Жергиликтүү соттордун судьялары үчүн адамдарды сатууга каршы аракеттенүү маселелери боюнча тренинг өтүп жатат | Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту
warning: call_user_func_array() expects parameter 1 to be a valid callback, function 'theme_filter_tips_more_info' not found or invalid function name in /var/www/jogorku/includes/theme.inc on line 669.

Жергиликтүү соттордун судьялары үчүн адамдарды сатууга каршы аракеттенүү маселелери боюнча тренинг өтүп жатат

26.10.207

Бүгүн 26-октябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби Кыргыз Республикасындагы Миграция боюнча эл аралык уюм (МОМ) менен биргеликте, АКШ Мамлекеттик департаментинин Адамдарды сатуу менен күрөшүү жана мониторингдөө боюнча офисинин (JTIP) колдоосунда адамдарды сатууга каршы аракеттенүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын  жергиликтүү сотторунун  судьялары үчүн тренинг өткөрүүдө. 

 

Толугураак

Адамдарды сатуу менен байланышкан  иштерди кароодо  билимин жана кесиптик көндүмдөрүн жогорулатуу үчүн Кыргыз Республикасынын  жергиликтүү сотторунун 25 судьясы катышууда.

Адам, анын жашоосу, эркиндиги, намысы, кадыр-баркы жана башка ажырагыс укуктары эң жогорку баалуулук болуп саналат, аларды камсыздоо Кыргыз Республикасынын Конститутциясы Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 17-мартындагы №55 “Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү” мыйзамы менен кепилдентирилет.

Лектор катары Кыргыз Республикасынын  Жогорку сотунун судьясы Шералы Камчыбеков чакырылды.

Иш чара Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 14-январындагы №14 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында адамдарды сатуу менен күрөшүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасын аткаруу алкагында, ошондой эле 2017-жылдын Окуу планына ылайык өткөрүлүүдө. 

Азырынча комментарийлер жок

Комментарий жазуу

  • Web page addresses and e-mail addresses turn into links automatically.
  • Lines and paragraphs break automatically.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00