warning: call_user_func_array() expects parameter 1 to be a valid callback, function 'theme_filter_tips_more_info' not found or invalid function name in /var/www/jogorku/includes/theme.inc on line 669.

Кыргызстандын эмгек сиңирген юристи, Жогорку сотто 11 жыл төраганын орун басары болуп турган Жеңиш Досматов 72 жаш курагында дүйнө салды

1.08.2017

Жеңиш Досматович Досматов  1945-жылы 22-сентябрда  Нарын  облусунун Жумгал районуна  караштуу Чаек  айылында төрөлгөн. Эмгек жолун  1976-жылы Юстиция министрлигинин сот органдарынын  башкармалыгынын консультанты болуп  баштаган.  1977-1982-жылдары Фрунзе  шаарынын Октябрь  районунун судьясы. Андан  соң  Фрунзе шаардык  сотунун  мүчөсү. 1983-жылдын 1996-жылга  чейин Жогорку Соттун мүчөсү болуп, 1996-2007-жылга  чейин Кыргыз  Республикасынын Жогорку  Сотунун төрагасынын орун  басары кызматын  аркалаган. 

Толугураак

Жеңиш Досматов  «Кыргыз  Республикасына эмгек сиңирген юрист» деген наам берилген жана өкмөттүк бир канча сыйлыктар менен сыйланган.

Кыргыз Республикасынын жалпы сот тутумунун судьялары, аппарат кызматкерлери жана сот ардагерлери Жеңиш Досматовдун    дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көӊүл айтышат жана орду толгус жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөт. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!

Азырынча комментарийлер жок

Комментарий жазуу

  • Web page addresses and e-mail addresses turn into links automatically.
  • Lines and paragraphs break automatically.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
Жогорку соттун электрондук почтасы - supcourt@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00