warning: call_user_func_array() expects parameter 1 to be a valid callback, function 'theme_filter_tips_more_info' not found or invalid function name in /var/www/jogorku/includes/theme.inc on line 669.

Жумгал райондук сотунун имаратынын ремонт иши аяктоо алдында турат

10.10.2017

Кыргызстанда  соттордун имараттарын  оңдоп  түзөп же  жаңы  куруу  аракеттери ыкчам  жүрүп жатат. Нарын  областынын Жумгал  районунун  имараты  да  ремонт иштерине  муктаждардын  катарына  кирип, азыр сырдалып, жылууланып, эшик  терезелери  жаңыланып кайрадан  колдонууга  берүү  алдында  турат. Жеринде жүрүп  жаткан  иштер  менен Нарын  областтык  сотунун  төрагасы Алдаярбек Абдыбеков  жана сот департаментинин Нарын  областтык  башкармалыгынын  башчысы таанышышты. Маалым  болгондой, иш  белгиленген тартиптин  негизинде жүзүп,  бөлүнгөн  каражат натыйжалуу жана  үнөмдүү жумшалып иш  кызуу жүрүп  жатат. Куруучулардын  айтымында эки  жума  аралыгында толугу  менен  ремонт  иши аяктап өткөрүп  берилет.

Айта  кетсек, "2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү" багытындагы  мамлекеттик максаттуу программанын алкагында акыркы эки-үч жылдан бери республика боюнча бир катар сот имараттары капиталдык  ремонттон  өткөрүлүп,  айрымдары жаңы имараттарга ээ болушту.

Азырынча комментарийлер жок

Комментарий жазуу

  • Web page addresses and e-mail addresses turn into links automatically.
  • Lines and paragraphs break automatically.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
Жогорку соттун электрондук почтасы - supcourt@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00