warning: call_user_func_array() expects parameter 1 to be a valid callback, function 'theme_filter_tips_more_info' not found or invalid function name in /var/www/jogorku/includes/theme.inc on line 669.

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төрагалары балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыздоодо соттордун ыйгарым укуктары боюнча квалификациясын жогорулатышты

11.12.2017

2017-жылдын 7 - декабрында, Сот адилеттигинин жогорку мектебинде ювеналдык юстициянын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төрагалары үчүн семинар өттү. 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы - Гульбара Калиева жана Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун төрагасы - Аида Сейдакматова лекторлор катары чыгышты.

Толугураак

 

Семинардын максаты – турмуштук оор кырдаалга кабылган, жашы жете элек балдардын укуктарын коргоону камсыздоо принциптери, формалары, ыкмалары жана механизми боюнча билимин, ювеналдык укук мамилелерди жөнгө салуучу эл аралык жана улуттук ченемдик укуктук актылар менен иштөө көндүмдөрүн жогорулатуу болуп саналат.

Ювеналдык юстиция - бул мыйзам менен чатагы бар, ошондой эле бойго жеткенин, акыл-эстик, дене-бой жана психикалык өнүгүшүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен тартип бузууларды, сот адилеттигин ишке ашырууну, социалдык реабилитациялоону жана интеграциялоону алдын алуу маселелерин өзүнө камтыган жазык иштери боюнча балдарга карата иш-чаралардын тутуму.

Кыргыз Республикасынын Жогорку соту 2011-жылы Кыргыз Республикасындагы ЮНИСЕФтин колдоосунда "Укук борбору" коомдук фонду менен бирдикте жүргүзгөн изилдөөнүн маалыматтары боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган 1528 жашы жетпегендердин ичинен 565и (37%) сот тарабынан ар түрдүү жазага соттолушкан. Соттолгондордун ичинен жашы жетпегендердин көпчүлүк бөлүгү - 565тин 372си (65,7%) сыноо мөөнөтүн өтүү менен эркиндигинен шарттуу ажыратууга соттолгон. Соттолгондордун ичинен 28,5 пайызы эркиндигинен ажыратуу жазасын алышкан, 2,48 пайызы эркиндигин чектөө жазасын алышса, 3,2 пайызы айыпка жазаланган.

2012-жылдан тарта Кыргыз Республикасынын аймагында турган, ошондой эле турмуштук оор кырдаалда турган балдарды коргоону камсыз кылууну кошуп алганда, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкаркы жерлерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын - балдарынын укуктарын жана таламдарын коргоо чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу балдар жөнүндө Кыргыз Республикасынын  Кодекси иштеп жатат. Ювеналдык юстициянын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Ювеналдык юстиция боюнча ведомстволор аралык координациялык кеңеш  иштеп жатат

Иш чара 2014-2018-жылдарга Кыргыз Республикасында балдар үчүн юстицияны өнүктүрүү улуттук программаны ишке ашыруу боюнча иш чаралар планын жүзөгө ашыруу максатында, ошондой эле 2017-жылга Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окуу планына ылайык Кыргыз Республикасындагы ЮНИСЕФ өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен  өткөрүлдү. 

Ушундай эле семинар Ош шаарынын жергиликтүү сотторунун судьялары үчүн 2017-жылдын 15-декабрында өтөт.

 

Азырынча комментарийлер жок

Комментарий жазуу

  • Web page addresses and e-mail addresses turn into links automatically.
  • Lines and paragraphs break automatically.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00