warning: call_user_func_array() expects parameter 1 to be a valid callback, function 'theme_filter_tips_more_info' not found or invalid function name in /var/www/jogorku/includes/theme.inc on line 669.

Алдаярбек Абдыбеков: Судья болуу сыймыктуу жана жооптуу

12.01.2016.

Абдыбеков Алдаярбек Нарын облусунун Ат-Башы районунун Калинин (азыркы Ак-Талаа) айылында 1960-жылы туулган. Ташкенттеги юридикалык техникумду 1982-жылы бүтүргөндөн кийин эмгек жолун райондук айыл чарба башкармалыгында юристконсульт болуп иштөөдөн баштаган. Жогорку юридикалык билим алгандан кийин нотариус, адвокат, андан соң беш жылдан ашык Нарын облустук адвокаттар коллегиясынын төрагасы болуп иштеген, 2007-жылы судьялыкка өтүп, облустук сотто судья, андан соң төраганын орун басары болуп эмгектенген. Азыркы убакта Нарын облустук сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу. Үзүрлүү эмгеги үчүн ал бир катар Ардак грамоталар жана башка сыйлыктар менен сыйланган, 2013-жылы ага Нарын облусунун ардактуу атуулу наамы ыйгарылган. Жубайы Фатима экөө эки кыз, эки уулду, алты неберени тарбиялап өстүрүүдө.

Толугураак

- Биз билгенден сиз сот системасында көп жылдардан бери эмгектенип келе жатасыз. Азыркы мезгилде судья болуш кыйынбы?

- Судьялар жөнүндө пикирлер ар кандай. Чындыгында биздин кесип ары сыймыктуу, ары түйшүктүү, жоопкерчиликти талап кылган кесип. Сотко айласы кеткенде бир ылаажы болор бекен деп үмүт менен кайрылышат. Аларга одоно мамиле кылбай, сабырдуу болуп, терең уга билүү менен калыс чечим чыгарып, Мыйзам талабын түшүндүрүүгө аракет жасоо зарыл. Азыр судьяларга талап башка. Коомчулук көз салып турат. Ар бир кесип ардактуу дегендей, башка кесиптерге салыштырмалуу биздин кесибибиз өтө оор. Мисалы курулушта, же башка кесипте катачылык кетип калса кайра оңдосо болот. Ал эми бизде адам тагдыры турат. Кокус туура эмес өкүм же чечим чыгарып алсаң аны кайра оңдош кыйын. Сенин кетирген катаңдын азабынан бир адамдын тагдыры талкаланып калышы мүмкүн. Соттук кароонун жыйынтыгы менен сөзсүз бир тарабы нааразы болот. Мисалы доогердин пайдасына чечсең – жоопкер, соттолуучуга жеңилирек жаза чектелсе – жабырлануучу, же оорураак жаза берди деп соттолуучу нааразы болот. Системанын өзүнүн түзүлүшү ушундай. Эки тарапка тең чечилиши мүмкүн эмес болгондуктан эч качан ыраазы болушпайт.

- Дагы бир коомчулукту кызыктырган жагдай бар. Судьялар мыйзамдардын беренелерин жатка билишеби? Мыйзамдардын бардыгын билген судья болуш үчүн канча мезгил керек?

- Эми судья болуп калыптаныш үчүн орточо жок дегенде беш жыл керек. Баары болбосо да улам карай берип эсибизден чыкпай калган беренелер дагы болот, кайсы берененин негизинде кандай жаза берилерин билип каласың. Азыр мыйзамга улам жаңы өзгөртүү толуктоолор киргизилип жатпайбы. Мындай учурда, албетте, мыйзамдарды кайра тактап карашка туура келет.

- Наристенин тагдырын талкалаган таш боорлорго өлүм жазасын киргизүү пикири коомчулукта көп айтылууда.   

