warning: call_user_func_array() expects parameter 1 to be a valid callback, function 'theme_filter_tips_more_info' not found or invalid function name in /var/www/jogorku/includes/theme.inc on line 669.

Жабиев бейбаштык үчүн сот жообуна тартылган

22.01.2016.

Жабиев Улан Эмилбекович 1983-жылы туулган. Ат-Башы айылынын тургуну, билими жогорку, үй-бүлөлүү, 3 баласы бар. Эч жерде иштебейт. Мурда сот жообуна тартылган эмес. Кыргыз Республикасынын КЖКнин 234-ст. 1-б. (хулиганчылык, коомдук тартипти же жалпыга бирдей жүрүш-туруш ченемдерин одоно бузган аракеттер атайылап жасалганда) менен айыпталып жаткан.

Толугураак

У. Жабиев 2015-жылдын 4-июнь күнү саат 24-00 чамасында Ат-Башы айылынын жашоочусу О. уулу Т.ны Ат-Башы айылындагы бир кафенин жанынан уруп-сабап, денесине жаракат келтирген. Натыйжада жабырлануучу О. уулу Т. денесинен алган жаракаттан улам Ат-Башы аймактык оорукананын хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык денесине  атайылап жеңил залал келтирилген.

2015-жылдын 10-декабрында Ат-Башы райондук соту аталган ишти ачык сот отурумунда  караган.

Сотто У. Жабиев коюлган айыпты толугу менен мойнуна алып, кызуулук менен туура эмес кылганын, экинчи мындай ишти кайталабасын түшүндүрүп кечирим суроо менен жеңил жаза чектөөнү сурайт.

Судья соттук отурумда бардык жагдайларды эске алуу менен У. Жабиевдин жаштыгын, мурун сот жообуна тартылбагандыгын, багуусунда жашы толо элек 3 баласы бар экендигин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 309-324 статьяларын жетекчиликке алуу менен Ат-Башы райондук соту 2015-жылдын 10-декабрындагы өкүмү менен Кыргыз Республикасынын КЖКнин 63-ст. (шарттуу соттоо) колдонуп, шарттуу соттолду деп эсептелинип, 1 (бир) жыл сыноо мөөнөтү белгиленген.

             Нарын областтык сотунун басма сөз кызматы

Азырынча комментарийлер жок

Комментарий жазуу

  • Web page addresses and e-mail addresses turn into links automatically.
  • Lines and paragraphs break automatically.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00