Кадамжай райондук сотундагы оңдоп-түзөө иштери менен Айнаш Токбаева таанышты | Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту
warning: call_user_func_array() expects parameter 1 to be a valid callback, function 'theme_filter_tips_more_info' not found or invalid function name in /var/www/jogorku/includes/theme.inc on line 669.

Кадамжай райондук сотундагы оңдоп-түзөө иштери менен Айнаш Токбаева таанышты

09.02.2018

Баткен облусундагы Кадамжай райондук сотунун имаратынын ремонт иштери менен Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева Баткенге болгон иш сапары учурунда таанышты.

Оңдоп-түзөөгө жалпысынан  үч миллион сом  бөлүнгөн Кадамжай райондук сотунда заман талабына ылайык ремонт иштери жүргүзүлүп, имараттын ичиндеги бардык кааналар бүткөрүлгөн.

Толугураак

Кадамжай ройондук сотунун төрагасы Жаныбек Момбаевдин айтымында,  буга чейин архивдик кабинет жок болуп кыйынчылык жаратып келген. Азыркы учурда бардык талапка жооп берген каана менен камсыз болгонун кошумчалап, атайын электрондук ачкыч менен  кире турган эшиктер орнотулган. Имараттын тосмолору бүткөрүлүп  азыркы учурда сырты эле калганын айтты. Жылытуу системасы да аяктап, имараттын ичи толук түрдө бүткөрүлгөндүгү белгиленди.

Өткөн жылы Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева Кадамжай райондук сотунун имараты менен таанышкан учурда ремонт ишине муктаж экендигин белгилеген болчу.  

                       Баткен облустук сотунун басам сөз катчысы Аскар Баймуратов

Азырынча комментарийлер жок

Комментарий жазуу

  • Web page addresses and e-mail addresses turn into links automatically.
  • Lines and paragraphs break automatically.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00