warning: call_user_func_array() expects parameter 1 to be a valid callback, function 'theme_filter_tips_more_info' not found or invalid function name in /var/www/jogorku/includes/theme.inc on line 669.

Жогорку Соттун судьялары GIZ Программасынын Миссиясы менен жолугушту

26.01.2016.

СҮРӨТРЕПОРТАЖ

2016-жылдын 25-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунда, Жогорку Соттун судьялары Болотбек Акматов жана Дилбар Кулматованын GIZ «Борбордук Азия өлкөлөрүнө укуктук мамлекеттүүлүккө көмөк көрсөтүү» Программасынын Миссиясынын өкүлдөрү отставкадагы судья Генрих Шнитгер жана GIZтин укук маселелери боюнча эксперти Йенс Йоханнес Деппе мырзалар менен жолугушуусу болуп өттү.

Толугураак

 

Жолугушуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьялары Б. Акматов жана Д. Кульматова Миссиянын өкүлдөрүн кызыктырган сот тутуму, судьяларды тандоо, судьялык иштерге байланышкан суроолоруна жооп беришти.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө тараптар судьялардын этикалык принциптерин, соттук этика маселелерин талкуулашты. GIZ Программасынын Миссиясынын өкүлдөрү жолугушуунун соңунда судьяларга ыраазычылыгын билдиришти.

Жолугушууда тараптар судьялардын этикалык принциптерин талкуулашты. GIZ Программасынын Миссиясы 25-январдан 29-на чейин мурунку баяндамалары жана изилдөөлөрүнүн  негизинде бир катар аналитикалык иштерди өткөрүүнү ниеттенүүдө. Мындан тышкары, судьялар, сот органдарынын өкүлдөрү жана укук тармагындагы эксперттер менен сүйлөшүүлөр пландалган. Жуманын соңунда тегерек стол өткөрүлүп, анын жүрүшүндө аткарылган иштердин алдын ала жыйынтыктары талкуулоо үчүн катышуучуларга тартууланат. GIZ Программасынын Миссиясынын жыйынтыктоочу баяндамасы Кыргыз Республикасынын судьялар Кеңешине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна таанышууга, сын пикирлерди сунуштоого жана жеткире иштөөгө берилет. GIZ Программасынын Миссиясы талкуулоого “Судьялардын жүрүм-турумунун Бангалордук принциптерин” да сунуштамакчы.

Азырынча комментарийлер жок

Комментарий жазуу

  • Web page addresses and e-mail addresses turn into links automatically.
  • Lines and paragraphs break automatically.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00