Журналисттер Жогорку соттун ишин чагылдыруу жолдорун үйрөнүп жатышат | Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту
warning: call_user_func_array() expects parameter 1 to be a valid callback, function 'theme_filter_tips_more_info' not found or invalid function name in /var/www/jogorku/includes/theme.inc on line 669.

Журналисттер Жогорку соттун ишин чагылдыруу жолдорун үйрөнүп жатышат

25.12.2017

Бүгүн, 25-декабрда,  Жогорку сотто “Кыргыз  Республикасынын Жогорку  Сотунун ишин  жалпыга  маалымдоо каражаттарында  чагылдыруу”  аталышында  журналисттер  үчүн  тренинг  өтүүдө. Окутуу тренингине   Кыргызстандагы  алдыңкы  жалпыга  маалымдоо  каражаттарынын  өкүлдөрү  катышууда.

Иш чара  Укукту өнүктүрүү боюнча IDLO  эл аралык уюмунун колдоосу  менен өтүүдө. 

Толугураак

Тренингдин ишин ачкан  Жогорку соттун басма сөз кызматынын жетекчиси Сюита Соурбаева сот тутумун чагылдыруу боюнча журналисттерди даярдоо керек экендигин айтты. Анткени соттук  процесстерди  чагылдырууда  журналисттер  тарабынан  суроолор  көп  жаралып, элге маалымат жеткиликсиз болуп  калууда.  Мындай  көрүнүш өз  учурунда  элдин сотторго  болгон терс пикирин жаратып келет.  Окутуу тренингдин башкы  максаты Жогорку сот  менен жалпыга  маалымдоо каражаттарынын ортосундагы аралыкты жоюп, так жана  ыкчам  маалымат жеткирүү деп  кошумчалады Соурбаева.

Ал эми, Укукту өнүктүрүү боюнча  IDLO  эл аралык уюмунун жетекчисинин  кеңешчиси Карыбек  Дүйшеев, окутуу тренингинин  маанилүүлүгүнө  токтолуп, соттун ишин  чагылдырууда  жалпыга  маалымдоо каражаттарынын ролу чоң экендигин белгиледи. Ошондой  эле, Жогорку  сот аталган  уюм  үчүн ишенимдүү  өнөктөш  экендигин  кошумчалап, сот  тутумунун ачык  айкындуулугун  камсыз  кылууда  ачык  болуу зарылдыгын айтты.

Кыргыз  Республикасынын Жогорку сотунун  Конституциялык  палатасынын  судьясы Жедигер Саалаев, акыркы  учурларда  журналисттердин  арасында  сот процесстерин  чагылдырган  журналисттердин  катары  толукталып, эл ар  тараптуу маалымат  алууга   жетишип калганын  белгиледи. Бирок,  укуктук  билимин  жогорулатуу зарылчылдыгы  турганын айтты. Көп  учурда  сот  иши  боюнча  маалымат  алууда аксоолор  бар экенин  жашырган  жок. Мындан  сырткары Жедигер Саалаев соттор  менен  кызматташуунун жол - жоболорунун  мыйзамда көрсөтүлгөн жагдайларына  токтолду. Анын айтымында сот тутумунда жалпыга  маалымдоо каражаттары  менен иш алып баруунун жоболору  иштелип  чыгып, баары ачык  айкын жазылган  деди. Ошондой  эле, тренингге келген журналисттер  кызыккан  суроолорун  беришип, жооп ала алышты.

Иш чарада  негизги тренер катары  медиа эксперт Вячеслав Гончаров чыгып, сот  тутумунда маалымат  алуунун стандарттары, кылмыш-жаза, экономикалык жана жарандык  иштерди  чагылдыруунун механизмдери, соттун  ишин  чагыдырууда жаралып жаткан  негизги тоскоолдуктар, журналисттердин ишиндеги  этикалык нормалар  боюнча  интерактивдүү ыкма  менен түшүндүрдү.

Тренинг  жандуу  өтүп, журналисттер эркин  ой жүгүртүп,  өз  пикирлерин билдирүүгө  жетише  алышты.

 

 

 

Азырынча комментарийлер жок

Комментарий жазуу

  • Web page addresses and e-mail addresses turn into links automatically.
  • Lines and paragraphs break automatically.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00