warning: call_user_func_array() expects parameter 1 to be a valid callback, function 'theme_filter_tips_more_info' not found or invalid function name in /var/www/jogorku/includes/theme.inc on line 669.

Экинчи инстанциядагы жергиликтүү соттордун жарандык иштер боюнча судьяларды окутуу аяктады

22.05.2015.

СҮРӨТРЕПОРТАЖ

Бүгүн, 2015-жылдын 22-майында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун алдындагы судьялардын Окуу борборунда Кыргыз Республикасынын II инстанциядагы жергиликтүү сотторунун судьяларынын квалификациясын жогорулатуу Комплекстик окуу программасы боюнча II топ үчүн курс аяктады.

 

Толугураак

Бир жумалык мɵɵнɵттɵ жарандык иштер боюнча областтык соттук коллегияларынын 20 судьясы 40 сааттык курсту угушту. Окуунун аягында модулдук тестирлөө өткөрүлүп, Сертификат жана эстеликке сүрөттөр тапшырылды.

II инстанциядагы жергиликтүү соттордун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын судьялары (III топ) үчүн Комплекстик окуу программасы боюнча кийинки окутуу курсу үстүбүздөгү жылдын 25-майында башталып, 29-майына чейин уланат.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун алдындагы судьялардын Окуу борбору экинчи инстанциядагы жергиликтүү соттордун судьяларынын квалификациясын жогорулатуу үчүн Комплекстик окуу программасы боюнча окутууну төмөнкү график менен өткөрдү:
- 20-24-апрель жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын судьялары үчүн;
- 18-22-май жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын судьялары үчүн.

Окуу программасы материалдык жана процесстик укукту терең билүү, судьянын көндүмдөрү жана этика-деонтологиялык блокторунан турат. Окуу программасынын узактыгы күнүнө 8 академиялык сааттан 5 окуу күнүн түзөт.

Эске салсак, судьялардын Окуу борбору жергиликтүү соттордун судьяларын Комплекстик окутууну Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 8-августагы №147 «Кыргыз Республикасынын сот адилеттигин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу жана «2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот системасын өнүктүрүү» Мамлекеттик максаттуу программаны аткаруу максатында баштаган.

Программа 2015-жылдын 5-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрайымы менен макулдашылып Кыргыз Республикасынын судьялар Кеңешинин Төрагасы тарабынан бекитилген.

Окутуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун алдындагы судьялардын Окуу борборунда USAID/IDLOнун Кыргызстандагы сот тутумун бекемдөө боюнча Программасынын колдоосу менен өтүүдө.

Азырынча комментарийлер жок

Комментарий жазуу

  • Web page addresses and e-mail addresses turn into links automatically.
  • Lines and paragraphs break automatically.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00