warning: call_user_func_array() expects parameter 1 to be a valid callback, function 'theme_filter_tips_more_info' not found or invalid function name in /var/www/jogorku/includes/theme.inc on line 669.

Жогорку Соттун Төрайымы Ф. Джамашева 8-март Эл аралык Айымдар күнү менен куттуктады

07.03.2013.

Урматтуу Айымдар, кымбаттуу Энелер!

Чын жүрөгүмдөн Сиздерди келе жаткан 8-Март Эл аралык Айымдар күнү менен куттуктайм!
Байыртадан  бери аялзаты жашоонун маӊызы, сулуулуктун булагы болуп келет. Айымдар үй-бүлөнүн коломтосунун сактоочусу, үйдүн кутун коргоочу. Бүгүнкү күндө өлкөбүздүн бардык тармагында Сиздер активдүү иш алпаруу менен бирге мамлекеттин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө баа жеткис зор салым кошуудасыздар. Сиздердин араӊыздарда белгилүү коомдук ишмерлер, саясатчылар, окумуштуулар, соттор, мекеме жетекчилери, мугалимдер жана дарыгерлер бар. Сиздер кайраттуу, демилгелүү, камкордуу жана назиксиздер!


Аялзаты – бул биринчиден Эне!
Жаз майрамы алдында Энелерибизге, бизге жашоо тартуулагандыгы, төккөн мээрими үчүн башыбызды ийебиз. Энелердин сабырдуулугуна, камкордугуна жана балага болгон чексиз сүйүүсүнө ыраазычылык билдиребиз. Майрам күнү Сиздерге, кымбаттуу Энелер, чын жүрөгүмдөн чексиз бакыт, үй-бүлөлүк бейпилдик жана чын ден-соолук каалайм! Эне бар үчүн -  адамзатынын келечеги бар!

Урматтуу Айымдар, Сиздерди дагы бир жолу майрамыӊыздар менен куттуктап кетүүгө уруксаат этиӊиздер. Сиздерге жана Сиздердин жакындарыӊыздарга чын ден-соолук, бейпилдик, кубаныч каалайм! Келе жаткан күз Сиздерге көптөгөн жакшылыктарды алып келсин!
 



Урматым менен,
Жогорку Соттун Төрайымы Ф. Джамашева

Азырынча комментарийлер жок

Комментарий жазуу

  • Web page addresses and e-mail addresses turn into links automatically.
  • Lines and paragraphs break automatically.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00