Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби аялдарга жана кыздарга карата кылмыштар боюнча тренерлер үчүн тренинг өткөрүүдө | Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту
warning: call_user_func_array() expects parameter 1 to be a valid callback, function 'theme_filter_tips_more_info' not found or invalid function name in /var/www/jogorku/includes/theme.inc on line 669.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби аялдарга жана кыздарга карата кылмыштар боюнча тренерлер үчүн тренинг өткөрүүдө

15.09.2017

Кечээ, 2017-жылдын 14-сентябрында, “Кыргызстандагы гендердик зомбулуктун алдын алуу” БУУӨП долбоору каржылаган “Аял-судьяларынын кыргыз ассоциациясы” коомдук бирикмеси менен биргеликте  Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби уюштурган, аялдарга жана кыздарга карата кылмыштар боюнча тренерлер үчүн эки күндүк тренинг (ТОТ) өз ишин баштады. 

Толугураак

Тренингдин иш жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун соттору жана жергиликтүү соттор катышууда. Иштин жыйынтыгы боюнча, угуучуларга сертификаттар берилет. 

Мындан ары, бул тренингдин катышуучулары ушул тема боюнча жергиликтүү соттордун судьялары жана сот аппараттарынын кызматкерлери үчүн лекторлор болушат. 

Саламдашуу сөздөрү менен Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору - Раушанай Тургунбаева жана “Аял-судьяларынын кыргыз  ассоциациясы” коомдук бирикмесинин аткаруучу директору Зульфия Турумбекова чыгып сүйлөштү. 

Лекторлор катары Гульсана Борончиева - эксперт – тренер, Гульнара Дуйшенбекова - эксперт – тренер, Лариса Илебезова - эксперт социолог - тренер, Толкун Тюлекова – гендер боюнча эксперт - тренерлер чыгышат.

Бул иш-чара Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылында “Кара-Булак” конок үйүнүн конференц-залында өтүүдө.

Пекин декларациясы жана Аялдардын абалы боюнча БУУнун IV Дүйнөлүк  конференциясында кабыл алынган Пекин  иш аракеттер платформасынын (1995-жыл) негизинде  гендердик басмырлоо жана  өз жарандарынын жеке жана коомдук жашоосунда зомбулукка жол бербөө боюнча бардык зарыл болгон чараларды кабыл алуу милдеттенмелерди өзүнө алып, Кыргыз Республикасы эл аралык документтерди ратификациялагандыгын белгилеп кетүү зарыл.

 Тренинг  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2012-жылдын 27-июнундагы №443 токтому менен бекитилген, “2020-жылга чейин гендердик теңчиликке жетишүү боюнча Кыргызской Республики  улуттук стратегиясын”, ошондой эле Сот адилеттигинин жогорку мектебинин 2017-жылга окуу планын аткаруу үчүн  жүргүзүлүүдө. 

Азырынча комментарийлер жок

Комментарий жазуу

  • Web page addresses and e-mail addresses turn into links automatically.
  • Lines and paragraphs break automatically.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00