warning: call_user_func_array() expects parameter 1 to be a valid callback, function 'theme_filter_tips_more_info' not found or invalid function name in /var/www/jogorku/includes/theme.inc on line 669.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби административдик мамлекеттик бош кызмат орунун ээлөөгө ачык сынак жарыялайт

11.12.2017

БАРДЫК АДМИНИСТРАТИВДИК МАМЛЕКЕТТИК БОШ КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА ЖАЛПЫ КЕСИПТИК ТАЛАПТАР:

1. Билими:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясын;

- “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конститутциялык палатасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конститутциялык                                                                      мыйзамдарын;

Толугураак

- Кыргыз Республикасынын  Эмгек кодексин;

- “Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын  Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын  Судьяларын тандоо боюнча кеңеши жөнүндө”, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Саясий, атайын мамлекеттик жана муниципалдык саясий кызмат орундарын ээлеп турган адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелери жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик тили жөнүндө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  мыйзамдары;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы  №17 жарлыгы менен бекитилген, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестри”;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын  ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө”;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы №517 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”; 

- мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-авгусундагы №43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын кодекси;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын 2017-жылдын 31-январындагы №16 буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби” мамлекеттик мекемесинин уставы;

- Кыргыз Республикасынын  Соттор кеңешинин чечими менен бекитилген Кыргыз Республикасынын судьялардын кызмат ордуна талапкерлерди окутуудан өткөрүү жөнүндө жобо.

2. Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик жана расмий тилдерди зарыл болгон деңгээлде  билүүсү керек.

3. Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктуларды билүү (Windows, Word, Excel, “Токтом” маалыматтык тутум, Интернет).

 

СУДЬЯЛАРДЫН ЖАНА СОТ ТУТУМУНУН  КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТУУ БӨЛҮМҮ

Бөлүм башчы  (Г-Б) - 1 б.

1. Кесиптик билим денгээли:

- жогорку юридикалык билим.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

- кызмат орундарындагы мамлекеттик  кызмат стажы 3 жылдан кем эмес  же адистиги боюнча 5 жылдан кем эмес.

3. Кесиптик компетенциялары:

Билими:

- кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же  расмий тилдерди билүүсү.

Ыктуулугу:

- иштин приоритеттүү багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

- түзүмдүк бөлүмдөрдүн проблемаларын чечүүгө ыкмаларды талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг, контроль жүргүзүү жана интеграциялоо.

- башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу;

- кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында ачып көрсөтүү жана чечүү;

- коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

- өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишин натыйжалуу пландоо;

- окуу пландарынын жана программалардын долбоорлорун түзүү;

- ведомстволор аралык өз ара араткеттенүү.

Көндүмдөр:

аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

- түзүмдүк бөлүмдөрдү башкаруу (карамагындагылардын ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди рационалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көрө билүүлөрүн өзүнүн карамагындагыларга сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);

- маалыматты талдоо, системалоо жана жалпылоо;

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

- чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;

- натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, ишкердик этикетинин ыкмаларын билүү, элдин алдында чыгып сүйлөөлөрдү, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүү жана мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышууларды жүргүзүү.

 

Башкы адис (С-Б) - 1 б.

1. Кесиптик билим деңгээли:

- жогорку юридикалык билим.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

- кенже кызмат орундарындагы мамлекеттик  кызмат стажы 1 жылдан кем эмес  же адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес.

3. Кесиптик компетенциялары:

Билими:

- кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же  расмий тилдерди билүүсү.

Ыктуулугу:

- окуу пландарынын жана программалардын долбоорлорун түзүү;

-  документтерди, маалыматтарды, сурамдарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

- тиешелүү чөйрөдө ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаларга талдоо жүргүзүү жана аларды  практикалык иште колдонуу;

- кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;

- кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

- ишкер сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү.

