Айнаш Токбаева, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы: “Кыргыз телевидениеси жана радиосунун тарыхта орду чоң, ал эбак эле биздин улуттук маданиятыбыздын бир бөлүгү болуп калган” | Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту
warning: call_user_func_array() expects parameter 1 to be a valid callback, function 'theme_filter_tips_more_info' not found or invalid function name in /var/www/jogorku/includes/theme.inc on line 669.

Айнаш Токбаева, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы: “Кыргыз телевидениеси жана радиосунун тарыхта орду чоң, ал эбак эле биздин улуттук маданиятыбыздын бир бөлүгү болуп калган”

08.12.2017

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Радио жана телевидение кызматкерлеринин күнү. 1958-жылы 194 метр бийиктиктеги телемунарасы менен Бишкек телестудиясы ишке киргизилип, 8-декабрь күнү Кыргыз телевидениесинде алгачкы берүү обого чыккан. Ал эми 1931-жылы өлкөдө Радио уктуруу боюнча республикалык комитет түзүлгөн. Ошол эле жылдын 19-декабрында алгачкы радио берүү обого чыккан. 

Куттуктоонун тексти мындай:

Толугураак

 

                            Урматтуу телевидение жана радио кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын телевидение жана радио кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм. Бул биздин баардыгыбыз, ар бир көрүүчү жана угуучу үчүн өзгөчө майрам.

Телекөрсөтүү жана үналгы коомчулуктун түрдүү катмарын биримдикке чакырып, жаратмандыкка багыттай алчу зор күчкө ээ экендиги жашыруун эмес.

Өлкөбүздө  тынчтыктын жана ынтымак-ырашкерликтин сакталышы сиздердин кесипкөй ишиңиздерге жана жоопкерчиликтүү мамилеңиздерге көз каранды экендиги шексиз. Демек, мамлекеттин жаркын келечеги сиздердин колуңуздарда.

Сиздер – уникалдуу кесипти алып жүрөсүздөр. Анткени күнүгө ар бир үйдө конокто болуп, турмушубуздун  ажырагыс бөлүгү болуп калдыңыздар.

Кыргыз телевидениеси жана радиосунун тарыхта орду чоң, ал эбак эле биздин улуттук маданиятыбыздын бир бөлүгү болуп калган.

Ары татаал, ары сыймыктуу ишиңиздерге ийгилик, бекем ден-соолук, үй-бүлөңүздөргө бакубатчылык каалап кетүүгө уруксат этиңиздер.

Кыргыз Республикасынын

Жогорку сотунун Төрайымы

А.А.Токбаева

 

 

Азырынча комментарийлер жок

Комментарий жазуу

  • Web page addresses and e-mail addresses turn into links automatically.
  • Lines and paragraphs break automatically.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00