warning: call_user_func_array() expects parameter 1 to be a valid callback, function 'theme_filter_tips_more_info' not found or invalid function name in /var/www/jogorku/includes/theme.inc on line 669.

Айнаш Токбаева, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы: ““Кабар” агенттигинин эмгектеринен кыргыздын бүтүндөй бир мууну журналистиканы өздөштүрүп, эне тилинде жазууга үйрөндү”

07.12.2017

Бүгүн, 7-декабрда, Бишкектеги  Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада “Кабар” маалыматтык агенттигинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленди.

Төмөндө Төрайымдын куттуктоосунун тексти келтирилет.

Бүгүн бүткүл кыргыз  журтчулугу үчүн өзгөчө күн.  Анткени массалык  маалымат каражаттарынын алдыңкы  сабында  келе  жаткан  «Кабар» улуттук маалымат агенттиги  80  жашта. Мына бүгүнкү күн   кыргыз  тарыхындагы чоң  окуя  экендигин белгилеп кетким келет. Байкалбаган менен “Кабар” агенттигинин  эмгектеринен кыргыздын  бүтүндөй  бир  мууну журналистиканы  өздөштүрүп,  эне  тилинде жазууга  үйрөндү. Аны менен элибиздин өнүгүп-өсүшүнө опол  тоодой  салым  кошушту. Айтканга  оңой  көрүнгөн менен чырпыкты  чынар  кылып аздектеп ушул  күнгө жеткирген жамааттын эмгегинин үзүрү  көрүнүп турат.

“Кабар” агенттиги бийликтин  ар  бир  бутагы  менен тыгыз кызматташып, саясый-экономикалык, сациалдык-маданий кабарлардын элге  ыкчам  жеткирүүдө алдыда турат.

Толугураак

Аны менен  кылым карыткан  кыргыз элинин 80 жылдык өмүрү “Кабар” агенттигинин архивде да калды. Бул чек  болбосун!

Маалымат айдыңында өзүнүн орду бар аталган агенттик мындан ары дагы  ыкчам жана сапаттуу маалыматтарды коомчулукка таркатып,  алдыңкы  маалымат агенттиктеринин бири бойдон кала бермекчи.

80 жылдык маарекеңиздер кут болсун!

Улуттук “Кабар” агенттиги  улуттун  уңгусу болсун!

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Сотунун Төрайымы

А.А. Токбаева

Азырынча комментарийлер жок

Комментарий жазуу

  • Web page addresses and e-mail addresses turn into links automatically.
  • Lines and paragraphs break automatically.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
Жогорку соттун электрондук почтасы - supcourt@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00