Мыйзам жолу кеӊ болот, бардыгына теӊ болот.
Урматту пайдалануучулар!
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жаңы расмий сайты иштелип чыкты, ага төмөнкү ссылка менен кирсеңиздер болот:
2018-жылдын 13-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаеванын катышуусунда Талас областынын жергиликтүү сотторунун 2017-жыл ичиндеги ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча жыйын өттү.
Баткен облусундагы Кадамжай райондук сотунун имаратынын ремонт иштери менен Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева Баткенге болгон иш сапары учурунда таанышты.
Оңдоп-түзөөгө жалпысынан үч миллион сом бөлүнгөн Кадамжай райондук сотунда заман талабына ылайык ремонт иштери жүргүзүлүп, имараттын ичиндеги бардык кааналар бүткөрүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева жана Жалал-Абад областынын төрагасы Шаршенбек Камбаров 2018-жылдын 7-февралында Жалал-Абад шаардык сотунун имаратынын аяктап жаткан реконструкциялоо иштери жана капиталдык ремонтунун жүрүшү менен жеринен таанышышты.
Жалал-Абад шаардык сотунун имаратынын реконструкциялоосу жана капиталдык ремонту, сот реформасын ишке ашыруу жана сот бийлигинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында “Мамлекеттик максаттуу программанын” алкагында жүргүзүлүп жатат. Имараттын капиталдык ремонту, судьялардын, сот кызматкерлеринин жана сот процессинин катышуучуларынын коопсуздугун камсыздоонун жана коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюунун заманбап талаптарын эске алуу менен жүргүзүлүп жатат.
2018-жылдын 6-7- февраль күндөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева өлкөнүн түштүгүнө болгон иш сапардын алкагында, Баткен, Ош жана Жалал-Абад областарынын сотторунун жыл жыйынтыктоочу жыйындарына катышты.
Жыйындардын жүрүшүндө областык соттордун жана биринчи инстанциядагы соттордун 2017-жылдагы иштери боюнча маалыматтар угулду.
2018-жылдын 7-февраль күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаеванын катышуусу менен Жалал-Абад областынын жергиликтүү соттордун 2017-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча жыйынтыктоочу жыйын өттү.
Бул иш-чарага Жалал-Абад областтык сотунун төрагасы Шаршенбек Камбаров, областтык сотунун төрагасынын орун басары Д.И.Исамидинов, областтык соттун судьялары, райондук, шаардык соттордун төрагалары жана судьялары катышышты.
2018-жылдын 6-февралында Ысык-Көл областынын Райондор аралык соту студенттерге “Ачык эшиктер күнүн” өткөрдү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик юридикалык Академиясынын Ысык-Көл юридикалык институтунун 1-2-3-курстарынын студенттеринен түзүлгөн илимий-практикалык ийриминин катышуучулары шаардык соттун ишмердүүлүгү менен таанышышты.
2018-жылдын 7-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Айнаш Токбаеванын катышуусу менен Ош областтык сотунда шаардык жана жергиликтүү соттордун 2017-жылдын ишмердүүлүгүн жыйынтыктоочу кеңешмеси өткөрүлдү.
Кеңешмени Ош областтык сотунун төрагасы Айвар Кубатов ачып, күн тартибиндеги каралчу маселелерди угузду.
Кийинки сөз Ош областтык сотунун соттук коллегияларынын торагаларына берилип, соттордун 2017-жылдын ишмердүүлүгүн 2016-жылдын ишмердүүлүгүнө салыштырып, судьялар тарабынан сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатынын көрсөткүчтөрү тууралуу жана саны боюнча маалыматтарды өз баяндамаларында айтып өтүштү.
2017-жылдын 6-февралда, Баткен облусундагы жергиликтүү соттордун жүргүзгөн ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган кеңешме Жогорку соттун Төрайымы Айнаш Токбаеванын катышуусунда Баткен облустук сотунда болду.
2017-жыл ичинде Баткен областтык сотунун соттук коллегиясына апелляциялык жана кассациялык тартипте шаардык жана райондук соттордон баардыгы болуп 480 иш келип түшкөн. Апелляциялык тартипте 99 жазык иши 130 адамга карата, кассациялык тартипте 27 иш 34 адамга карата каралган. Өткөн жылга салыштырмалуу келип түшкөн иштер 99 га көп болгон.
Бүгүн, 2018-жылдын 6-февралында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева жыл жыйынтыгын чыгарууга арналган жумушчу сапары менен өлкөнүн түштүк аймагына жөнөп кетти. Жогорку соттун Төрайымын Баткен аэропортунан Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев, Баткен облусунун ички иштер башкрмалынын башчысы Ашим Тагаев, Баткен шаарынын мэри Мамыржан Рахимов жана Баткен облусунун судьялары тосуп алышты. Ушул сааттарда Баткен облустук сотунун имаратында 25 судьянын катышуусунда жыйын өтүп жатат. Анда Баткен облустук сотунун өткөн жылкы аткарган иштери, сот реформасын жүргүзүү, сот адилеттүүлүгүнө жетишүү сыяктуу 8 маселе күн тартибине коюлган.
Каракол шаардык сотунда Каракол шаарынын мамлекеттик салык кызматы башкармалыгынын жана Каракол шаарынын сот аткаруучулар кызматтык бөлүмүнүн жооптуу өкүлдөрүнүн катышуусунда мамлекеттик алымдарды өндүрүү боюнча соттук актылардын аткарылышы жөнүндө маселелер талкууланды.
Жолугушуунун негизги максаты болуп мамлекеттин пайдасына акча каражаттарын өндүрүү боюнча аткаруу документтеринин узак убакыттар бою аткарылбай келишинин себептерин аныктоо жана ошондой эле мамлекеттик алымдарды өндүрүү боюнча соттук актылардын аткарылышынын эффективдүүлүгүн жогорулатуу, бул боюнча маселерди жана көйгөлөрдү чечүү жолдорун талкуулоо саналат.
Бүгүн 2018-жылдын 5-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Айнаш Токбаев жана Жогорку соттун судьяларынын катышуусунда Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 1-февралындагы № 12-Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жана Президенттин № 13- Жарлыгы менен судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Чүй облустук сотуна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары
Баткен облусундагы сот түзүмүнүн кызматкерлер ортосунда Кызыл-Кыя шаарында 2018-жылдын 2-февралында кичи футбол өткөрүлдү.
Кызыл-Кыя шаарында белгиленген бул спорттук мелдешке жалпысынан 8 команда ат салышты. Биринчи орунга Баткен райондук сотунун курамынан уюшулган команда ээ болду. Экинчи орунду Баткен облусунун райондор аралык сотунун курамынан куралган команда ээледи, үчүнчүнү Баткен облустук сотунун командасы ээледи. Жеңүүчүлөр акчалай сыйлык жана дипломдор менен сыйланышты.
Дүйшөмбү - Жума 08:30 – 17:30
Түшкү тыныгуу 12:00 – 13:00