класстардын окуучуларына ачык сабак өткөрдү.            

Жолугушууда судья окуучуларга жарандардын жана юридикалык жактардын ортолорунда пайда болгон талаш-тартышты чечүүдө сот тутумунун ролу, мамлекеттик түзүлүштүн конституциялык негиздери, мамлекеттик бийликтин бөлүнүшүнүн принциптери, ошондой эле ата-энелер жана балдардын укуктары жана милдеттери тууралуу маек куруп берди.

Толугураак

Соттор тараптар ортосунда пайда болгон чырларды токтото алган ыкмаларды үйрөнүп жатышат

21.12.2017

Бүгүн, 21-декабрда, Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби “Инсандардын жеке өз ара аракеттенүүсү, чечендик өнөр жана конфликтология боюнча социалдык - психологиялык тренингтемасында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү соттордун судьялары үчүн эки күндүк тренинг өткөрүүдө.

Толугураак

 

Жергиликтүү соттор жаңы Жарандык-процессуалдык кодексти талкуулап жатышат

18.12.2017

Бүгүн, 18-декабрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби “Кыргыз Республикасынын жаңы Жарандык-процессуалдык кодексин колдонуудагы айрым маселелер” темасында  өлкөнүн түштүк регионунда жергиликтүү сотторунун судьялары үчүн эки күндүк семинар өткөрүүдө.

Семинар 2017-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирген, Кыргыз Республикасынын жаңы Жарандык-процессуалдык кодексин колдонуу боюнча Кыргыз Республикасынын  судьяларынын билимин жана көндүмдөрүн кеңейтүүгө багытталган.

Толугураак

Каракол шаардык сотунун иши менен болочок юристтер таанышышты

18.12.2017

2017-жылдын 15-декабрында Каракол шаардык соту студенттерге ачык эшиктер күнүн өткөрдү. Каракол шаардык сотунун төрагасы Самар Ниязалиевдин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  Мамлекеттик юридикалык Академиясынын Ысык-Көл юридикалык институтунун 1-2-3-курстарынын студенттеринен түзүлгөн илимий-практикалык ийриминин катышуучулары шаардык соттун ишмердүүлүгү менен таанышышты.

Толугураак

 

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00