Жалал-Абад областынын жергиликтүү соттору 2017-жыл боюнча жыйынтыктоочу чогулуш өткөрдү | Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту
warning: call_user_func_array() expects parameter 1 to be a valid callback, function 'theme_filter_tips_more_info' not found or invalid function name in /var/www/jogorku/includes/theme.inc on line 669.

Жалал-Абад областынын жергиликтүү соттору 2017-жыл боюнча жыйынтыктоочу чогулуш өткөрдү

08.02.2018

2018-жылдын 7-февраль күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш  Токбаеванын катышуусу менен Жалал-Абад областынын жергиликтүү соттордун 2017-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча жыйынтыктоочу жыйын  өттү.

Бул иш-чарага Жалал-Абад областтык сотунун төрагасы Шаршенбек  Камбаров, областтык сотунун төрагасынын орун басары Д.И.Исамидинов, областтык соттун судьялары, райондук, шаардык соттордун төрагалары жана судьялары катышышты.

Толугураак

Жалал-Абад областтык сотунун төрагасы Ш.К.Камбаров жыйынды  ачып, сотко келип түшүп, каралган иштер боюнча маалыматтарды айтты.  

Жалал-Абад областынын жергиликтүү соттордун иши жөнүндө билдирүүлөрү менен областтык соттун кылмыш иштер жана административдик укук бузуулар боюнча, жарандык иштер боюнча, экономикалык жана административдик иштер боюнча коллегиялардын төрагасы жана судьялары  тааныштырышты, билдирүүсүндө жергиликтүү соттордун 2017-жылдагы ишмердүүлүгүн 2016-жылга салыштырып, статистикалык маалыматтарды чагылдырышып, сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатынын көрсөткүчтөрү белгиленди.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева соттордун ишмердүүлүгү жөнүндө билдирүүлөрдү угуп, сот адилеттигин ишке ашырууда жогорку сапаттагы бирдей тажрыйбага жетишүүгө, коомдун, элдин сот тутумуна болгон ишенимин жогорулатууга, бардык судьяларга ишти бирдей бөлүштүрүү, анда убактысын, белгиленген мөөнөтүн, процессуалдык нормаларды сактоо, коррупцияга жол бербөө, судьялар менен сот кызматкерлеринин тараптар менен байланышка барбоосу жөнүндө жана башка маанилүү маселелерге токтолду.

Жалал-Абад областтык сотунун төрагасы Ш.К.Камбаров чогулушту жыйынтыктап жатып, сот адилеттүүлүгүн ишке ашырууда укуктук-ченемдик актылардын талаптарын кынтыксыз аткарууга чакырды.

 

                                                           Жалал-Абад областтык сотунун

басма-сөз катчысы

Азырынча комментарийлер жок

Комментарий жазуу

  • Web page addresses and e-mail addresses turn into links automatically.
  • Lines and paragraphs break automatically.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00