warning: call_user_func_array() expects parameter 1 to be a valid callback, function 'theme_filter_tips_more_info' not found or invalid function name in /var/www/jogorku/includes/theme.inc on line 669.

Жергиликтүү соттор жана басма сөз катчылар үчүн уюштурулган үч күндүк тегерек стол максатына жетти

10.10.2017

«Массалык  маалымат жаражаттары  үчүн резонанстуу иштер  боюнча  маалымат  берүүнүн тартиби  жана  негативдүү  материалдарга кантип  чара  колдонуу керек». Мына  ушул  тема  үч  күн  бою жергиликтүү соттордун  судьяларынын  жана басма  сөз  катчыларнын  көңүл  борборунда  болду.  Тегерек  столду алгач КРнын  Жогорку  Сотунун  төрайым Айнаш  Токбаева ачып,  маселенин  бүгүнкү  күндөгү  актуалдуулугуна көңүл  бурду, «Азыркы  өнүккөн  технологиянын  доорунда  негативдүү  маалыматка ыкчам көз  салып  чара  колдонуу  зарыл  турат»-деп  төрайым  белгиледи.  

Толугураак

Ал  эми, кесиптештери  менен Франция  жана  Германиядан келген лекторлор  өз  тажрыйбалары  менен  бөлүшүштү. Штефан Цантке – Саксонияда судья  менен басма  сөз катчылыкты  айкалыштырып келет. Дамиан Леваду   болсо  Франциялык магистрат. Дуэ башкы  прокуратурасынын  башкы  катчылыгынны жетекчиси. Белгилүү  болгондой  Евро  биримдикке  кирген  өлкөлөрдө  магистранттардан  бирөөсүн соттун  ишин  коомчулукка  жеткире турган басма-сөз  катчы дайындалат. Ал, ишинин  көптүгүнө  карабастан  өз  учурунда, ыкчам  так актуалдуулугун  эске  алып  журналисттер менен  бөлүшүп  турат.

Штефан Цантке мырза 10 жылдан бери ММК өкүлдөрү менен  иштеп келе жаткандагы тажрыйбасы  менен  бөлүштү. Франциялык кесиптеши  болсо өз  өлкөсүндөгү өзгөчөлүктөр  өзгөчө кырдаал  учурундагы  көрүлгөн  чаралар  жана судьялык менен  басма сөз катчылыктын артыкчылыктарын  айтты.   

Ал  эми  белгилүү  журналист,  медиа  эксперт Сюита Соурбаева  Кыргызстандагы  ММКлар менен  жемиштүү  кызматташуунун сырларын  жана туура  маалымат  берүүнүн  ыкмаларына  токтолду. Тегерек  столдун жүрүшүндө, «пирамида» принцибиндеги пресс-релиз жазуунун ыкмасы, ММК  менен  эффективдүү  иштөө, резонанстуу иштер  боюнча  пресс-конференция уюштуруу, кантип  интервью берүү  сыяктуу суроолорго  жооп  беришти. 

 

Азырынча комментарийлер жок

Комментарий жазуу

  • Web page addresses and e-mail addresses turn into links automatically.
  • Lines and paragraphs break automatically.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
Жогорку соттун электрондук почтасы - supcourt@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00