Үчтүн айы 2018

Кара-Буура райондук жана Манас райондук сотунун имараттары капиталдык ремонттон өтүүдө

18.01.2018

Талас облусунун Кара-Буура райондук сотунда имарат ичиндеги оңдоо – түзөө иштери 70% аткарылып, аны менен бирге имараттын сыртын жасалгалоо иштерди уланууда.

Айта кетсек,  Кара-Буура районунун Кызыл – Адыр айылында Кара-Буура райондук соту 1968 – жылы курулуп, имаратта оңдоп – түзөө иштери жүргүзүлгөн эмес. 2016 – жылы Кыргыз Республикасынын Соттор кеңешинин чечими менен имаратты  оңдоп – түзөө иштерине мамлекеттен каражат бөлүнгөн.

Ал эми, Манас райондук сотунун имарат ичиндеги капиталдык ремонт иштери аяктап, тосмолорду орнотуу жана имараттын короосуна күзөт бөлмө куруу иштери жүргүзүлүүдө.

Толугураак

Жалал-Абад областынын сот тутумунун курама командасы волейбол боюнча III байгелүү орунду ээледи

18.01.2018

Жалал-Абад областынын укук коргоо органдардын жана күч түзүмдөрдүн арасында 2018-жылдын 17-январында волейбол боюнча өткөрүлгөн мелдеште, Жалал-Абад областынын сот тутумунун курама командасы III байгелүү орунду ээледи.

Мелдеш ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун түзүлгөн күнүнө арналып, Жалал-Абад областынын ички иштер органдары тарабынан уюштурулуп, өткөрүлдү. Бул спорттук иш-чара бир убакытта эле үч спорт залда жүрүп жатты, анда Жалал-Абад областнын райондук, шаардык ички иштер бөлүмүнүн, “Шумкар” атайын багыттагы полкунун, Улуттук гвардиянын, ӨКМдин, бажы кызматынын, прокуратуранын жергиликтүү түзүмдөрүнүн жана Жалал-Абад областынын сот тутумунун курама камандалары катышышты. Жалпысынан 18 курама команда.     

Толугураак

Жогорку соттун Пленумунун Токтомун колдонуу боюнча талкуу өттү

17.01.2018

2018-жылдын 15-январь күнү Ош облусунун  райондор аралык сотунун төрагасы Бакыт Сарыбаев  Ош шаарынын салык кызматынын,   Социалдык фонд кызматынын жана Юстиция министрлигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча бөлүмүнүн өкүлдөрүнүн  катышуусунда жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун  максаты Кыргыз Республикасынын  Жогорку Сотунун  2016-жылдын 16-декабрындагы Пленумунун № 13 токтомун ишке ашыруу  болуп, анда  юридикалык жактарды  жоюуда  райондор аралык  соттор тарабынан колдонулуучу укуктук мамилелерди жөнгө салуучу  мыйзамдын нормаларын  туура жана бирдей колдонуунун камсыздалуусу, юридикалык жактардын өз эрки жана мажбурлоо түрүндө жоюунун тартиптери  талкууланды. Ошондой эле салык кызматынын жана Социалдык фонд органдары тарабынан юридикалык жактарды жоюу  боюнча  доо арыз берүүнүн, аларды өндүрүшкө кабыл алуунун жана кароонун тартибин  талкуулап  өтүштү.

Кыргыз Республикасынын Жогорку соту өлкөнүн сот тутумунун ишмердүүлүгү жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарынын арасында мыкты материалга болгон сынактын мөөнөтүн узартты

16.01.2018

Урматтуу, кесиптештер!

Сиздерди сот  тутумунун ишмердүүлүгүн чагылдыруу боюнча сынакка активдүү катышууга чакырабыз. Материалдарды 2018-жылдын 1-мартына чейин жөнөтсөңүздөр болот.

 

ЖОБО

Кыргыз Республикасынын сот тутумунун ишмердүүлүгү жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарынын арасындагы  мыкты материалга болгон сынак туурасында 

Толугураак

 

Фемида өкүлдөрү мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам беришти

11.01.2018

Талас  облусунун  жергиликтүү сотторунун жааматы жана аппарат кызматкерлери  өз демилгеси менен Талас  шаарында  жашашкан  мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо ирээтинде  акчалай  жардам көрсөтүштү.

Талас облустук сотунун төрайымы  Клара Калиева  мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашаган даректери боюнча үйлөрүнө  барып, ден-соолуктарын сурап, Жаңы жылы менен куттуктады.

Толугураак

Ош областынын райондор аралык сотунун төрагасы Бакыт Сарыбаев насыя кызматын колдонгон жарандар менен жолугушуу өткөрдү

10.01.2018

Ош областынын райондор аралык сотунун төрагасы Бакыт Сарыбаев Ноокат районунун Төөлөс айылдык аймагынын  жана  Ош шаарынын Амир-Темур кичи районунунда насыя кызматын колдонгон жарандар менен жолугушуу өткөрдү.  Анда, райондор аралык сотунун төрагасы Бакыт Сарыбаев  насыя боюнча тараптардын укуктары, насыя алуудагы тобокелдик, күрөө, насыялык келишим жөнүндө айтып, насыя тууралуу талаш-тартыштар боюнча сотко кайрылуу тартиптерине  кененирээк токтолуп өттү.

