warning: call_user_func_array() expects parameter 1 to be a valid callback, function 'theme_filter_tips_more_info' not found or invalid function name in /var/www/jogorku/includes/theme.inc on line 669.

Жергиликтүү соттор жаңы Жарандык-процессуалдык кодексти талкуулап жатышат

18.12.2017

Бүгүн, 18-декабрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби “Кыргыз Республикасынын жаңы Жарандык-процессуалдык кодексин колдонуудагы айрым маселелер” темасында  өлкөнүн түштүк регионунда жергиликтүү сотторунун судьялары үчүн эки күндүк семинар өткөрүүдө.

Семинар 2017-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирген, Кыргыз Республикасынын жаңы Жарандык-процессуалдык кодексин колдонуу боюнча Кыргыз Республикасынын  судьяларынын билимин жана көндүмдөрүн кеңейтүүгө багытталган.

Толугураак

Семинардын программасы боюнча маселелердин 9 блогу каралат, дискуссия өткөрүлгөндөн кийин катышуучуларга сурамжылоо жүргүзүлөт жана сертификаттар тапшырылат.

Кыргыз Республикасынын  Жогорку сотунун судьясы - Гульбара Калиева,  GIZ эксперти, Германия, Ганновердин Ылдыйкы Саксониянын округдун сотунун отставкадагы төрагалык кылуучу судьясы - Томас Херманн, GIZ программасынын Кыргызстандагы улуттук координатору Мадалиев Рустам лектор катары чыгышты. 

Иш чара Борбордук Азия өлкөлөрүндө укуктук мамлекетүүлүккө көмөктөшүү» (GIZ) эл аралык кызматташтык боюнча Герман коомчулугунун программасынын колдоосу менен өткөрүлүүдө. 

Азырынча комментарийлер жок

Комментарий жазуу

  • Web page addresses and e-mail addresses turn into links automatically.
  • Lines and paragraphs break automatically.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00