warning: call_user_func_array() expects parameter 1 to be a valid callback, function 'theme_filter_tips_more_info' not found or invalid function name in /var/www/jogorku/includes/theme.inc on line 669.

Жогорку Сот Көк-Сай айылынын тургуну А.Турсункуловдун турак-жайын тинтүүнүн мыйзамдуулугу тууралуу соттук ишин карап чыкты

08.10.2013.

2013-жылдын 8-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясы ачык соттук отурумда Талас областтык сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын 2013-жылдын 13-августундагы аныктамасына карата Талас областтык прокуратурасынын бөлүмүнүн ага прокурору Т. Ахуновдун көзөмөл иретиндеги сунушунун негизинде Талас областына караштуу Кара-Буура районунун Көк-Сай айылынын Ленин көчөсүнүн тургуну 1969-жылы туулган Турсункулов Абдымалик Акматовичтин турак-жайына тинтүү жүргүзүү боюнча соттук материалын карап чыкты.

Толугураак

Талас шаардык cотунун 2013-жылдын 29-июлундагы токтому менен Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын Батыш башкармалыгынын ага тергөөчүсү Б. Сатымкуловдун өтүнүчү канааттандырылган.

Тагыраак айтканда тинтүү мыйзамдуу деп табылган.

Талас областына караштуу Кара-Буура районунун Көк-Сай айылынын Ленин көчөсүнүн тургуну 1969-жылы туулган Турсункулов Абдымалик Акматовичтин Көк-Сай айылынын чегиндеги жаңы конушта курулуп жаткан турак-жайларына жана короо-сарайларына тинтүү жүргүзүүгө уруксат берилген.

Талас областтык cотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын 2013-жылдын 13-августундагы аныктамасы менен жогоруда аталган Талас шаардык сотунун 2013-жылдын 29-июлундагы токтому жокко чыгарылып, тинтүү мыйзамсыз деп табылган.

Мамлекеттик айыптоочу М. Сооронкуловдун 1-инстанциядагы соттун чечимин күчүндө калтыруу тууралуу пикирин угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Cотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясы 2013-жылдын 19-июлунда саат 12:15те Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын Батыш башкармалыгынын кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам маалыматтарынын негизинде № 20 29-аскер бөлүгүнүн, Талас областынын ИИБнын тез чара көрүү атайын тобунун (отряд) жана Көк-Сай айылдык аймагынын кызматкерлеринин катышуусунда Кара-Буура районунун Көк-Сай айылдык аймагына караштуу Жогорку Көк-Сай жайытындагы сайдын ичинен белгисиз адамдар тарабынан мыйзамсыз түрдө 0,21 ГА жер аянтына өстүрүлүп жаткан жалпысы 8700 түп, салмагы 2580 кг өзгөчө жыты бар өсүмдүк алынган.

Соттук-химиялык экспертизанын 2013-жылдын 22-июлундагы №34-корутундусуна ылайык, таза салмагы 2580 кг түзгөн өсүмдүк баңги зат экендиги аныкталган.

Бул факт боюнча 2013-жылдын 23-июлунда Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын Батыш башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнин 250-б. 3-б. менен № 89-13-907 сандуу кылмыш иши козголгон.

Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын Батыш башкармалыгынын ага тергөөчүсү Б. Сатымкулов 2013-жылдын 29-июлундагы токтому менен Турсункулов Абдымалик Акматовичке таандык Талас областына караштуу Кара-Буура районунун Көк-Сай айылынын чегиндеги жаңы конушта курулуп жаткан турак-жайына тинтүү жүргүзүүгө уруксат берүү боюнча Талас шаардык сотуна өтүнүч келтирилген.

Сот органдары тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн чечимдер кабыл алынган.

2-инстанциядагы соттун чечими менен макул болбой, Талас областтык прокуратурасынын бөлүмүнүн ага прокурору Т. Ахунов көзөмөл иретиндеги сунуш менен кайрылып, анда 2-инстанциядагы сот күчүнө кирген 1-инстанциядагы соттун чечимин апелляциялык тартипте караганын, ошондой эле 2-инстанциядагы соттун тинтүүнүн мыйзамдуулугун кароо боюнча укугу жок экендигин, анткени бул жагдай 1-инстанциядагы сот тарабынан каралбагандыгын, далилдердин мыйзамдуулугу соттук материал боюнча эмес кылмыш иш боюнча соттук териштирүү убагында каралышы керектигин көрсөтүп, Талас областтык сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын 2013-жылдын 13-августундагы аныктамасын жокко чыгарууну сураган.

Иштин материалдарын изилдеп, көзөмөл иретиндеги сунуштун жүйөөлөрүн талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Cотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясы Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 383-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып Талас областына караштуу Кара-Буура районунун Көк-Сай айылынын Ленин көчөсүнүн тургуну 1969-жылы туулган Турсункулов Абдымалик Акматовичтин Көк-Сай айылынын чегиндеги жаңы конушта курулуп жаткан турак-жайларына жана короо-сарайларына жүргүзүлгөн тинтүүнүн мыйзамдуулугун текшерүү боюнча кабыл алынган Талас областтык сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын 2013-жылдын 13-августундагы аныктамасы жокко чыгарылып, Талас шаардык сотунун 2013-жылдын 29-июлундагы токтому күчүндө калтырылсын деп токтом чыгарды.

Талас областтык прокуратурасынын бөлүмүнүн ага прокурору Т. Ахуновдун көзөмөл иретиндеги сунушу канааттандырылган.

 

Жогорку Соттун басма сөз катчысы
Айнура Токтошева

 

Азырынча комментарийлер жок

Комментарий жазуу

  • Web page addresses and e-mail addresses turn into links automatically.
  • Lines and paragraphs break automatically.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00