Судьялар улуттук экологиялык мыйзамдуулукту талкуулашты

21.11.2017

Баткен облусунда, ушул жылдын 17-ноябрында, судьялар жана сот кызматкерлери үчүн Орхус Конвенциясынын жоболорун колдонуу жана Кыргыз Республикасынын улуттук экологиялык мыйзамдуулугу тууралуу окуу семинар өткөрүлдү.  Айлана- чөйрөгө укуктук мааниде көңүл буруу максатын көздөгөн семинарда Кыргыз Республикасынын  Жогорку сотунун судьясы Дилара Арстанбаева жана укуктук эксперт Венера Болтобаевалар тренер болушту.

Окуу семинарда  жарандарын ар кандай тармактарда экологиялык мыйзамдуулугун жана Орхус конвенциясынынын жоболоруна ылайык мамиле жасоо тууралуу түшүндүрмө берилди.

Семинар негизинен үч багытты көздөп, айлана-чөйрө боюнча маалымат алуу укугу, бул багытта кабыл алынган чечимдерге коомчулуктун катышуу укугу, ошондой эле айлана-чөйрөдөгү суроолор боюнча сот адилеттигин камсыз кылуу каралган.

Толугураак

Кыргыз Республикасынын Жогорку соту мыкты эссе сынагын жарыялайт

21.11.2017

Жогорку соттун алдындагы Сот департаменти жана Сот адилеттигинин жогорку мектеби, Кыргыз Республикасынын сот тутумундагы аппарат кызматкерлеринин арасында  мыкты эссеге  сынак жарыяланып жатат.  Ушундай эле сынак  жогорку окуу жайлардын юридикалык факультеттеринин бүтүрүүчү курстарынын студенттери арасында дагы “Кыргыз Республикасынын сот системасын өнүктүрүү келечектери” темасында уюштурулат.

 

Толугураак расмий тилинде

Жаш муундардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу колго алынууда

20.11.2017

2017- жылдын 17-ноябрында Талас облустук сотунда  Талас шаарынын № 1 – мектебинин  9-классынын  окуучулары үчүн «Ачык эшиктер күнү» уюштурулдуБул  иш-чара жаш муундардын  укуктук сабаттуулугун жогорулатууга жана сот тутумуна ишенимди  арттырууга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сыйлоого, ошондой эле сот адилеттигинин ачык-айкындуулугуна багытталган.

Жолугушуунун алкагында төраганын орун басарлары Токтосун у. К. жана  Жамангулов Ж.  сот имаратында окуучулар үчүн  экскурссия жана маектешүүөткөрүп, анын алкагында судьялардын жана соттун аппарат кызматкерлеринин ишмердүүлүгү жөнүндө кеңири айтып беришти. Мындан тышкары фемида өкүлдөрү   Кыргыз Республикасынын «Балдар жөнүндө» кодексине ылайык балдардын укуктары туурасында,  мыйзамдарды  урматтоо жана аларды милдетүү түрдө аткаруу  боюнча дагы  маалымат беришти. Жыйынтыгында   судьялар окуучуларга билим алууда ийгиликтерди каалап, келечекте  мыкты кесиптин ээси болууга чакырышты. 

Окуучулар Сузак райондук сотунда болушту

20.11.2017

Жалал-Абад областынын Сузак райондук соту 2017-жылдын 17-ноябрында мектептердин бүтүрүүчү класстарынын окуучуларына ачык эшиктер күнүн уюштуруп берди. 

Соттун төрайымы А.Смадиярова окуучуларга  райондук сот менен апелляциялык, кассациялык жана көзөмөл инстанциядагы соттун айырмасын айтып берип, андан кийин окуучулардын келечекке койгон пландары менен таанышып, өздөрүнүн тажрыйбалуу кеңештерин келечектеги адистерге берди. Фемиданын өкүлү жаштарды өз мекенинин мыйзамды сыйлаган атуул болуусуна жана өсүп келе жаткан өспүрүмдөргө үлгү болуп берүүсүнө чакырды.

Толугураак

Жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын иштеринин тизмеси

Административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын иштеринин тизмеси

Жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын иштеринин тизмеси

Камиль Осмоналиевге Ысык-Көл Мамлекеттик Университетинин “Ардактуу профессору” наамы ыйгарылды

17.11.2017

Бүгүн,  17-ноябрда, Кыргыз  Республикасынын Жогорку Соттун судьясы Камиль Осмоналиевге Ысык-Көл Мамлекеттик Университетинин “Ардактуу профессору” наамы ыйгарылды. Мындай чечимди окуу жайдын илимий кеңеши бир добуштан колдогонун  Касым Тыныстановдун  ысымын алып жүргөн университеттин ректору Курманбек Абдылдаев салтанаттуу жыйында билдирди. Сыйлыкты тапшырууга Ысык-Кол облусунан атайын делегация  Кыргыз Республикасынын Жогорку  Сотуна келишти. Айта  кетсек, Камиль Осмоналиев көп жылдар  бою аталган окуу жай менен тыгыз кызматташтыкта болуп, түрдүү тегерек стол, семинарларында баалуу ойлору менен бөлүшүп окуу жайдын өнүгүшүнө өз салымын кошуп келет. Учурда болсо Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун пленумдун катчысы жана судьялык  милдеттин аткарып келет. Салтанаттуу жыйында сыйлык ээсин Жогорку Соттун  кызматкерлери жана судьялар куттукташты. Өз кезегинде Камиль Осмоналиев  ыраазычылык билдирип, мындан ары дагы аталган окуу жай менен тыгыз кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Толугураак

Сот департаментинин кызматчылары жана сот аткаруучулар комплекстүү окуудан өтүшүүдө

17.11.2017

2017-жылдын 13- ноябрдан 18 – ноябрга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби Европа биримдигинин «Кыргыз Республикасында укук үстөмдүүлүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү» долбоору менен биргеликте Комплекстүү окутуу программасы боюнча Кыргыз Республикасынын Сот департаментинин кызматкерлеринин жана сот аткаруучуларынын квалификациясын жогорулатуу курсун өткөрүүдө.

Окуу модулдары 2017-жылдын 1-июлунда күчүнө кирген, Кыргыз Республикасынын «Сот аткаруучуларынын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» мыйзамына ылайык, киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен мыйзамдардын талаптарына жана сот практикасына ылайык иштелип чыкты.

Толугураак

Студенттер укуктук жактан кеңири маалымат алышты

17.11.2017

Социологиялык иликтөөлөр  көрсөткөндөй     жарандарыбыздын басымдуу бөлүгү юридикалык өңүттөн алганда     өздөрү туш болгон   ченемдик укуктук актыларга келгенде бир катар  тоскоолдуктарга туш болуп жаткан  фактылар аз эмес.   

Ушундан улам, жарандардын укуктук билимин жакшыртуу  максатында  Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту тарабынан бекитилген иш чарага ылайык         мезгил-мезгили менен судьялардын катышуусунда эмгек жамааттарында     жолугушууларды уюштуруу иштери   каралган. Андыктан,  иш чаранын алкагында   “Сот системасы анда иштин кароонун тартиптери” - деген теманын алдында апта  ичинде   Нарын мамлекеттик университетинин  агрардык техникалык факультетинин  студенттери  менен жолугушуу уюштурулду.

Толугураак

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
Жогорку соттун электрондук почтасы - supcourt@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00