warning: call_user_func_array() expects parameter 1 to be a valid callback, function 'theme_filter_tips_more_info' not found or invalid function name in /var/www/jogorku/includes/theme.inc on line 669.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби Жазык мыйзамдарынын новеллалары боюнча Кыргыз Республикасынын сотторунун аппараттарынын кызматкерлери үчүн тренинг өткөрүүдө

27.09.2017

Бүгүн, 2017-жылдын 27-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби “Ачык укук институтунун” мекемеси, ошондой эле ПРООН менен биргеликте 2019-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирүүчү Жазык кодекси, Жазык-процесстик кодекси, Жазык-аткаруу кодекси, Жоруктар жөнүндө кодекси, Бузуулар жөнүндө кодексинин новеллалары боюнча Кыргыз Республикасынын сотторунун аппараттарынын кызматкерлери үчүн  тренинг өткөрүүдө. 

Толугураак

Лекторлор катары мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү юридикалык илимдердин доктору, профессор, Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин профессору - Сыдыкова Лейла, юридикалык илимдердин доктору, Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин профессору Сулайманова Назгуль жана “Ачык укук институтунун” мекемесинин эксперти - Сатаров Улан чыгышты.

Тренингдин катышуучуларына саламдашуу сөздөрү менен Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору - Раушанай Тургунбаева, ПРООНдун укуктук эскперти - Данияр Шаилдаев жана “Ачык укук институту” мекемесинин директору Айжан Кадырова чыгып сүйлөштү.  

Тренингде Кыргыз Республикасынын сотторунун аппараттарынын кызматкерлери жана сот аткаруучулар катышышты.

Иш-чара Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окуу залында, 2017-жылга Сот адилеттигинин жогорку мектебинин Окуу планын аткаруунун алкагында өткөрүлдү.

 

 

 

 

Азырынча комментарийлер жок

Комментарий жазуу

  • Web page addresses and e-mail addresses turn into links automatically.
  • Lines and paragraphs break automatically.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
Жогорку соттун электрондук почтасы - supcourt@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00