Көндүмдөр:

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аны практикада колдонуу;

- ишти пландоо жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү; 

- окуу иш-чараларды даярдоо;

- долбоордук документацияларды мамлекеттик жана  расмий тилдерде даярдоо.

 

Жетектөөчү адис  (М-А) - 1 б.

1. Кесиптик билим деңгээли:

- жогорку юридикалык билим.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

- стажына талап коюлбайт.

3. Кесиптик компетенциялары:

Билими:

- кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же  расмий тилдерди билүүсү.

Ыктуулугу:

- жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

-  документтерди, маалыматтарды, сурамдарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

- тиешелүү чөйрөдө ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаларга талдоо жүргүзүү жана аларды  практикалык иште колдонуу;

- кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;

- мамлекеттик жана/же расмий тилде ишкер сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

- командада иштөөсү.

Көндүмдөр:

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аны практикада колдонуу;

- ишти пландоо жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү; 

- окуу иш-чараларды даярдоо;

- долбоордук документацияларды мамлекеттик жана  расмий тилдерде даярдоо.

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СУДЬЯЛАРЫНЫН КЫЗМАТ

ОРУНДАРЫНА ТАЛАПКЕРЛЕРДИ ОКУТУУ БӨЛҮМҮ

Башкы адис (С-Б) - 1 б.

1. Кесиптик билим деңгээли:

- жогорку юридикалык билим.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

- кенже кызмат орундарындагы мамлекеттик  кызмат стажы 1 жылдан кем эмес  же адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес.

3. Кесиптик компетенциялары:

Билими:

- кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же  расмий тилдерди билүүсү.

Ыктуулугу:

- талапкерлер үчүн окуу программаларын иштеп чыгуу;

- окуу пландарын  иштеп чыгууда сунуштарды талдоо, мониторинг жүргүзүү;

- судьялар кызмат орундарына талапкерлерден түшкөн документтерди кабыл алуу, карап чыгуу жана каттоодон өткөрүү;

- судьялар кызмат орундарына талапкерлер үчүн окууну уюштуруу жана жүргүзүү;

- талапкерлерди окутуу боюнча отчетторду жалпылоо, талдоо, түзүү;

- аналитикалык документтерди даярдоо;

- тиешелүү чөйрөдө ата мекендик жана чет элдик тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана  аны практикалык иште колдонуу;

- кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

- ишкер сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү.

Көндүмдөр:

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аны практикада колдонуу;

- ишти пландоо жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү; 

- окуу иш-чараларды даярдоо;

- долбоордук документацияларды мамлекеттик жана  расмий тилдерде даярдоо.

 

 

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат: 

-          жеке арыз (вакансияны так көрсөтүү менен);

-            паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келген  маалда көрсөтүлөт);

-          кадрларды каттоо боюнча  өздүк баракча;

-          3X4 өлчөмүндөгү сүрөт – 1 д. 

-          өмүр баяны, резюме;

-            эмгек китепчесинин көчүрмөсү, жогорку билимин тастыктаган дипломдун көчүрмөсү, билими жөнүндө квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги (нотариустан же иштеген жериндеги кызматчыларды  башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлүшү керек);  

-          сунуш каттар (абзел);

-            КР ИИМ МАБнан соттолбогондугу жөнүндө маалым кат (берилген күнүнөн 6 ай мөөнөтүнөн ашпаган).

Өздүк ишке (дело) тиркелген документтерди кабыл алуу 2017-жылдын 8-декабрынан 22-декабрына чейин Бишкек ш., Москва көчөсү, 201 дареги боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде 9.00дөн 17.00 чейин  кабыл алынат.

Белгиленген талаптарга  жооп бербеген  жарандардын документтерди конкурска катышууга жол берилбейт.

Кошумча маалыматтар үчүн байланыш телефону: 45-47-36.

 

Азырынча комментарийлер жок

Комментарий жазуу

  • Web page addresses and e-mail addresses turn into links automatically.
  • Lines and paragraphs break automatically.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00