Иш чара жарандардын насыя келишимдерин түзүүдө, насыя тууралуу талаш-тартыштар боюнча соттук териштирүүлөрдө укуктук жана финансалык сабаттуулугун жогорулатуу максатында өткөрүлдү.

 

Талас облустук сотунда ачык эшик күнү болуп өттү

09.01.2018

Талас облустук соту Талас шаарындагы «Мээрим – Себат» кыздар лицейинин окуучуларына «Ачык эшиктер күнүн» уюштурду. Бул  иш чара жаш муундардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын урматтоого үйрөтүү, сот системасына ишенимди жана сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында өткөрүлдү.

Иш чарага «Мээрим – Себат» кыздар  лицейинин 11-классынын окуучу  жана англист тил мугалими Саламат Молтоева катышты.

Толугураак

Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши жергиликтүү соттордогу судьялык бош кызмат ордуна сынактык тандоо жарыялайт

09.01.2018

Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кенеши Бишкек шаардык сотунун 4 бош кызмат ордуна, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2 бош кызмат ордуна, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун 2 бош кызмат ордуна, Чуй областык сотунун 3 бош кызмат ордуна, Чуй областынын Сокулук райондук сотунун 1 бош кызмат ордуна, Чуй областынын Аламудун райондук сотунун 1 бош кызмат ордуна, Чуй областынын Токмок шаардык сотунун 1 бош кызмат ордуна, Чуй областынын Кемин райондук сотунун 1 бош кызмат ордуна, Ош областынын Ош шаардык сотунун  1 бош кызмат ордуна, Ош областынын Кара-Суу райондук сотунун  1 бош кызмат ордуна, Ош областынын Озгон райондук сотунун  1 бош кызмат ордуна, Ыссы-Кол областык сотунун 2 бош кызмат ордуна, Ыссы-Кол областынын Каракол шаардык сотунун 1 бош кызмат ордуна, Нарын областык сотунун 1 бош кызмат ордуна, Баткен областынын Кадамжай райондук сотунун 1 бош кызмат ордуна жана Баткен областынын Баткен райондук сотунун 1 бош кызмат ордуна сынактык тандоо жарыялайт.

Толугураак

Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши бош кызмат ордуна сынактык тандоо жарыялайт

09.01.2018

Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын судьяларынын 1 бош кызмат ордуна жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 6 бош кызмат ордуна сынактык тандоо жарыялайт.

Арыздарды жана документтерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу  Сот департаменти 2018-жылдын 9-январынан 18-январына чейин 10 күн ичинде саат 09:00дөн 18:00гө чейин кабыл алат. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү, 64, 1-кабат, 2-кабинет. Кошумча маалыматты (0553) 63-00-90 жана (0558) 88-72-34 телефон номерлерине чалып, же www.otborsudei.kg сайтынан алууга болот.

Толугураак

Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасына, Жогорку сотко жана жергиликтүү сотторго сынактык тандоо жарыялайт

09.01.2018

Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын судьяларынын 1 бош кызмат ордуна,  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 6 бош кызмат ордуна  жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторуна болгон 24 орунга сынактык тандоо жарыялайт. Арыздарды жана документтерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу  Сот департаменти 2018-жылдын 9-январынан 18-январына чейин 10 күн ичинде саат 09:00дөн 18:00гө чейин кабыл алат. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү, 64, 1-кабат, 2-кабинет. Кошумча маалыматты (0553) 63-00-90жана (0558) 88-72-34 телефон номерлерине чалып, же www.otborsudei.kg сайтынан алууга болот.

Балыкчы шаарынын окуучулары укуктук сабаттулугун жогорулатууда

08.01.2018

Ысык-Көл областындагы Балыкчы шаардык сотунун төрайымы Чинара Мамбетова  жана өспүрүмдөрдүн  иштери боюнча жергиликтүү координациялык кеңештин мүчөлөрү Балыкчы шаарынын В.И.Ленин, Л.Н.Толстой жана А.С.Макаренко атындагы орто мектептеринин 10-11-класстарынын окуучулары менен жолугушту.

Бул иш чаралар  жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу  максатында өткөрүлдү.

Толугураак

Токтогул райондук соту ремонттолуп колдонууга берилди

08.01.2018

Жалал-Абад  облусунун  Токтогул райондук  сотунун  имараты  капиталдык  ремонттон өткөрүлүп,   колдонууга берилди.  Сот  тутумун материалдык-техникалык жактан  камсыздоону  жогорулатуу жана  сот  адилеттигин сапаттуу  жүзөгө ашыруу үчүн  ыңгайлуу шарттарды  түзүү бул  Сот  реформасынын багыттарынын   бири  болуп  саналат. Айта  кетсек,  2015-жылдын  ноябрь жана  декабрь  айларында  Кыргыз  Республикасынын Жогорку  сотунун  төрайымы  Айнаш  Токбаева  өлкөнү  түрө кыдырып  соттордун  абалдарын көрүп  чыккан.  Ошол  учурда  Токтогул  райондук  сотунда  да  болуп, имарат    талапка  жооп  бербей турган  деңгээлде  экендиги эске  алынып,  маселе Соттор  кеңешинде  каралып, капиталдык  ремонтко  макулдук  алынган. 

Толугураак

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
Жогорку соттун электрондук почтасы - supcourt@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00