warning: call_user_func_array() expects parameter 1 to be a valid callback, function 'theme_filter_tips_more_info' not found or invalid function name in /var/www/jogorku/includes/theme.inc on line 669.

Айнаш Токбаева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрайымы: «Сиздер жалындуу жаштыгыңыздарды сот тутумунун адилетүү ачык айкын болушуна жана өнүгүшүнө арнадыңыздар»

29.09.2017

1-октябрь - Карылар күнүнө карата Жогорку  Сотто  ардагерлерине сый-урмат көрсөтүлүп, 30га жакын ардагер чакырылды.  Өмүрүнүн орчундуу бөлүгүн сот тутумуна  арнаган ардагерлерди жогорку  соттун  кызматкерлери жылуу тосуп алышты. Айта кетсек,  бүгүнкү  жолугушуу  Жогорку  Соттун тарыхый архитектуралык маанидеги  Абдумомунов 205 дарегиндеги имаратка көчүрүлгөндүгүнүн бир жылдыгына дал келди. 

Толугураак

Андыктан алгач  коноктор  Жогорку Соттун  төрайымы  Айнаш  Токбаеванын коштоосунда имараттын ичи  менен таанышып, төрайымдын, судьялардын  бөлмөлөрүндө, жыйындар жана  соттук  отурумдар өтө  турчу залдарды кыдырыштышып  өз  бааларын  беришим, Жогорку  Сот  өзүнүн  макамына  жараша жайга  көчүлгөнүн белгилешти.

 

Ал эми, төрайым өз сөзүндө “Нускалуу тарыхыбыз таамай айгинелеп тургандай,  кыргыз калкы өз карыларын дайыма кастарлап жогору коюп, аларга татыктуу урмат-сый көрсөтүп келген. Бекеринен «Карысы бардын – ырысы бар», «Карынын кебин капка сал»-деген макалдар  калкыбыздын аң-сезиминде бекем орнобосо керек”-деп белгиледи. Ошондой  эле, ардагерлер  жалындуу жаштыгын  сот тутумунун  адилетүү ачык  айкын  болушуна жана өнүгүшүнө  арнагандыгын  кошумчалады. Кадырлуу ардагерлерге дастаркон жайылып, акчалай  сыйлыктар  тапшырылды. 

 

Маалымат үчүн: 1-октябрь Эл аралык карылар күнү деп табылган. Бул күндү 1990-жылы БУУнун Баш катчылыгы расмий майрамдардын катарына киргизген.

 

 

Азырынча комментарийлер жок

Комментарий жазуу

  • Web page addresses and e-mail addresses turn into links automatically.
  • Lines and paragraphs break automatically.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
Жогорку соттун электрондук почтасы - supcourt@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00