- Коомчулукта мындай пикир көптөн бери талкууланууда. Бирок дүйнөлүк коомчулукта өлүм жазасынан баш тартып жатышпайбы. Анан ошол өнүккөн мамлекеттердин тажрыйбасын биз дагы кабыл алганбыз. Кээ бир кылмышкерлерди байкасаң бүгүн барып, эртең кутулабыз деген кыязда. Жаза аткаруу жагы дагы жакшы жолго коюлбай жаткандай. Экинчи жагынан карасаң өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы берилген кылмышкерлерди кармоого мамлекет эсебинен канчалаган каражаттар кетүүдө. Макул өлүм жазасы боюнча соттолуучуга гумандуулук кылалы, а экинчи жагынан жабырлануучунун үй-бүлөсүнө, ага-туугандарына, ата-энесине ким гумандуулук кылат? Ошол эле учурда өмүр бою кыйналып азап чегип өтүүсүн дагы эске алуубуз керек. Ошондуктан бир тараптуу айтыш кыйын, коомчулук талкуулап жатышат го, эми бул мыйзам кабыл алуучулардын иши. Албетте, дүйнөлүк практикага да карап кайсы мезгил кайсы коомдо жашап жатканыбызды дагы эске алууга туура келет.

- Судьялык кесибиңиздеги урунттуу окуялардан айтып бербейсизби?

- Биздин кесипте урунттуу окуялар көп болот. Кээде көп жылдардан бери чечилбей чиеленишип келген иштердин ак карасы такталып, тийиштүү сот актысы жогору жактан бекитилгенден кийин эми калыс сот актысы кабыл алынды окшойт деп каласың. Кылмыш иштери боюнча сот ишинин жыйынтыгы көп учурда тергөө иштерине да байланыштуу болот. Тергөөдөн мыйзам чегинде келген учурда кемчиликтер аз болот. Мисалы үйдүн пайдубалы кыйшык болсо курулган үйдүн дубалы бара-бара урап калгандай, тергөө жакшы болбосо иш чиеленишип, кайра-кайра карала берет. Эң биринчи иш түптөлгөн тергөө таза болуш керек. Тергөө башынан чад-будуң болуп калса бүттү, анда иштин чалмакейи чыгып, нааразычылыктар көбөйөт, жоопкерчилик менен толук такталып келсе эл да нааразы болбойт, судьяга да жеңил болот. Тергөө чала болсо иш соттон бузулуп кайра тергөөгө же соттук кароого жиберилип, тараптардын нааразычылыгын жаратат. Мезгил талабына ылайык азыр тергөө иштери жылдан жылга жакшырып баратат десек болот.

- Тергөө туура эмес болуп, атайын бурмаланып калган учурлар да болот дешет...

- Иш бар жерде кемчилик кетпей койбогондой эле көпчүлүк учурда байкабастыктан кемчилик кетирген учурлар болот. Мисалы жакында болуп өткөн бир окуяны мисал келтирейин. Эки адам бирөөнү уруп-сабап кордошкон, тергөөчүлөр бирөөнө ишти кыскартып, бирөөнө карата иш жиберилген. Жабырлануучунун жактоочусу кайра-кайра өтүнүч киргизип жатып, биз ишти кайра тергөөгө жөнөтүп, экинчиси кошо жоопко тартылды.

- Судьялар дагы кээ бир убактарда каралган иштериңиздерге жүрөгүңөр ооруп, бирөөлөрдү аяйсыздарбы?

- Судьяларда жүрөк жок дейсизби! Айрым бир карамүртөз зөөкүрлөрдүн зордугуна кабылгандар болот. Өткөндө 2003-жылы төрөлгөн кызды 50 жаштан ашкан зөөкүр кордогон. Ал адегенде өз кьлмышын мойнуна албай танды. Карасак, эксперттик корутундулар, көрсөтмөлөр бар. Баары далилденет. 22 жылга күчөтүлгөн тартипте абакта өтөөгө эркинен ажыратылган жаза Жогорку Соттон дагы күчүндө калтырылды. Анын үстүнө ал бир тууган агасынын кызы. Бир тууган агасы ишенип, кызын ошол инисине убактылуу таштап кеткен. Ушундай процесстен кийин эч бир күнөөсү жок кичинекей кызга жүрөгүң ооруп, деги эмне болуп, кайда баратканыбыз жөнүндө ой келет.

- Судъяларды тандоо кеңеши боюнча да ар кандай айтышат. Сиздин жеке пикириңиз кандай?

