warning: call_user_func_array() expects parameter 1 to be a valid callback, function 'theme_filter_tips_more_info' not found or invalid function name in /var/www/jogorku/includes/theme.inc on line 669.

Кичи футбол боюнча Жогорку Соттун төрагасынын өтмө кубогу жыйынтыкталды

29.09.2017

Бүгүн, кичи футбол  боюнча Жогорку  Соттун төрагасынын  өтмө  кубогу жыйынтыкталды.  Иш-чара   КРнын  Президенти тарабынан  жарыяланган Ыйман,адеп жана маданият жылынын алкагында өткөрүлдү.  Жалпысынын  12 курама  команда төрт  тайпага  бөлүнүп  беттешишти. Финалга Чүй жана  Жалал-Абад командалары  чыгып, жыйынтыгында  Чүй областтык  курама  команадсы жеңишти  багындырды.

Толугураак

 

 

 

Натыйжада  биринчи  орунга Чүй, экинчи  орунга  Жалал-Абад ал  эми  үчүн  орунда Бишкек  шаарынын  курама  командасы чыгышты. Жеңүүчүлөргө  сыйлык  тапшыруу аземине  Кыргыз  Республикасынын Жогорку  Сотунун төрайымы  Айнаш  Токбаева  катышты. 

Төрайым ар  бир  катышуучуга  ыраазычылык  билдирүү  менен: “Канчалык  спортко  көңүл  бөлүп, сергек  жашоо  образын түзсөк  ошончолук  ишибизде  ийгиликтер  жаралат. Сиздер өтө жоопкерчиликтүү кызматты  аркалап  жатып, ар  бириңиздер  өзгөчө  машыгуу менен ушул жолугушууга келдиңиздер. Мен  ойлойм, ушундай  жакшы  жышаан  мындан  кийинда  уланып, салттуу  түрдө өткөрүлүп  турса жакшы  болот. Себеби, бул жааматты  ичинде  ынтымакты, өз  ара  түшүнүшүүнү бекемдейт”-деп  белгиледи. 

 

Азырынча комментарийлер жок

Комментарий жазуу

  • Web page addresses and e-mail addresses turn into links automatically.
  • Lines and paragraphs break automatically.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
Жогорку соттун электрондук почтасы - supcourt@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00