warning: call_user_func_array() expects parameter 1 to be a valid callback, function 'theme_filter_tips_more_info' not found or invalid function name in /var/www/jogorku/includes/theme.inc on line 669.

Жалал-Абад областынын сот тутумунун курама командасы волейбол боюнча III байгелүү орунду ээледи

18.01.2018

Жалал-Абад областынын укук коргоо органдардын жана күч түзүмдөрдүн арасында 2018-жылдын 17-январында волейбол боюнча өткөрүлгөн мелдеште, Жалал-Абад областынын сот тутумунун курама командасы III байгелүү орунду ээледи.

Мелдеш ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун түзүлгөн күнүнө арналып, Жалал-Абад областынын ички иштер органдары тарабынан уюштурулуп, өткөрүлдү. Бул спорттук иш-чара бир убакытта эле үч спорт залда жүрүп жатты, анда Жалал-Абад областнын райондук, шаардык ички иштер бөлүмүнүн, “Шумкар” атайын багыттагы полкунун, Улуттук гвардиянын, ӨКМдин, бажы кызматынын, прокуратуранын жергиликтүү түзүмдөрүнүн жана Жалал-Абад областынын сот тутумунун курама камандалары катышышты. Жалпысынан 18 курама команда.     

Толугураак

Жалал-Абад областынын сот тутумунун курама командасынын катышуучуларынын катарына төмөнкү оюнчулар киришти: Сузак районунун соттук аткаруучулар кызматынан Матираимов Мирбек – команданын капитаны, Жалал-Абад областтык сотунан Кубанычбек Кочкорбаев ,  Сузак райондук сотунан Нурсултан Акматжанов  жана Таалайбек уулу Жунусали, Сузак райондук сот аткаруучулар кызматынан Бектур Кыргызалиев  жана Жалал-Абад шаардык сотунан БакытбекТурдубеков .

18 курама команда катышкан мелдештин жыйынтыгы менен Жалал-Абад областынын сот тутумунун курама командасы III байгелүү орунга ээ болушту, аларга Жалал-Абад областтык ИИБнын башчысы А.С.Мамасейитов грамота менен акчалай сыйлыкты тапшырды. Мелдеште I орунга “Шумкар” атайын багыттагы полкунун командасы, ал эми II орунга Улуттук гвардиянын курама командасы жетишишти.

                                     

                                               Жалал-Абад областтык сотунун басма-сөз катчысы

                                               Болотов М.Ж.             

         

Азырынча комментарийлер жок

Комментарий жазуу

  • Web page addresses and e-mail addresses turn into links automatically.
  • Lines and paragraphs break automatically.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00