Жогорку сотто насаатчылык жөнүндө долбоордун жыйынтыктары чыгарылды | Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту
warning: call_user_func_array() expects parameter 1 to be a valid callback, function 'theme_filter_tips_more_info' not found or invalid function name in /var/www/jogorku/includes/theme.inc on line 669.

Жогорку сотто насаатчылык жөнүндө долбоордун жыйынтыктары чыгарылды

08.12.2017

Бүгүн, 2017-жылдын 8-декабрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Айнаш Токбаеванын катышуусунда “Үч соттогу насаатчылык  пилоттук долбоорунун жыйынтыктарын чыгаруу жана бул ишмердүүлүктү  улантуу,  милдеттер жана келечеги” - деген аталыштагы тегерек стол өттү.

Пикир алмашуу үчүн  пилоттук долбоордун катышуучулары – Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары, ошондой эле долбордун өнөктөштөрү укукту өнүктүрүү боюнча Эл аралык  уюмдун филиалынын өкүлдөрү чогулушту.  Бардык катышуучулар  масштабдуу жана  жооптуу иш аткарылгандыгы үчүн бири-бирине ыраазычылык билдиришти.

Толугураак

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Айнаш Токбаева өз сөзүндө алгачкы дайындалган соттор үчүн насаатчылык  жөнүндөгү пилоттук долбоордун  актуалдуулугун белгиледи.  Ошондой эле  долбоор ийгиликтүү аяктарына ишеним артып,   насаатчылык институтунун  маанилүүлүгүнө токтолду.

Тегерек столго катышкан насаатчылар – отставкадагы судьялар жасалган иштер боюнча тыянак чыгарышып, долбоордун бир катар жетишкендиктерине токтолушту. Анда белгилүү болгондой, экинчи инстанциядагы судьялар дагы насаатчыларга муктаж экендиги айтылып, алгачкы жолу дайындалган судьяларга дагы насаатчылыкты киргизүү эффективдүү болоору кошумчаланды.

Мындан тышкары  иш чаранын катышуучуларынын көпчүлүгү  тарабынан сыноо стажы институтун киргизүү сунушу  колдоого алынды. Чыгып сүйлөгөндөр жаштарга судья болуу жоопкерчиликтүү экендигин, судьянын иши бул командалык иш экендигин, анда  катчылардын жана консультанттардын иши дагы маанилүү экендигин баса белгилешти.

 

 

Өз кезегинде алгачкы жолу дайындалган судьялар аларга көрсөтүлүп жаткан колдоо жана баалуу кеңештер  үчүн ыраазычылык билдиришти. Ош облустук сотунун судьясы Адинахан Кадырова насаатчылар тарабынан психологиялык жактан  колдоо өтө маанилүү экендигине токтолду. Ал эми Аламүдүн райондук сотунун судьясы Бакыт Касымалиев  окутуунун башка формаларына караганда, насаатчылыктын өзгөчөлүгү, окутуулар  иш учурунда үзгүлтүккө учурабастан жүргүзүлөөрүн белгиледи. Мындан тышкары ал  сот тутумундагы  насаатчылык институту кайрадан дайындалган судьялардын  ишти кароодо сапатын, ошондой эле алардын профессионалдуулугун  жогорулатууга багытталгандыгын айтты. 

Тегерек столдун жыйынтыгын Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы  Айбек Давлетов чыгарды. Анда  иш чаранын алкагында  айтылган бардык сунуш-пикирлер эске алынаары белгиленди.

 

 

Азырынча комментарийлер жок

Комментарий жазуу

  • Web page addresses and e-mail addresses turn into links automatically.
  • Lines and paragraphs break automatically.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00