warning: call_user_func_array() expects parameter 1 to be a valid callback, function 'theme_filter_tips_more_info' not found or invalid function name in /var/www/jogorku/includes/theme.inc on line 669.

Жалал-Абадда окуучулар укуктук сабаттуулугун жогорулатышууда

22.12.2007

Жалал-Абад облустук сотунун судьясы Гульмира Кожобекова укуктук сабаттуулукту жогорулатуу максатында, Базар-Коргон районунун Бабур атындагы орто мектебинде 9,10,11-класстардын окуучуларына ачык сабак өткөрдү.            

Жолугушууда судья окуучуларга жарандардын жана юридикалык жактардын ортолорунда пайда болгон талаш-тартышты чечүүдө сот тутумунун ролу, мамлекеттик түзүлүштүн конституциялык негиздери, мамлекеттик бийликтин бөлүнүшүнүн принциптери, ошондой эле ата-энелер жана балдардын укуктары жана милдеттери тууралуу маек куруп берди.

Толугураак

 

Жолугушууда окуучулар өздөрүнүн суроолорун беришип, соттук тажрыйбадан алынган судьянын жоопторун алышты.  

 Иш-чаранын аяктап жатып, судья Гульмира Кожобекова балдарды окууда жана эмгекте үлгүлүү болууга, ата-энелиринин сөздөрүн угууга, коомдо жалпыга тиешелүү жүрүм-турум тартипти сактоого чакырып, келечекте туура кесиптин ээси болууга  чакырды.

 

Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз катчысы 

Маркэл Болотов         

Азырынча комментарийлер жок

Комментарий жазуу

  • Web page addresses and e-mail addresses turn into links automatically.
  • Lines and paragraphs break automatically.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00