- Тандоо кеңешине жок дегенде 50 пайыз Жогорку жана жергиликтүү соттордо иштеген адамдардан киргизилсе. Мамлекеттик коомдук уюмдардан, фракциялардан кирүүсү дагы зарыл. Бирок алар биздин тармакты анча толук түшүнө беришпейт. Медицина тармагын ал тармакта иштеген адистер тереңирек түшүнгөндөй, аты айтып тургандай кеңеште судьялар басымдуураак болсо деген тилек.

- Азыр судъялар көз карандысыз иштегенге шарт түзүлгөнбү? Эмгек акыңыздар дуруспу?           

- Айлык акыбыз жакшы болуп калды, иштегенге ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Элибиздин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн ак эмгек өтөп берүүбүз гана керек.

- Сиздин судья болушуңузга бирөөлөр өбөлгө болгонбу?

- Биринчиден өзүм ушул кесипке кызыккам. Бирок судья болуп калыптануума жаш кезимде судья болуп иштеген Дөөлөтбак Тентимишевич деген мыкты инсандын таасири зор болду. Менин инсан болуп калыптанышымда да, судья болуп калыптанышымда да ушул кишинин орду чоң деп эсептейм.

- Нарында көбүнчө эмне боюнча сотко кайрылышат?

- Иштин көп түрлөрү бар. Жарандык иштерден доо талаптары боюнча көбүрөөк, эл эми кылмыш иштери боюнча уурулук, мал уурулук, инсанга каршы кылмыштар боюнча иштер кобүрөөк. Кызматтык кылмыштар жана диний агымдар боюнча да иштер каралууда.

- Сизди кесибиңизден сырткары жаратылышка жакын адам дешет. Ошол кызыгууңуз жөнүндө айтсаңыз?

- Элибизде «Уядан учканда эмнени көрсөң, учканда ошону аласың», - деген сөз бар. Менин атам кызматта жүрүп, бош убагында куш таптап, тайган агытып жана мергенчиликке чыкчу. Бара-бара ышкы ойгонот экен. Мен дагы кызыгып, бош убактымда тоо-таш, токой-чер аралап, суу бойлоп мергенчиликке алаксып жаратылышка аралашам. Ителги жана бүркүт таптайм. Алар сезимтал болот. Ачууң келгенин же көңүлүң ачык экенин сезип турат. Топуктуу, көркөм, сыпаа таза болот. Ээсин алыстан тааныйт.

- Куш кармагандар алгыр куштун тилин билет дешет. Сиз дагы куштун тилин билесизби?

- Куштун тилин билет дегенди мен мындай түшүнөм. Куш сага көнө баштаганда үн сала баштайт, үндөп чакырсаң колуна учуп келип конот. Мисалы эркелегенин үнүнөн, кыймыл аракетинен билем. Булчуң этин, төшүнүн кыр сөөгүн кармап көрүп, көз карашынан, кыймылын байкап табына келгенин билсе болот. Табы болбой көзү киртийип ачуусу келгенин же шаңшып үн салып, сүрдүү омсоңдоп көзү балбылдап, тапка келгени көзүнөн дагы байкалат. Тилин билүү деген ушул менимче. Алгыр куштар жөнүндө 2011-жылы “Мүнүшкөр” деген китепчем чыгарылган. Мүнүшкөрлүк менен армиядан келгенден кийин алектене баштадым. Атам бош убакта куш таптап, тайган салып мергенчилик кылуучу. Жаратылышка жакындыгым атамдан калган.

- Балдарыңыздан ата кесибин улагандар барбы?

- Кичүү кызымдан башкалары юридикалык жогору билим алышты. Кызым Гүлзат Абдыбекова адвокат болуп эмгектенет. Кичүү кызым Уларкүл - спорттун чебери. Эл аралык чемпионаттардын бир нече жолку жеңүүчүсү. 2007-жылы таеквон-до боюнча Индияда өткөрүлгөн Азия чемпионатында 24 мамлекеттин ичинен 2-орунду алып, күмүш медалга татыктуу болгон.

Жыпар Акунова,

«Кыргыз Туусу» гезити

Азырынча комментарийлер жок

Комментарий жазуу

  • Web page addresses and e-mail addresses turn into links automatically.
  • Lines and paragraphs break automatically.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00