warning: call_user_func_array() expects parameter 1 to be a valid callback, function 'theme_filter_tips_more_info' not found or invalid function name in /var/www/jogorku/includes/theme.inc on line 669.

Баткен облусундагы сот кызматкерлери кезектеги кичи-футбол боюнча мелдеш өткөрүштү

20.09.2017

Лейлек районунун борбору Исфана шаарында, Баткен облустук сотунун, райондор аралык, сот департаменти, райондук жана шаардык сотторунун судьялары жана аппарат кызматкерлеринин катышуусунда кичи-футбол өткөрүлдү.

 

Толугураак

 

 

Исфана шаарында белгиленген бул спорттук мелдешке жалпысынан 8 команда ат салышты. Биринчи орунга Баткен райондук сотунун курамынан уюшулган команда ээ болду. Экинчи орунду Баткен облустук сотунун командасы ээледи, үчүнчүнү Баткен облусунун райондор аралык сотунун курамынан куралган команда ээледи. Жеңүүчүлөр акчалай сыйлык жана дипломдор менен сыйланышты.

“Быйылкы Ыйман, адеп жана маданият жылынын алкагында

Баткен облусундагы сот түзүмүнүн ортосундагы ынтымак, достук мамиленин мындан да жакшырышына шарт түзгөн ушундай спорттук иш чаралар ар эки айда өткөрүлүп турат.  Кичи футболду өткөрүп туруу ден соолукту чыңдоо, жаштар арасында спортко болгон кызыгууларын арттыруу ” – деди Баткен облустук сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу Алтынбек Түмөнов.

Бул спорттук иш чара салт катары ар бир эки айда өткөрүлүп турат.

Буга чейин Баткен облусунун борборунда жана Кадамжай районунда белгиленген.

                                                        

 Баткен облустук сотунун басма сөз катчысы

 

Азырынча комментарийлер жок

Комментарий жазуу

  • Web page addresses and e-mail addresses turn into links automatically.
  • Lines and paragraphs break automatically.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00