warning: call_user_func_array() expects parameter 1 to be a valid callback, function 'theme_filter_tips_more_info' not found or invalid function name in /var/www/jogorku/includes/theme.inc on line 669.

А.Досмамбетов: «Ар дайым мамлекетибиздин мыйзамдарын туу тутуп, бекем сактоого чакырам»

28.10.2017

Ысык-Көл областтык сотунун төрагасынын орун басары Азиз Досмамбетов Каракол шаарындагы К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин  студенттери менен жолугушту.

Иш-чара 2017-жыл Ыйман, адеп жана маданият жылынын алкагында өткөрүлдү.

Толугураак

Азиз Досмамбетов студенттерге эмгек тажрыйбасы, өмүр жолу жөнүндө кыскача айтып берди. Андан соң, Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүшү жана Кыргыз Республикасынын сот ситсемасы жөнүндө кеңири маалымат менен бөлүштү. Ошондой эле студенттерге Кыргыз Республикасынын Конституциясы, сот түзүлүшүндө колдонулуучу мыйзамдар тууралуу айтып берди. Иш тажрыйбасынан келтирген мисалдар аркылуу студенттер соттун көзөмөлү, стуктурасы жана ыйгарым укуктары жөнүндө так маалымат ала алышты.

Иш-чаранын соңу суроо жооп  форматында уланды. Анда, А. Досмамбетов «Силер биздин келечегибизсиңер. Ар дайым мамлекетибиздин мыйзамдарын туу тутуп, бекем сактоого чакырам», - деп баса белгиледи.

Ысык-Көл областтык сотунун басма-сөз кызматы

Азырынча комментарийлер жок

Комментарий жазуу

  • Web page addresses and e-mail addresses turn into links automatically.
  • Lines and paragraphs break automatically.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00